Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БУРУЛАЙДЫН ИШИ СОТКО ӨТТҮ. МАРКУМДУН АТАСЫ: “ЭКСПЕРТТЕР КЫЗЫМДЫН ДЕНЕСИНДЕГИ ЖАЗУУНУ КӨРБӨЙ ЖАТЫШАТ”

№824 август, 17 - 23-август, 2018-ж


11-августта Бурулай 20 жашка чыкмак. Ата-энеси кызын туулган күнү менен куттуктап белек бере албай, көзүнө жаш алып анын мүрзөсүнө эстелик орнотушту. Ала качуунун курмандыгы болуп, милиция бөлүмүндө аёосуз өлтүрүлгөн Бурулайдын иши боюнча тергөө аяктап, сотко өттү.

ЭСКЕ САЛСАК...

Ушул жылдын 27-майында 20 жаштагы Бурулай Турдали кызын Марсбек Бөдөшев аттуу жаран ала качып кеткен. Кызды салып бараткан унаа Сосновка айылындагы посттон кармалып, унаанын ичиндеги Марсбек Бөдөшев, Акмат С. жана Бурулай Турдали кызы Жайыл РИИБине жеткирилген. Дал ошол Жайыл РИИБинен Бурулайга 3 жолу, Марсбекке 4 жолу бычак сайылып, алар «Тез жардам» унаасы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракаттарынан улам каза болуп, жигит болсо Бурулайдын өлүмүнө шектелип камакка алынган. Учурда ал ооруканадан чыгарылып, абакка которулган.

“ЭКСПЕРТТЕРДИН ИШИНЕ НААРАЗЫМЫН”

Турдали Кожоналиев кызынын денесинин сүрөтүн элге жарыялагысы келген эмес. Бирок соттук-медициналык экспертиза кызынын денесине бычак менен тилинип жазуу жазылганын тастыктабай жаткандыгына нааразычылык билдирип, кызынын денесинин сүрөтүн коомчулукка жарыялоого аргасыз болду.

– Сүрөттү карасаңар эле баары көрүнүп турат. Кызымдын денесинде “Н” жана “+” деген жазуулар көрүнүп турат. Кызыма сөйкө салып кеткен жигиттин аты Нурлан болгондуктан, “Н” тамгасын жазган окшойт. Баарына эле көрүнүп турган жазууларды милиция менен эксперттер кантип көрбөй жатышат, түшүнбөйм. Негизи эле эксперттердин ишине нааразымын. Адам өлүп жаткандан кийин абийири менен кызмат кылышса болмок. Алгачкы экспертизанын жыйынтыгында жадакалса күндөр туура эмес жазылган болчу. Кызым 27-майда каза болсо, экспертизанын жыйынтыгында датасы 19-25-май деп жазылып турат. Анан милиция бөлүмүндө каза болгонун жазышыптыр. Кызым түнкү саат 12:50дө ооруканага түшүп, ал жактан 1:20ларда каза болгон.

Жыйынтыгына нааразы болуп экинчи ирет экспертиза дайындатсак, кайра эле ошондой жыйынтык чыкты. Эксперттер даталарын оңдоп, ооруканага баргандагы убактысына дал келтирип, "ооруканада каза тапкан" деп корутунду чыгарып беришти. Бирок "денесинде жазуу жок" дешти. Кызымдын денесинин сүрөтүн чыгарбай эле коёюн дегем. Айла жок сүрөттү таратууга туура келди. Мен айткан жазууларды эксперттер дефибриллятор аппаратынын издери деп жатышат. Аппараттын астында тамга түшүрө турган бир нерсеси бар бекен?

“ДАЛ ОШОЛ КҮНДӨГҮ ВИДЕОЖАЗУУЛАР ӨЧҮП КАЛЫПТЫР”

– Башында тергөөчү видеобайкоо бар экенин айтып, “баары бар, акырында сизге көргөзөм” деген. Кийин дал ошол күндөгү жаздыруу өчүп кеткенин айтышты. Эмнеге дал ошол күндүкү өчүп кетет? Мага “камера видеожазууларды 2 күн гана сактайт” дешти. Милиция бир нерсени жашырып жаткандай. Ал бөлмөнүн ичинде эмне болгонун билбейбиз. Биз ал күнү Жайыл РИИБине кызыбызды көрүү үчүн кире албай, 3 сааттан ашык сыртта турганбыз. “Кызыңыз арыз жазып жатат” деп бизди сыртта күттүрүп коюшкан. Ошондо кызымды ала качкан унааны кайра-кайра бир кыз келип сүрөткө тартып жатканын көргөм. Ошондо эксперттерди алып келген окшойт. Азыр ойлосом, баарын тазалап бүткөндөн кийин гана мага угузушкан окшойт. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору менен сүйлөштүм. Ал “кабинетте эксперттерге “таза иштегиле” деп айтам. Бирок кабинеттен чыкканда аларга жооп бере албайм” деди. Директорлор ошентип айтып жатышса, анан кантип акыйкаттыктын бар экенине ишенебиз?

Кызымдын өлүмүн президент, премьер-министр, башкы прокурор, ички иштер министри, баары билип, көзөмөлдөп жатышат. Мындай учурда иш акыйкат иликтенеринен күмөн санаган эмеспиз. Бирок жогорудагыдай жагдайлардан улам акыйкат иликтенерине ишенбей калдым. Өлкөнүн башындагы адамдар көзөмөлгө алган иштер ушул деңгээлде жүрсө, анда башка иштер кандай иликтенет? Президентке да кат жазгам. Президент премьер-министрге, ал ички иштер министрине тапшырма берди. Ал ММКларга “Кожоналиевди кабыл алдык” деп маалымат берип жатат. Мен ички иштер министрин көрө элекмин. Жактоочум экөөбүз акыркы үмүт менен президентке дагы бир кат жазалы деп жатабыз. Айлам кетти.

Тергөөгө таасир берип туура эмес жыйынтык чыгарган эксперттер мыйзам алдында жооп бериши керек, камакка алынышы керек. Аймончоктой кызымды өлтүрүүгө шарт түзүп берген милиция кызматкерлери күнөөлүү. Аларга “шалаакылык” беренеси менен иш козголду. Бул туура эмес. Алар кылмышка шериктеш болгондугу үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Кызым менен шектүүнү бирге калтырып, төшүнө тилип тамга жазгыча эмне кылып отурушту? Каякты карап отурушту? 23 милиция кызматкерин жумуштан айдадык деп мактанып жатышат. Аларды кайра 6 айдан кийин эле кызмат ордуна кайтарып келет да?..

“ДЕНЕСИНДЕГИ ИЗДЕР ДЕФИБРИЛЛЯТОР АППАРАТЫНАН КАЛГАН”

Кызынан айрылып, акыйкаттык издеген атанын нааразычылыгына Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча экспертизалык комиссиясынын башчысы, республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун директорунун эксперттик иштер боюнча орун басары Эрнис Акунов Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы аркылуу жооп берди:

– Бул иш боюнча экинчи экспертиза 11-июль-3-август аралыгында жүрдү. Комиссиянын курамында менден башка Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын соттук-медицина кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Мукамбет Мукашев жана жогорку категориядагы врач-реаниматолог, дефибрилляторлор менен иштөөдө тажрыйбасы бар №3 Улуттук оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Т.Текебаев да катышкан.

Маркумдун туугандарынын кыздын денесинде чийилген жазуулар бар экендигин айтып, экспертизанын жыйынтыгына нааразычылык билдиргенин эске алып, биз тергөө органдарына эксгумация кылууну сунуштап кат жөнөткөнбүз. Бирок бул сунушка Бурулайдын ата-энеси каршы чыгышты. Кайрадан экспертиза жасоо бардык суроолорго жооп таап бермек. Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн врачтары да өз көрсөтмөлөрүндө кыздын денесинен жазууларды байкабагандыктарын айтышкан. Жазуу бар экендигин кыздын денесин 2 ирет: жандандыруу бөлүмүндө жана өлүк сактоочу жайда иликтеген эксперт Бакыт Касымбаев да четке кагууда. Сүрөттөр колубузда. Ал дефибриллятордун электроддорун койгондон калган издер.

"Кызымдын денесинде жазуу бар экенин тастыкташ үчүн сүрөтүн таратууга аргасыз болдум".
Шектүү Марсбек Бөдөшев.



БУРУЛАЙДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖИГИТТИН АПАСЫ: “БУРУЛАЙ МЕНЕН УУЛУМ 3 ЖЫЛ СҮЙЛӨШҮП ЖҮРҮШКӨН”

Бул арада Бурулайды бычактады деп шектелип кармалып, учурда СИЗОдо жаткан Марсбек Бөдөшевдин апасы Гүлийпа Бөдөшева редакциябызга байланышып, анын оюн уктук:

"БУРУЛАЙДЫН КОЛУН СУРАП БИР НЕЧЕ ИРЕТ БАРГАНБЫЗ"

– 2018-жылдын 15-апрель күнү Марсымдын 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы Бурулайга сөйкө салуу тууралуу анын ата-энеси менен жолугуп сүйлөшөлү дегенбиз. Бурулай уулума “Эжеме айтам. Ал ата-энеме айтат. Анан жолугабыз” дептир. Бирок кайра телефон чалып, “ата-энем күзүндө сүйлөшөбүз дешти” деп койду. Бурулайды биз Боби деп койчубуз. Бобинин апасы менен өзүбүзчө сүйлөшөлү деген сунушумду да четке кагышты. Ошентип мен айылга кетип калдым.

Кийин жумуштарым менен 3-майда Бишкекке келгем. 4-майда Марс чалып, “Бурулайды үйүндөгүлөр башкага бергени жатышыптыр. Ошондуктан аны алып Таласка баратам” деди. Ошондо Боби менен сүйлөшкөм. Маанайы жакшы болчу. Халат алайын деп кийиминин өлчөмүн жана кандай түстөгү халат аларымды сурадым. Ал “кызыл өң эле жакшы го” деп күлүп жооп берди. Менин жанымдагы балдарым “жыргап баратышат го” деп күлүп калышты. Туугандарымды чогултуп, ачуу басарга жөнөттүк. Атасы Турдали башында жакшы тосуп алыптыр. Анан Жолдошбек деген уулум Боби менен сүйлөштүрөйүн деп телефон чалып берсе, эжеси телефонду алып кызды урушуп салыптыр. Бурулайды бере турган жигитти ошол эжеси таап жаткан окшойт. Ошондон кийин атасы “Улуу кызымды ала качып кетишкенде калтырып койгом, ал азыр да өкүнөт. Кызымды артка кайтаргыла. Колумдан узатышым керек. Эки айдан кийин келгиле” деди. “Жолго чыкканда артка кайтпайт” деген ишенимге таяп, “Турмуш жолуна аттанган жаштарды кайрыбай эле койгулачы” деп жалдырадым. Атасы болбой койду. Балдар кайрылып түнкү саат бирлерде келип калышты. Бурулайдын атасы “кызым менен сүйлөшүп, эртең менен саат 9дарда жообун берем” деди.

Ал жооп бергенче эле эртең менен алчубузду алып, туугандар менен үйүнө барып алдык. Бобинин апасы “Кызыбызды бербейбиз. Аны кечээ кыйнап эле алып кетишиптир. Нес абалында жатат” деди. Мени менен жакшы маанайда сүйлөшкөн эле да. Анан "кызды көрмөйүнчө кетпейм" деп туруп алдым. Көрсөтүштү. Өңү бопбоз болуп эриндери дирилдеп калыптыр. “Мен Марс акеге турмушка чыга албайм” деди. Өзү назик кыз болчу. Атасы да “кызды зордоп алып кетиптирсиңер, токтоткула” дептир. Бирок ошол эле күнү Боби Марска чалып, “чыгам, мени алып кеткиле” дептир. "Анда “өз көңүлүм менен кеттим” деп тил кат жазып чыксын" дедим. Бирок чыккан жок.

Менин жолдошум менен Турдали маршруттук такси айдап чогуу иштешкен. Ошондуктан уулум атасын Таластан чакырды. Үчөөбүз кайра үйүнө бардык. Атасы бизди жактырбай, чыгып кетүүбүздү суранды. Биз "кыз менен сүйлөшөлү" дедик. Ага чейин Марс шакек алып берген окшойт. Боби колундагы шакегин чыгарып балама сунуп, “сизге турмушка чыга албайм” деди.

Аны кыйнап жатышканы көрүнүп турду. Шакекти алган жокпуз. Кетип калдык. Ошондо балам ата-энесине карап, “мен баары бир алып кетем” деген. Андан кийин балам мени менен мурункудай сүйлөшпөй, кыжалат болуп жүргөнүн сезип жүрдүм.

“БЫЧАК СОЛ КОЛ МЕНЕН САЙЫЛЫПТЫР. БАЛАМ СОЛОГОЙ ЭМЕС”

– 27-май күнү кечке маал Жолдошбек деген балам менен сүйлөшүп, Бобиге башкалар сөйкө салып кеткенин уктум. Анан эле 10 жарымдарда Марс менен чогуу бир батирде жашаган жигит телефон чалып, “Турдали байке мага чалып, кызын ала качып кеткенин айтып жатат” деди. Анан уктап кетиптирмин. Түнкү 2лерде ойгонуп, ооз бекитип, күйөөм бирөөнү жайлоого көчүрүшмөк, аны жөнөттүм. Таңкы саат 5те Жолдошбек уулумдан суук кабар уктум. Кыздын үйүнө 2 ирет бардык, киргизишкен жок. Уулум андай ишке бара албайт. Он сүйлөсө бир жооп берген, бир сырдуу бала. Ооруканадан да, СИЗОдон да уулумду көрсөтүшкөн жок. Ооруканадан тергөөчүгө жалдырап бир жолу кирдим. Анда да жакын жолотпой коюшту, кайтарып тургандар бар экен. Кирсем, Марс мени тааныбай койду. Врач “уулуңуз сологой беле? Бычак сол кол менен сайылыптыр” деди. Менин балам сологой эмес. Мен көргөндө моюнуна эки ирет бычак сайылган деп ойлодум. Анткени “+” белгисине окшош так карт болуп калыптыр. Анан оң жак көкүрөгүнө бычак 4 жолу бирдей калыпта кириптир. Муну врач айтты. Бурулайдын атасы денесине жазыптыр деп жатат. Аны билбейм. Балам жазса, “Н” дебей, “М” деп жазбайт беле?.. Башка бирөө жазды дейин десек, алар Нурлан тууралуу кайдан билмек эле? Окуя кандай болгонун билбейбиз.

Ал эми Бурулайдын атасы кызынын Марсбек Бөдөшев менен сүйлөшүп жүргөнүн четке кагат. “Бурулай ал бала менен сүйлөшкөн эмес. Биринчи ирет ала качып кеткенде артка кайрып, “кызымдын өзүнүн көңүлү болсо берем” дегем. Бирок кызым аны зордоп эле ала качып кетишкенин жана башка сүйлөшкөнү бар экенин айткан” дейт.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
21.08.2018. 10:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
17-08-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:31
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мага кызыгы эмнеге ушунча убакыттан бери баладан бир да жолу интервью алыша элек?Бала да бирнерсе айтаар?Менимче чын эле кыз-жигиттик мамилеси болгон,уйундогулору каршы чыгып жургон го?!
21.08.2018. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:11
Жынысы:
Белгисиз
+19
Милициялар эле олтуруп алышты. Тиги бала өзүнө өзү бычак сайып кызды өлтүргөн деген жоо жомок
21.08.2018. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+19
Milashkaa,туура озуно озу 4 жолу бычак сайыш физически мумкун эмес,милициялар озунун артын жабыш учун ардеке болуп жатат атасы дагы ни то,баланын апасы жалган суйлобосо керек суротто дагы экоо суйушкондой эле болуп турат. Марс камактан соо чыкпайт аны давно милициялар чала олук кылышкандыр. Министрдин дагы аброюна шек келип жаткандан кийин булар жизнь чындыкты айтышпайт. Кыздын атасы дагы талап кылыш керек болчу баладан интервью алгыла деп кызын кайрып алалбагандан кийин чындыкты айта бербейби?!
21.08.2018. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 01:23
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми. Бкл жерде марстын апасы жашы откон эне экен. Эмнеси болсо да. Баласын корсотушу керек. Бир себеп болуп апасынын журогу кармаса эгер. Баласыны уорбой отуп кетет. Анан милициян башкан. Башынар кайгыдан чыкпай журосунор. Бечара апага журогум ооруп ийладим. Бурулай уялганынан ата энесине марс менен суйлошконун айта албаса керек. Ошол куну алып качкан досторунан да сураштырыш керек. Бурулайдын жаткан жери жайлуу. Бейиштен орун берсин аллахым. Марсты тезираак чыгарышса жакшы болмок.
21.08.2018. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
-11
zinagull1996,Адам өлтүргөн неадекват оорулуу адам неге тезираак чыгышы керек жооп берчи? Көпкөндүк 2- жолу алып качып өмүр бою олтурушу керек.Өмүрдүн кадырын билсин
21.08.2018. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
13-10-2015
Соӊку аракети:
07-09-2018 14:51
Жынысы:
Белгисиз
+13
anonymous,сот чече элек кунолуу деп. Жооптон суроо коп бул окуяда. Аллах-Таала озу адилет чечилишин насип кылсын.
24.08.2018. 11:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
anonymous,Марс олтурдубу же милициялар олтурдубу, эч ким билбейт. Ким олтургонун жанында туруп корбогондон кийин, жондон-жон куноолой бериш туура эмес го. Элдин создору жакындарына аябай катуу тиет. Адилеттуу чечим чыгып,куноолуулор оз жазасын алат деген умуттомун. Бул жашшодо болбосо да, кудай алдында жооп беришет.
21.08.2018. 14:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
19-07-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:56
Жынысы:
Белгисиз
+14
Алып качкан жигиттин куноосу жок го дейм. Биринчи жолу корушкон адамы алып качып баратса, кучакташып суротко тушпосо керек эле.Камалган бала мн суйлошуп журсо, ортодо эже сооройу жигит таап ата -энесин кондуруп, Бурулайдын оюна койбой эле сойко салдыртып коюшкан го. А млициялар жонундо кеп озунчо проблема. Жеп-жутар чондорду, милицияларды, медиктерди калын эл жек коруп,каргап, нааразычылыгын билдирсе деле эч нерсе болбойт буларга. Билген богун жей беришет кайра эле.
Ice-creme түзөттү 2018-08-21 14:41:03
23.08.2018. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
256
Катталган:
24-09-2015
Соӊку аракети:
26-09-2018 02:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Ice-creme,эмне себебептен милиция кызды олтурот деген ой келет
21.08.2018. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
-9
Апасы үйүнө 2 ирет бардык дейт бербегенден кийин эмне мынча жабышышкан түшүнбөдүм.Баласын акташ үчүн калпты ышкыртып атат.Зордоп эле алышмак экен да оюнда колуңардан пок келеби дегенсип 2 жолу алып качып
21.08.2018. 18:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
19-07-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:56
Жынысы:
Белгисиз
+10
anonymous,тааныбаган бироо мн тигинтип суротко тушпосо керек эле, алып качып баратса деги

24.08.2018. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
anonymous, кыздын конулу болгон учун ала качууга барды да, ата-энеси уруксат бербегинен
22.08.2018. 00:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-07-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:58
Жынысы:
Белгисиз
+11
чындыгында адам өзүнө өзү 4 жолу бычакты сайыш кыйын го, анан мен да түшүнбөй атам эмнеге Марстан эч интервью албай жатышат
22.08.2018. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-07-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
Марстын апасы туура айтыптыр эгер бала өлтүргөн болсо М деп жазмак Н дебей, плюс белгиси кайсыл жеринде көрүнбөйт го
22.08.2018. 01:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 01:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кызды жайында тынч жыткырышсынчы кыйнабай
22.08.2018. 02:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:42
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздын атасы кызык адам экен албетте кайгынызга ортоктошмун кыйналып оо дүйнөгө узаган кызынызды кайра кайра кыйнай бербей жайына койсонуз жакшы болмок улам эле жерден алып кайра жерге бере бербей сүрөтүн элге жарыялап бекер кылдыныз деги кыз тынч жатсынчы а күнөөлүү адамдар мыйзам алдында да кудай алдында да жооп беришсин
22.08.2018. 08:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baku88,ошо атасы ни тороок адам окшойт.Кызына эмес оз башына корунсо болмок.Тобоо дейинчи.Кыздын атасы жакпады.
22.08.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
25-01-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алып кет дегенде качырган атасы көрүп калып милицияга да ала турган жигитине да чалган окшойт ошол жерден чоон уруш болуп кыз тийбейм десе бычактап атынын тамгасын жазган да анан балага сайган ошол ала турган баланы эч кошпойтат ошону да текшерсинчи анан билинет даана эле билинип туратко илинчектер, бай болсо өзүнө ала турган жигит да бар бул жерде
22.08.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
09-03-2013
Соӊку аракети:
28-08-2018 11:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бурулайды милициялар олтуруп балага шылтап атышат.Баланы да ура беришип нес кылып коюшкан.
24.08.2018. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
26-09-2018 04:41
Жынысы:
Белгисиз
+2
dinara7684,туура Марс дегени олтурбогон.Буга милиция куноолу.Аларле олтургон болбосо видео жазуу именно ошол кунку неге очот???милицияга кунун тушпосун экен ырчы Клара Алибекованы канча шылдындашканле ошонун сынарындай буларды да шылдынга алышып кызга тийиштик кылышса к.к анан бала суйгон учун чыдап тура албаган жанжал чыккан короче милициянын колу бар экени корунуп турат эгер алардын куноосу жок болгондо видео жазуу очпойт болчу...эх Кыргызстаным адилеттик эч болбойт окшойт сенде
22.08.2018. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
795
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
0
Бала олтургон эмес болбосо ушул кезге чейин 1ж да интервью алышпады. Милициялар озулору эле олтурушуп алышкан
22.08.2018. 17:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-05-2018
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланы деле оло тургандай абалга жеткирген болсо керек ушул убака чейин биздин адилеттуу милисиябыз
23.08.2018. 01:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
01-01-2014
Соӊку аракети:
30-08-2018 21:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Сериал болуп кетиго Бурулайдын олуму.Аллах озу жазаласын
23.08.2018. 01:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы Марстан эмне учун интервью албай жатышат,эч тушунбойм!?.Мурдагы интервьюларында Н+Б деген жазуу бар дешти эле,эми болсо Н+ эле болчу экен кызык такыр тушунбодум.Бироосу да туура суйлобой жатат.
23.08.2018. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 12:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жабылып эмнени жашырып жатышат? Марс олтурсо дароо эле видеобайкоодогу жазууну корсотуп чыгышмак, интернетке да тарамак болуш керек. Ушунча эл коруп турса да чындыкты бурмалаган биздин милиция куурап эле калгыла
Азыр байлыгына, тууганына таянып жаап- жашырып жаткандардын башына келип, козуно корунуп калсын!
23.08.2018. 18:18 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-08-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 14:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым милицияга тушкулук кылбасын,булар эн мыкаачы адам болушат экен,кылмыш кылганын да кылбаганын да олтуро сабап туруп кыйнап мойнуна алдырышат экен,токко тарттырып кыйнашат,акыры айла жоктон мойнуна алукга туура келет......ошондуктан баланы аябай сабашса керек.........
23.08.2018. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошсо суйлошпосо эмне айырмасы бар эми.Куноолуулор башкаларго менимче,орган адамдары куноолуу
23.08.2018. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
+2
Марстан эмне интервью алышпайт жазыптыр бир-экоо.Апасын тааныбай калган акыбалда экен кантип анан ошол кунку окуяны эстесин.
24.08.2018. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыздын олуму 2 менен гана чектелген эмес!бул жерде дагы кимдир бироо бардай,ойлошумча балада анчалык таш боор эместир балким,кызды ошончолук кыйнап олтургудой,ананда озунода коп бычак саялбайт болуш керек,1 гана жолу сайса керек,оюма менин бир бала келип батат,Алда болсо кызды болуп койгон бала,укканда алардан мурда жетип барган деп ойлойм,кыз анын ачуусуна тийген создорду суйлосо керекда,очошшуп жайлаган экоонуда,баладан бир жолуда интервью албадынар?балким чындыкты ошол айтмак.
Eli.91 түзөттү 2018-08-24 17:21:32
24.08.2018. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогорудагыларда озу чындыгында,же апасын баласына жолуктурбаса,же баладан интервью алышбаса,демек бул жерде башка сыр бар,олум жазасына тартылып жаткандардыда жолуктуратко,булар эмнеге жолуктурбай жатат?баланын телефонунан коп соз чечилмек кыздында,себеби мурдатан тааныш болсо ватсапптан же болбосо болбоду дегенде смс болгондур?эмне себептен алар жонундо соз болбой жатат,атасынында кандай Адам экени билинип бараткандай,тируусундо кызынын бактын ойлобогон,олгондон сонда тынч койбоптур?
24.08.2018. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул чыр боюнча 1 жактуу гана карап келатасынар,2 жак калып баратат,2 жактын укугун тебелеп койгон жоксунарбы?бала ОЗУ тируу Турган кезде неге башкалар суйлоосу керек?озунон интервью алышынарды отунобуз?менимче бала курук дооматка калгандай корунот.
24.08.2018. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек 3 жыл суйлошкон болсо,бала 3 жылдын ичинде телефон алмаштыруусу мумкун,эски телефону болсо ондотуп телефонду текшерип коруу керек,памятка сакталган болушу мумкун же смс же болсо экооно таандык бир далил чыгып калуусу мумкун!
25.08.2018. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 02:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
0
Шектуу баланы ооруканадан аары тынчытып жиберишбесе болду.Емнеге ушу убакка чейин ата енесине коргозушбойт жолуктурбайт.Ушунчалык да акмак адамдар болобу?Милиция кызматкери болбой........ким кылган болсо оздорунун башына ушу кунду салсын кудайым.Ар бир жаран кылган ишине жаза алыш керек ким болбосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: