Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Аптада акчаны туура бөлүштүрүү керектелет. Эс алууга, балдарыңыздын керектөөлөрүнө акча жумшайсыз. Киреше көп болсун десеңиз, өзүмчүлдүк мүнөздү ооздуктап, эл менен жакшы тил табышыңыз. Ден соолукка кам көрүп, текшерилүүдөн өтүп коюңуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өзүңүздүн жеке иштериңиз менен алпурушасыз. Иштериңиз бүтпөй кыйнаса, каршылыктарга туш болсоңуз капаланбаңыз. Жакшы досторду жардамга чакырыңыз. Келечекке пландарды курууга киришиңиз. Сырт келбетке көңүл буруу керектелет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кайсы бир иштерди бүтүрүү үчүн өз алдыңызча купуя аракеттерди жасайсыз. Жашыруун нерселер ачыкка чыгат. Кошуна, бир тууган, кесиптештер менен алака кылууда токтоо болуңуз. Антпесеңиз таарынычтар чыгат. Жагымсыз кабар угасыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Убактыңыздын көбүн курбу, кесиптештер менен өткөрөсүз. Маанайыңыз бирде жаркыса, бирде бүркөлөт. Жан шеригиңиз, балдарыңыз талаптарын коюшат. Аларга керектүү суммадагы акчаны берүүңүз керек болот. Күтүлбөгөн конок келиши мүмкүн.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жетекчилик, өкмөт өкүлдөрү менен чогуу иш алып барасыз. Активдүү иш-аракеттер көп болот. Маселелер оң жакка чечилсин десеңиз, бой көтөрбөңүз. Жеке турмушуңузда көйгөй жаралат. Бут тосуулар болот. Алыстагы туугандардан кабар алып коюңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кайын журтка, жогорку билим алууга тиешелүү көйгөйлөр жаралат. Көйгөйлөрдү чечүүдө бир бүтүмгө келе албай кыйналасыз. Кеңешчи табыңыз. Жашыруун душмандардан, туугандардын нааразычылыгынан сак болуңуз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада киреше да кирет, чыгым да чыгат. Акча досторго, кесиптештерге, балдарга жумшалмакчы. Чөйрөдөгүлөрдүн кимиси менен таарыныша кеткен болсоңуз, жакында жарашасыз. Гардеробду жаңыртууңуз ыктымал.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада маселелерди чечүүдө жан шеригиңиздин, бирге иштегендердин пикирин уга билиңиз. Жетекчиликтен, өкмөт өкүлдөрүнөн убактылуу оолак болгонуңуз оң. Азыраак зыян тартып каласыз. Кошумча акча булагын табуу маселеси ойлондурат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумуштан тышкары ден соолукка кам көрүп текшерилүүгө, берген убадаларды аткарууга чуркайсыз. Кылган ишиңиздин үзүрүн жакын арада көрөсүз. Текшерүү органдары менен көйгөй жаралат. Жогорку билим алуу маселесин тез арада чечиңиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Балдарга, чыгармачылыкка, спортко көңүл бурууга туура келет. Бир нерселерден улам кесиптештер, курбулар менен чырдашып калууңуз мүмкүн. Акча табуу керектелет. Уккан жаңылыктарыңыздын арасында сизге керектүүсү чыгат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Үй чарба жана оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүүдө көп аракет жумшайсыз. Андыктан үйдөгүлөр менен чырдаша да түшөсүз. Жогорку кызматтагы адамдарга, өмүрлүк жарыңызга этият мамиле кылыңыз. Жолдо жүргөндө буюмдарыңызга сак болуңуз. Уурдоого аракет кылгандар болот.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Кошуна, бир туугандар менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Сапарга чыгуу маселеси көтөрүлөт. Жагымдуу да, жагымсыз да кабарды угасыз. Жумушуңузда текшерүү башталат же кесиптештердин бут тосуусуна дуушар болосуз. Сырларыңызды сыртка чыгарбай туруңуз.