Ош облусунун тургуну 43 жаштагы Гүлшайыр Рахманбердиева жашоого жетишерлик каражат таба албай, Түркияга барып өз балдарынын ордуна башканын балдарын карап акча табууга мажбур. Ал чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин турмушун кенен баяндап берди.
«АЛГАЧ БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП КАТУУ СТРЕСС БОЛДУМ»
- Мен 4 жылдан бери Түркияда иштеп жүрөм. Алгач кемпир карадым. Кийин бала багуучулукка өттүм. Кыргызстанда өзүмдүн балдарымды кароосуз калтырып, акча табуу үчүн минтип башканын баласын кароого мажбур болдум. Анткени 4 уулумду багууга Кыргызстанда банкта иштеп тапкан акчам жетпейт эле. Жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин жалгыз бой балдарымды багып кетүү оор болду. Түркияга келип бактымды сынап көрүүнү туура көрдүм. Ал кезде улуу уулум 8-класста, эң кичүүсү 2 жашта болчу. Төртөөнө 2 айга жетерлик азык-түлүк алып берип, өздөрүн эле батирге калтырып кетүүгө мажбур болгом. Анткени аларды ишенип таштап кете турган туугандарым жок болчу. Ата-энем да жок.
Оюмда 2 ай иштеп көрүп, болбосо кайра кайтмакмын. Кудайга шүгүр, кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, иштеп кеттим. Ал кезде мындай тобокелчиликке барбасам, азыр да балдарымды бага албай кыйналып, аз айлыкка иштеп жүрө бермекмин да. Башында аябай кыйналдым. Бөтөн жер, бөтөн элге тил билбей келип, өзүмдү кургак чөлдө кумдардын арасына ыргытылып калгандай сезгем. Айланамдагы адамдарды түшүнбөйм, жалгызсырап, балдарымды ойлонуп, катуу стресске кабылгам. Бирок өзүмдү колго албасам, балдарымдын келечеги бүдөмүк экенин түшүнүп баарына чыдадым. Бул өлкөдө калуу үчүн эмне документтер керек экенин деле билчү эмесмин. Мыйзамдуу иштөө үчүн документ жасатайын десем, асмандын башындай сумманы айтышкан. Ошондуктан жасатпай коюп, каттоосу жок 3 жыл жүрдүм.
2 айдан кийин атасынан балдарды убактылуу карап берүүсүн сурандым эле, карап берди. Кийин балдарымды да жаныма алып келдим. Улуулары азыр иштеп мага жардам берип жатышат. Кичүүлөрү окушат. Балдарыма ижарага батир алып берип койгом. Аларга бир жумада бир жолу барып турам. Тапкандарыбыз өзүбүзгө кенен жетип жатат.
«ТҮРКИЯДА АЯЛДАРДЫН УКУГУ ЧОҢ»
- Байкашымча, Түркияга келип иштеп жаткан аялдардын 80 пайызы ажырашкандар. Бул бизде үй-бүлө институтунун өтө алсыз болуп баратканынан кабар берет. Бизде эркектер жоопкерчиликтен качып жаткандай. Түрктөр «силерде эмнеге ажырашуу көп?» деп сурай беришет. Түрктөрдө үй-бүлө ыйык, ал бекем сакталат, ажырашуу оор. Соттор да ажыраштырбай 5 жыл күтүшөт. 5 жылдын ичинде күйөөсү аялына, балдарына тиешелүү шарттарды түзүп бергенден кийин гана ажырашууга мүмкүн. Бул өлкөдө аялдардын укугу чоң, аялдар сыйланат. Негизи идеалдуу коомдо эркек жоопкерчиликтүү, намыскөй болушу керек, аялдар сыйланышы керек. Аял баркталган коомдо гана алдыга жылыш болот деп ойлойм. Бизде жаш кыздардан баштап мага окшогон апалар да үй-бүлө багалы деп тентип жүрбөйлүбү.
Жаш кыздар билим алып, ата-энесинин төрүндө эркелеп отургандын ордуна акчанын артынан түшүп, ар кандай тагдырларга туш келип жатканына ата-энелерден мурда мамлекетти күнөөлөйт элем. Мамлекет жарандарына татыктуу билим берип жана ал билимди өздөрү колдонуп калышы керек эле. Жок, азыр врачтар, мугалимдер, милиция кызматкерлери чет жерде бала багып, мейманкана тазалап иштеп жүрүшөт. Ата-энелер «баланчанын баласы чет жакта иштеп үй-бүлөсүн багып жатат. Сен да бар, биз да алдыга жылалы» деп бири-бирине атаандашып балдарын жиберишет. Ошондуктан ата-энесинин да күнөөсү бар. Мырзаларыбыз «кыргыз кыздар баланча жакта бузулуп кетишти» деп намыстанышат, «Орусияда, Түркияда иштеп келиптир» деп үйлөнбөй да коюшат. Бул жан кейитерлик жагдай. Кыргызда «кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» дешкен.«КОШ БОЙЛУУ КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН 9 АЙ ТАШТАНДЫДАН ТАМАКТАНГАНЫН КӨРДҮМ»
- Мен Орусияда да иштеп келгем. Ал жактан селсаяк болуп кеткендерди, ичкиликке берилип кеткен мырзаларыбызды, көчөдө калган, байлыкка азгырылып улуу кишилер менен жашап алган, боюнан алдырган жаш кыздарды көрдүм. Бир окуя эсиме түштү. Жалал-Абаддык жаш, жакшынакай кыз Орусияда өзүнүн айылдашы менен сүйлөшүп жүрүп кош бойлуу болуп калган. Ошол маалда анын жигити кандайдыр бир себептер менен камалып кетти. Анан ал кыз 9 ай бою дүкөндөрдөн чыккан таштандылардан тамак таап жеп жанын багып жүрдү. Кыз ата-энесине, эч кимге билдирбей жигитин күтүп бардык кыйынчылыкка чыдап жашай берди. Жигити абактан чыккандан кийин ал кызга үйлөнбөй коёбу деп кабатырланчумун. Бирок экөө үйлөнүп, дагы балалуу болушту деп уктум. Бактыга жараша, окуя бактылуу аяктады. Бирок кыргыз кызынын таштанды аңдып калганы жүрөгүмдү ооруткан.
Түркияда деле акчага азгырылып улуу кишилер менен достошуп алган кыздар жок эмес. Бир кыргыз кызына боорум ооруган. Ал өзү жетим өскөн экен. Кыргызстанда жигити сөйкө салып коюптур. Ага карабай кыз Түркияга келип, өзү иштеген жердин үй-бүлөлүү кожоюну менен мамиле куруп кетти. Анан баягы эле жагдай: кыз бир күнү боюнан алдырды. Турмушка чыга элек татынакай кыздын ушундай тагдырга кабылганына ичим ачышты. Өз жигитине турмушка чыгып бактылуу жашай берсе болбойт беле?
Кыздарыбызды мындай абалда көргүбүз келбейт. Бирок чет жерде иштеген кыргыз кыздарынын баары жаман жолго түшүп кетти деген туура эмес. Турмуштан жаңылышкандар бизде эле эмес, бардык улутта, бардык өлкөдө бар.
Ал эми сойкулук менен алектенген кыздарды, баамдашымча, атайын агенттиктер даярдап жиберишет. Айрым учурда гана жаңылышып ошол жолго барып калгандар болот экен. Бир ирет бул жактагы тааныш кыргыз байке мага телефон чалып, бир кызга жата турган жер керек экенин айтты. Барып, алып келдим. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп калдык. Ал келиндин Кыргызстанда 5 баласы бар экен. Жолдошу экөө кафе иштетип, жакшы жашашчу экен. Кыргыз байыса катын алат болуп, күйөөсү экинчи аял алып алыптыр. Ошондо аялы ызаланып Орусияга кетип, андан кийин Түркияга келиптир. Москвадан Түркияга учуп келсе, аэропорттон бирөө белгисиз тарапка алып кетип калыптыр. Барган жери сойкукана экенин байкагандан кийин тиги байкеге чалып жардам сураптыр. Биздин социалдык тармактарда да топторубуз бар. Бул кызга окшоп жардам сурагандарга жапа тырмак жардам бергенге аракет кылабыз. Чет жакта жашаганда бири-бирибизге күйүмдүү болуп калат эмеспизби.
«ТҮРКТӨРДҮН МИГРАНТТАРГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРҮП БАРАТАТ»
- Түркияда Орусияга караганда мигранттарга жакшы мамиле жасашат. Мисалы, Орусияда формачандардан качышат го. Бул жакта полиция кызматкерлери жардам беришет. Түрктөр сөздүн ыгын таап, жакшы сөз айтканды билишет. Кагып-силкпейт. Кызматчыны үй-бүлө мүчөсү катары көрүшөт. Мен деле ошол жакшы мамиледен улам көнүп кеттим. Бирок акыркы жылдары мигранттардын саны өсүп кеткендигине байланыштуубу же бизден орой мамиле кылганды үйрөнүп жатышабы, бир аз катуу мамиле кылып калышты.
Бул жакта кыргыздар эле эмес, Союздун 15 мамлекетинин баарынан келген мигранттар бар. Түркия бийлиги мигранттардын санын азайтууга аракет көрө баштады окшойт, документ жасатууда кыйынчылыктар жаралды. Азыр иштөөгө уруксат кагазы бар адам же түрк жаранына турмушка чыккандар гана бул жакта кала алат. Мурда туристтик виза менен бир жыл каттоого туруугу мүмкүн болчу. Азыр антип каттабайт. Анан АКШ санкция киргизип, доллардын баасы көтөрүлүп кетти. Түрк лирасы менен айлык алгандардын маянасы азайып жатат.
Иштетип туруп акчасын төлөбөй койгондон коркушат. Анткени мыйзамдар иштейт. Жумушчуларына ашыкча жакшы мамиле кылгандар да бар. Бир кыргыз эже түрк үй-бүлөнүн баласын багат. Кожоюну ал аялга ижарага батир алып берип, эмерек, азык-түлүгүнө чейин киргизип берди. Кыргызстандан балдарын алып келгенге жардам берип, бир баласын жумушка алды.
Түрк элинен жөнөкөйлүктү жана сабырдуулукту үйрөнүшүбүз керек. Бул жакта бийлиги бар адам да карапайым калк менен учурашып, сылык мамиле кылат. Биздей болуп бири-бирин жаман көрүп, сөгүп, уруша беришпейт. Булар элди алга жылдыра турган сапаттар.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg