ТҮРК ЛИРАСЫ МЕНЕН РУБЛДУН КУНУ АКШ ДОЛЛАРЫНА КАРАТА КЕСКИН ТҮШҮП БАРАТАТ

Акыркы жумада Орусия менен Түркиянын улуттук валюталарынын куну АКШ долларына карата бир топко түшүп кетти. Рублдун кунунун түшүшүнө АКШнын Орусияга киргизе турган жаңы санкциялары, түрк лирасынын түшүшүнө АКШ менен Түркиянын ортосундагы мамиле акыркы күндөрү курчуп кеткени негизги себеп деп саналууда.

АКШ өткөн аптада Түркиядан ташылган болот менен алюминийге болгон бажы төлөмүн 2 эсеге жогорулата турганын билдирген. Мындан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган: “Аларда доллар болсо, бизде элибиз менен чындык бар. Жаздыгыңардын алдына басып жаткан доллар, евро жана алтындарды чыгаргыла. Банкка алып барып Түрк лирасына алмаштыргыла”,- деп билдирүү жасады.

Орусия менен Түркиядагы абалдын кесепети казак теңгеси менен кыргыз сомуна да тийип, бир жума мурда 67 сом 20 тыйын турган 1 доллар бүгүнкү күндө 69 сом 60 тыйындан сатылууда. Мындайча айтканда, доллар бир сомдон ашыгыраакка кымбаттады. Улуттук банк муну убактылуу көрүнүш катары баалоодо.

Чет өлкөдө 1 миллиондой мекендешибиз иштеп жүрөт. Түркияда иштеп жүргөн мекендештерибиз да аз эмес. Бул өлкөлөрдөгү валютанын чабалдашынын кесепети мекендештерибизге да тиери бышык. Бул мигранттар өлкөгө жиберген акчанын азайышына алып келет. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2017-жылы мигранттар өлкөгө 2 миллиард 485 миллион АКШ долларын которушса, 2018-жылдын биринчи чейрегинде 495 миллион АКШ доллары которулган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан