БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨ КУРМАН АЙТКА КАРАТА 4 КҮН ЭС АЛАТ...
Бишкектин жаңы мэри АЗИЗ СУРАКМАТОВ расмий түрдө кызматына киришти. Аны жамаатка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.
Өлкөдө 21-август КУРМАН АЙТ күнү деп жарыяланды. 20-августтагы иш күнү 22-сентябрдагы эс алуу күнүнө которулганына байланыштуу жарандар 18-августтан 22-августка чейин 4 күн катарынан эс алышат.
1-сентябрда өлкөдө мектеп окуучулары коомдук унааларда БЕКЕР ЖҮРӨ АЛЫШАТ. Бул акция тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди.
Парламент спикери Дастан Жумабековдун айтымында, ушул тапта республикада 800 миңдей жаран БИОМЕТРИКАЛЫК КАТТООДОН өтө элек.
Жогорку Сот Бишкектин мурдагы мэри АЛБЕК ИБРАИМОВду быйыл 29-августка чейин камакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
Алмаз Бакетаев Бишкектин биринчи ВИЦЕ-МЭРИ, Рыспек Сарпашев вице-мэр болуп дайындалды.
Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ 23-24-августта Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен барып, анда Арал деңизин сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышат.
2010-жылдан 2017-жылга чейин өлкөдө энергетика тармагына байланыштуу 307 КЫЛМЫШ ИШИ ачылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
“Ишкерликке толук шарт түзүлөт деп убада берилгени менен, бизнести негизсиз текшерүүлөр уланып жатат”,- дейт парламенттеги КСДП фракциясынын лидери ИСА ӨМҮРКУЛОВ.
Мамлекеттик гербдин авторлорунун бири АСЕЙИН АБДРАЕВ 71 жашында дүйнө салды.
Белгилүү экономист ЖУМАКАДЫР АКЕНЕЕВ 64 жаш курагында көз жумду.
Ички иштер министрлигинин борбордук аппараты 600дөн АШУУН кызматкерге кыскарганын ИИМден билдиришти.
Түркиянын президенти РЕЖЕП ТАЙИП ЭРДОГАН III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турганын президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.