БАРДЫК НЕРСЕНИН УБАГЫ БАР. МӨМӨ-ЖЕМИШ ДЕСЕРТТЕРИН ЖАСАҢЫЗ
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "ар бир адам күнүнө 400 граммдан кем эмес жер-жемиштерди, мөмөлөрдү жеши керек. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларын, рак, кан басымдын көтөрүлүшүн, көздүн көрүүсүнүн начарлашын жана башка көптөгөн оорулардын алдын алат" дейт. Андыктан жаңы бышкан мөмө-жемиштерден түрдүү даамдарды жасап жеп, организмиңизди чыңдаңыз.
КАЙМАК ЖАНА МӨМӨ-ЖЕМИШ ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
-
400 миллилитр ысык сууга желатинди салып эзип, муздаганча коё турабыз.
-
Мөмөлөрдү жууп-тазалап, өзүбүз каалаган (төрт чарчы, узун) формада кесип, креманкаларга салабыз.
-
Каймакка кумшекер менен ванилинди салып миксер же блендер менен аралаштырабыз.
-
Эми каймакка эзилген желатинди кошуп, 5 мүнөттөй аралаштырабыз. Крем даяр!
- Кремди мөмөлөрдүн үстүнө куюп, муздаткычка 20-30 мүнөткө салып коёбуз. Десерт даяр! Десерттин үстүн мөмө-жемиштер, жалбыз жалбырагы, шоколад күкүмү, майдаланган жаңгак же кунжут менен кооздоп, дасторконго берсек болот.
СЕРГИТҮҮЧҮ АКВА ФРЕСКА
Керектелүүчү азыктар:
-
Дарбыз – 500-700 грамм
-
Бал – 6 аш кашык
-
Лимон же лайм – 2 даана
- Жалбыз жалбырагы – 5-7 даана
Даярдоо ыкмасы:
-
Дарбыздын данегин тазалап салабыз да, маңызын блендер менен эзип алабыз.
-
Дарбыз ширесине 1-2 стакан суу, бал, 1 лимондун ширесин, жалбыз жалбырагын кошуп аралаштырабыз.
- Даяр болгон суусундукту кувшинге куюп, муздаткычка салып коёбуз. Дасторконго коёрдо бокалга лимон кесимин, муз салып, үстүнө суусундуктан куюп беребиз.
ШАБДАЛЫ ШЕРБЕТИ
Шербет жасоо үчүн шабдалы, өрүк, кулпунай, малина, дарбыз сыяктуу мөмө-жемиштер жарайт.
Керектелүүчү азыктар:
-
Шабдалы – 6 даана
-
Кумшекер – 100 грамм
-
Сүт – 100 миллилитр
- Лимон ширеси – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
-
Шабдалыны жууп, данегинен ажыратып, блендерге салып майдалайбыз.
-
Буга кумшекерди, сүттү, лимон ширесин салып жакшылап аралаштырабыз.
- Аралашманы муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө 2 саатка салып коёбуз. 30 мүнөт сайын кашык менен аралаштырып туруу керек.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.