SUPER.KG порталы президенттин бул сүрөтүнө ат коюу боюнча өзүнүн окурмандарынын арасында ыр же кара сөз түрүндө таймаш жарыялаган. Порталдын окурмандары позитивдүү, тамаша аралаш, сын көз карашты камтыган түрдүү билдирүүлөрдү жазып калтырышкан.
500дөн ашуун билдирүүнүн арасынан үч билдирүү порталдын редакциясы тарабынан мыкты деп тандалып, окурмандардын добушуна коюлган. Оригиналдуу жана кызыктуу аталыш деп эсептеген билдирүүгө порталдын окурмандары добуш берип, "Көлдүн сөзү" деген ырдын автору Таирбек Ерматов көп добуш топтоп жеңүүчү болду. Порталдын жамааты Таирбек Ерматовду куттуктап, байгеге убада берилген телефонду тапшырып, баарлашып кайтышты:– Таирбек мырза, сынакка кантип катышып калдыңыз?
– Сынак тууралуу жарыяны "Соңку кабардан" окуп, катышып көрөйүнчү деп ыр жаздым. Көп адамдар жазып жатышканын көрүп жеңем деп ойлогон эмесмин. Утканыма дале ишенип-ишенбей турам. Бул да болсо чыгармачылыкка дем-күч берет экен.
– Ырыңыз "А-бу, ханым" деп башталганы да өзгөчө экен. Ушул тууралуу да айта кетсеңиз.
– Өзүм Лейлектен болом. Бизде а-бу, а-шу дегенди көп колдонушат. Өзүмдүн стилим да ушундай. Кызыктуураак болсун деп ушинтип жаздым. Биринчи көргөндө ишенбей кайра-кайра карап толкундадым. Секирип бийлегенге мүмкүнчүлүк болбоду. Жеңүүчү болот, жеңилүүчү болот. Аны бир адам чечкен жок. Ал жакта көп каршы чыккандар болду. Көпчүлүк жакшы көрүп жаткандан кийин сүйүнүп калат экенсиң.
– Демек, ыр жазасыз?
– Ооба. Ырларымды социалдык тармактарга чыгарып турам. 37 жаштамын. Орусияга иштегени баргам. Алгач Сургутка барып, 2000-2004-жылга чейин соода кылгам. 2007-жылы Москвада курулушта иштеп жүрүп үчүнчү кабаттан кулап кеттим. Ошондон кийин буттарым баспай калды. Москвада туура эмес операция жасап коюшуптур. Өзүбүздүн Сабырбек Жумабековго барсам жүлүн кыпчылып, омуртканын сыныгы сайылып турган экен. Ал "басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар" деп айткандан кийин операция жасаткам, бир жыл болду. Басып кетүүгө үмүтүм чоң.
«КӨЛДҮН СӨЗҮ»
Аа-бу, ханым, костюм-шымчан жасанып?
Бирок чиркин, чыкыясың жашарып.
Сени көрүп толкунданып, кубанып.
Сүйүнүчтөн көзгө турам жаш алып.
Чеч костюмду, ичте арман калтырба.
Ыштанды да, шыпырып сал тартынба.
Көл суусундай адал, таза иштей бер.
Карапайым калкың турат артыңда.
Тиги турган кайыкка түш, калкысын.
Түз иштесең, Кудай түздөйт аркысын.
Эски хандар, каргыш алды көбүрөөк.
А сен элдин алып калгын алкышын.