Жакынкы келечекте күйүүчү май менен жүрүүчү кадимки унааларды колдонуудан электромобилдер сүрүп чыгары анык. Биздин өлкөдө бул унаалар боюнча түшүнүгүбүз аз болгону менен, АКШ, Кытай жана Европа өлкөлөрүндө электромобилдер кадыресе унаага айланууда.
ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Электромобиль – бул ичинен күймө кыймылдаткыч менен эмес, аккумулятордун жардамы менен жүрүүчү унаа. Аккумулятор электрокардын астына жайгаштырылат да, аны кадимки розетка менен же атайын станциялардан кубаттандырууга болот. Адаттагы кыймыл берүүчү коробка мында болбойт. Айдоочу жөн гана газдын педалын тээп ылдамдата жана тормозду басып токтото алат.ДҮЙНӨ ЭЛЕКТРОМОБИЛДЕРГЕ ӨТҮҮДӨ
Дүйнөдө мунайдын кымбатташынан, анын ресурсу чектелүү экендигинен жана экологияга зыяны жоктугунан улам көптөгөн өлкөлөр электромобилдерге өтүүдө. Мисалы, Германия электромобилдерди өндүрүү жана пайдалануу боюнча атайын программа иштеп чыккан, ага ылайык, 2030-жылга карата өлкөдө 6 миллион электромобиль колдонулуп калат. Ошондой эле электромобиль сатып алам деген жарандарга 4 миң евро арзандатуу каралган. Ал эми Индия 2020-жылга карата электромобилдин санын 6-7 миллионго жеткирүүнү пландоодо.
Электромобилдердин сатылышы боюнча Норвегия лидерликти бербей келе жатат.
5 миллиондон ашыгыраак калкы бар бул өлкөдө учурда 75 миңден ашуун “жашыл” унаа катталган. Ал өлкөдө электромобиль ээлерине карата көптөгөн жеңилдиктер каралган. Мисалга, бажы төлөмү жок, акы төлөнүүчү жолдорго акы алынбайт, паром колдонуу жана унаа токтотуучу жайлар бекер.
Кыргызстан да электромобиль маселесине көңүл буруп жаткан чагы. Ушул жылдын 10-июлундагы өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкө аймагына сырттан ташылып келген электромобилдерге көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй бажы алымдары алынбай турган болду.ТАРЫХЫ
Кызыгы, алгачкы электромобилдер бензин менен жүрүүчү унаалардан мурун пайда болгон. Эң алгачкы электр кыймылдаткычтуу өзү жүрүүчү унаа 1841-жылы жасалган. Ал арабага окшош болгон. Ал эми 1899-жылы Ипполит Романов аттуу орус инженери 17 жүргүнчү бата турган электр омнибусун жасап чыккан. Ушул эле жылы бельгиялык Камиль Женатци өзүнүн La Jamais Contente аталган электромобили менен саатына 100 чакырым ылдамдыкты багындырган. Ал кезде унааны кубаттандыруу системи өтө татаал болуп, ага атайын электр кыймылдаткыч керектелген.
Андан кийин ар кайсы жылдары электр кыймылдаткычтуу унаалар чыгарылып келгени менен, кеңири жайылган эмес.
Заманбап электромобилдер тууралуу сөз болгондо Tesla Motors компаниясынын жетекчиси Илон Масктын ысымы өзүнөн өзү калкып чыгат. Ал акыркы бир нече жыл ичинде электрокарларды элге жеткиликтүү кыла алды.
КЕМЧИЛИКТЕРИ
Электромобилдердин оң жактары көп болгон менен, жетишпестиктери да бар. Унаа шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу болсо да, алыскы жолго, мисалы, Бишкектен Ошко жол тартууга азырынча мүмкүн эмес. Себеби электромобилдердин көпчүлүгү бир кубаттандырылган аккумулятор менен орточо 130-150 чакырымды багынта алат. Аккумулятор кубаттандыруучу станцияларды көп куруп бул көйгөйдү чечүүгө болот деңизчи, бирок толук кубаттандыруу үчүн жок эле дегенде 1 саат, адатта 5-8 саат керектелет. 220-240 вольттуу кубаттандыргыч менен Nissan Leaf 8 саат, Tesla 3 жарым саатта кубаттандырылат.
Өндүрүүчүлөр унааны түнкүсүн кубаттандырып коюуну сунушташат. Шаар тургундары көбүнчө батирде жашаганын эске алсак, электр зымын сыртка тартып чыгуу мүмкүн эмес. Ошондой эле кадимки розеткадан жай кубатталат. Толук кубаттандыруу үчүн 3 фазалуу розетка жана аны гаражга же унаа токтотуучу жайга орнотуу керектелет.
ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ ТУУРАЛУУ
Нурбек Абдыкадыров
kenesh@super.kg