КЫРГЫЗСТАН БАРАК ЭКСКЛАВЫН ӨЗБЕКСТАНГА БЕРЕБИ? ЭМНЕ БОЛГОН ЭКСКЛАВ?

Барак эксклавы Өзбекстандын аймагына кирип калган Кыргызга караштуу чакан айыл. Аянты 230 гектар. Азыркы тапта айылда 20дан ашык үй-бүлө жашайт, 2014-жылы 158 түтүн жашачу. Айыл Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагына караштуу, бирок төрт тарабын Өзбекстандын айылдары курчап турат. Эксклав Кыргыз чек ара аймагына 1,5 чакырым аралыкта жайгашкан. Андагы жашоочулардын Кыргызстандын аймагына кирип-чыгышы азап. 2013-жылы чек ара жаңжалдарынан кийин Барактын жолу бир тараптуу жабылып, азыркыга чейин ачыла элек. Айыл эли 1,5 чакырым турган Кыргызстанга 300 чакырым жол жүрүп Кызыл-Кыя аркылуу каттап жатышат.

ОРУСИЯЛЫК ЖМК АРКЫЛУУ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстандын ошол сыяктуу аймагына башма-баш алмаштырары тууралуу биринчи болуп чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты. “Интерфакс” маалымат агенттигинин Азербайжандагы бөлүмү Өзбекстан менен жер алмашуу пландалып жатканын Кыргыз-Өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөсү, Ош облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Байыш Юсуповго шилтеме берүү менен жазып чыкты. Көп өтпөй Юсупов маалыматты жергиликтүү ЖМКларга тастыктады.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРА ТАЛАШТАРЫ КАНДАЙ ЧЕЧИЛИП ЖАТКАНЫНАН ЭЛ КАБАРСЫЗ

Коомчулук Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо иштери жүрүп жатканынан кабардар болгону менен, такталбаган, талаштуу чек ара тилкелери кантип, кимдин пайдасына чечилип жатканын ачык билбейт. Өкмөт бул иштер боюнча элге ачык, так маалымат бербей келе жатат. Жакында өкмөт Кыргыз-Өзбек чек арасынын талаштуу 2 тилкеси боюнча тил табышуу болгонун жарыялап, бирок ал кайсы тилкелер экенин, кантип тил табышуу болгонун ачыктаган жок. Өкмөттүн өкүлдөрү Баракты башка жерге алмашуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын ырасташты. Маалыматка таянсак, Өзбекстан Барактын ордуна Анжиян облусуна караштуу Бирлешкен айылынан жер бергени жатат. Бул айыл Кара-Суу районунун Ак-Таш, Кашкар-Кыштак айылдары менен чектешет.

САЯСАТЧЫЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Чек ара маселесин жерлерди алмаштыруу жолу менен чечүү туурабы? Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов Баракты Өзбекстандын башка жерине алмаштыруу маселеси өкмөттө 2013-жылы эле талкууланганын, ошондон бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтат. Мамытов жерлерди алмаштыруу практикасы көп өлкөлөрдө колдонулуп келгенин билдирди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров жерлерди алмаштырууну колдой турганын айтат, бирок жер алмаштырууда Кыргыздын стратегиялык жайлары коңшу өлкөгө өтүп кетпеши керек дейт. Ал эми мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков алмаша турган жерлердин категориясы бири-бирине дал келсе, алмаштыруу туура кадам деген пикирде.

2013-жылы Баракка барчу жолдогу чек ара посту жабылган соң айыл эли катуу кыйналып, массалык түрдө көчүп кете башташкан. Өкмөт өкүлдөрү эксклавды башка жерге алмашуу маселеси 1,5-2 жылда чечилиши мүмкүн деп жатышат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан