Түркияда иштеп жүргөн мекендешибиз: «КАЙСЫ ЭЛДЕН ЖҮДӨӨ КӨРСӨҢ ЗАЙЫПТЫ, ОШОЛ ЭЛДИН УУЛУНА КОЙ АЙЫПТЫ»

Ош облусунун тургуну 43 жаштагы Гүлшайыр Рахманбердиева жашоого жетишерлик каражат таба албай, Түркияга барып өз балдарынын ордуна башканын балдарын карап акча табууга мажбур. Ал чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин турмушун кенен баяндап берди.

«АЛГАЧ БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП КАТУУ СТРЕСС БОЛДУМ»

- Мен 4 жылдан бери Түркияда иштеп жүрөм. Алгач кемпир карадым. Кийин бала багуучулукка өттүм. Кыргызстанда өзүмдүн балдарымды кароосуз калтырып, акча табуу үчүн минтип башканын баласын кароого мажбур болдум. Анткени 4 уулумду багууга Кыргызстанда банкта иштеп тапкан акчам жетпейт эле. Жолдошум менен ажырашып кеткенден кийин жалгыз бой балдарымды багып кетүү оор болду. Түркияга келип бактымды сынап көрүүнү туура көрдүм. Ал кезде улуу уулум 8-класста, эң кичүүсү 2 жашта болчу. Төртөөнө 2 айга жетерлик азык-түлүк алып берип, өздөрүн эле батирге калтырып кетүүгө мажбур болгом. Анткени аларды ишенип таштап кете турган туугандарым жок болчу. Ата-энем да жок.

Оюмда 2 ай иштеп көрүп, болбосо кайра кайтмакмын. Кудайга шүгүр, кыйынчылыктардын баарын көтөрүп, иштеп кеттим. Ал кезде мындай тобокелчиликке барбасам, азыр да балдарымды бага албай кыйналып, аз айлыкка иштеп жүрө бермекмин да. Башында аябай кыйналдым. Бөтөн жер, бөтөн элге тил билбей келип, өзүмдү кургак чөлдө кумдардын арасына ыргытылып калгандай сезгем. Айланамдагы адамдарды түшүнбөйм, жалгызсырап, балдарымды ойлонуп, катуу стресске кабылгам. Бирок өзүмдү колго албасам, балдарымдын келечеги бүдөмүк экенин түшүнүп баарына чыдадым. Бул өлкөдө калуу үчүн эмне документтер керек экенин деле билчү эмесмин. Мыйзамдуу иштөө үчүн документ жасатайын десем, асмандын башындай сумманы айтышкан. Ошондуктан жасатпай коюп, каттоосу жок 3 жыл жүрдүм.

2 айдан кийин атасынан балдарды убактылуу карап берүүсүн сурандым эле, карап берди. Кийин балдарымды да жаныма алып келдим. Улуулары азыр иштеп мага жардам берип жатышат. Кичүүлөрү окушат. Балдарыма ижарага батир алып берип койгом. Аларга бир жумада бир жолу барып турам. Тапкандарыбыз өзүбүзгө кенен жетип жатат.

«ТҮРКИЯДА АЯЛДАРДЫН УКУГУ ЧОҢ»

- Байкашымча, Түркияга келип иштеп жаткан аялдардын 80 пайызы ажырашкандар. Бул бизде үй-бүлө институтунун өтө алсыз болуп баратканынан кабар берет. Бизде эркектер жоопкерчиликтен качып жаткандай. Түрктөр «силерде эмнеге ажырашуу көп?» деп сурай беришет. Түрктөрдө үй-бүлө ыйык, ал бекем сакталат, ажырашуу оор. Соттор да ажыраштырбай 5 жыл күтүшөт. 5 жылдын ичинде күйөөсү аялына, балдарына тиешелүү шарттарды түзүп бергенден кийин гана ажырашууга мүмкүн. Бул өлкөдө аялдардын укугу чоң, аялдар сыйланат. Негизи идеалдуу коомдо эркек жоопкерчиликтүү, намыскөй болушу керек, аялдар сыйланышы керек. Аял баркталган коомдо гана алдыга жылыш болот деп ойлойм. Бизде жаш кыздардан баштап мага окшогон апалар да үй-бүлө багалы деп тентип жүрбөйлүбү.

Жаш кыздар билим алып, ата-энесинин төрүндө эркелеп отургандын ордуна акчанын артынан түшүп, ар кандай тагдырларга туш келип жатканына ата-энелерден мурда мамлекетти күнөөлөйт элем. Мамлекет жарандарына татыктуу билим берип жана ал билимди өздөрү колдонуп калышы керек эле. Жок, азыр врачтар, мугалимдер, милиция кызматкерлери чет жерде бала багып, мейманкана тазалап иштеп жүрүшөт. Ата-энелер «баланчанын баласы чет жакта иштеп үй-бүлөсүн багып жатат. Сен да бар, биз да алдыга жылалы» деп бири-бирине атаандашып балдарын жиберишет. Ошондуктан ата-энесинин да күнөөсү бар. Мырзаларыбыз «кыргыз кыздар баланча жакта бузулуп кетишти» деп намыстанышат, «Орусияда, Түркияда иштеп келиптир» деп үйлөнбөй да коюшат. Бул жан кейитерлик жагдай. Кыргызда «кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты» дешкен.

«КОШ БОЙЛУУ КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН 9 АЙ ТАШТАНДЫДАН ТАМАКТАНГАНЫН КӨРДҮМ»

- Мен Орусияда да иштеп келгем. Ал жактан селсаяк болуп кеткендерди, ичкиликке берилип кеткен мырзаларыбызды, көчөдө калган, байлыкка азгырылып улуу кишилер менен жашап алган, боюнан алдырган жаш кыздарды көрдүм. Бир окуя эсиме түштү. Жалал-Абаддык жаш, жакшынакай кыз Орусияда өзүнүн айылдашы менен сүйлөшүп жүрүп кош бойлуу болуп калган. Ошол маалда анын жигити кандайдыр бир себептер менен камалып кетти. Анан ал кыз 9 ай бою дүкөндөрдөн чыккан таштандылардан тамак таап жеп жанын багып жүрдү. Кыз ата-энесине, эч кимге билдирбей жигитин күтүп бардык кыйынчылыкка чыдап жашай берди. Жигити абактан чыккандан кийин ал кызга үйлөнбөй коёбу деп кабатырланчумун. Бирок экөө үйлөнүп, дагы балалуу болушту деп уктум. Бактыга жараша, окуя бактылуу аяктады. Бирок кыргыз кызынын таштанды аңдып калганы жүрөгүмдү ооруткан.

Түркияда деле акчага азгырылып улуу кишилер менен достошуп алган кыздар жок эмес. Бир кыргыз кызына боорум ооруган. Ал өзү жетим өскөн экен. Кыргызстанда жигити сөйкө салып коюптур. Ага карабай кыз Түркияга келип, өзү иштеген жердин үй-бүлөлүү кожоюну менен мамиле куруп кетти. Анан баягы эле жагдай: кыз бир күнү боюнан алдырды. Турмушка чыга элек татынакай кыздын ушундай тагдырга кабылганына ичим ачышты. Өз жигитине турмушка чыгып бактылуу жашай берсе болбойт беле?

Кыздарыбызды мындай абалда көргүбүз келбейт. Бирок чет жерде иштеген кыргыз кыздарынын баары жаман жолго түшүп кетти деген туура эмес. Турмуштан жаңылышкандар бизде эле эмес, бардык улутта, бардык өлкөдө бар.

Ал эми сойкулук менен алектенген кыздарды, баамдашымча, атайын агенттиктер даярдап жиберишет. Айрым учурда гана жаңылышып ошол жолго барып калгандар болот экен. Бир ирет бул жактагы тааныш кыргыз байке мага телефон чалып, бир кызга жата турган жер керек экенин айтты. Барып, алып келдим. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп калдык. Ал келиндин Кыргызстанда 5 баласы бар экен. Жолдошу экөө кафе иштетип, жакшы жашашчу экен. Кыргыз байыса катын алат болуп, күйөөсү экинчи аял алып алыптыр. Ошондо аялы ызаланып Орусияга кетип, андан кийин Түркияга келиптир. Москвадан Түркияга учуп келсе, аэропорттон бирөө белгисиз тарапка алып кетип калыптыр. Барган жери сойкукана экенин байкагандан кийин тиги байкеге чалып жардам сураптыр. Биздин социалдык тармактарда да топторубуз бар. Бул кызга окшоп жардам сурагандарга жапа тырмак жардам бергенге аракет кылабыз. Чет жакта жашаганда бири-бирибизге күйүмдүү болуп калат эмеспизби.

«ТҮРКТӨРДҮН МИГРАНТТАРГА БОЛГОН МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРҮП БАРАТАТ»

- Түркияда Орусияга караганда мигранттарга жакшы мамиле жасашат. Мисалы, Орусияда формачандардан качышат го. Бул жакта полиция кызматкерлери жардам беришет. Түрктөр сөздүн ыгын таап, жакшы сөз айтканды билишет. Кагып-силкпейт. Кызматчыны үй-бүлө мүчөсү катары көрүшөт. Мен деле ошол жакшы мамиледен улам көнүп кеттим. Бирок акыркы жылдары мигранттардын саны өсүп кеткендигине байланыштуубу же бизден орой мамиле кылганды үйрөнүп жатышабы, бир аз катуу мамиле кылып калышты.

Бул жакта кыргыздар эле эмес, Союздун 15 мамлекетинин баарынан келген мигранттар бар. Түркия бийлиги мигранттардын санын азайтууга аракет көрө баштады окшойт, документ жасатууда кыйынчылыктар жаралды. Азыр иштөөгө уруксат кагазы бар адам же түрк жаранына турмушка чыккандар гана бул жакта кала алат. Мурда туристтик виза менен бир жыл каттоого туруугу мүмкүн болчу. Азыр антип каттабайт. Анан АКШ санкция киргизип, доллардын баасы көтөрүлүп кетти. Түрк лирасы менен айлык алгандардын маянасы азайып жатат.

Иштетип туруп акчасын төлөбөй койгондон коркушат. Анткени мыйзамдар иштейт. Жумушчуларына ашыкча жакшы мамиле кылгандар да бар. Бир кыргыз эже түрк үй-бүлөнүн баласын багат. Кожоюну ал аялга ижарага батир алып берип, эмерек, азык-түлүгүнө чейин киргизип берди. Кыргызстандан балдарын алып келгенге жардам берип, бир баласын жумушка алды.

Түрк элинен жөнөкөйлүктү жана сабырдуулукту үйрөнүшүбүз керек. Бул жакта бийлиги бар адам да карапайым калк менен учурашып, сылык мамиле кылат. Биздей болуп бири-бирин жаман көрүп, сөгүп, уруша беришпейт. Булар элди алга жылдыра турган сапаттар.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (77)
Feiza1982
2018-08-29 03:08:45
Ар бир Жигиттин, шариатта деле үй бүлөөсүн коргооп багып караш милдеттиго Эркектин.Законго баш ийбесенерда шариатка моюн сунсанар боло Аллах үчүн.
-5
Rayana18
2018-08-29 11:48:57
Эркектен кучтуу болсон да анын жанында кучтуулугунду корсотпогонго аракет жасаш керек экен. Сага таянып алса бутту жукту моюнуна аласын. Амалкойлукко салып, сен кучтуусун деген кубатточу создорду айтып уйронбосок башка айла жок,акыркы убактарда чынында эркектер алсыз болуп баратат же аялдар кучтуулугун коргозуп, психологически басынтып коюп жатабызбы.
+1
baku24
2018-08-29 17:50:38
Rayana18, эн туура мен кыйынмын,мен чечем деп шымалана берсек эркетер да жоопкерчиликтен качып жалкоо болуп аялдарына ишенип жата берет да. Берсен жейм бербесен ачка жата берем деп мойнуна илиш керек. эгер ичпеген эркек болсо. А ичкен эркеке даба жок
+1
zevs
2018-08-29 13:40:18
Tawboor betin temir kyz ekensiz dagy bul dagy az tawtandy terip jurso kantip chydap jurdun eptep jumuw taap bir tuuram nan taap berip koygongo jarabagan kaysyl betin menen suylop jatasyn
+8
Romantik.
2018-08-29 23:31:49
Күнөөнү эркекке коёо бербегиле да, жеңил ойлуулар, оңой акча тапкысы келгендер сойку болуп кетип жатышат... Же биз Түрктөрдүн алдына салып берип жатабызбы?
+9
Ice-creme
2018-08-30 01:09:59
Кандай тагдыр буйруп ажырашса да, балдарынын ырыскысын таап багып жатат, талаалап. Кыргыздын эркегинен айланам деп, отура берсе уйдо, торт баласын кайсы кыргыздын эркеги багышып бутуна тургузуп коет эле.Карачечекей атасы багышпагандан кийин. Жыргаганыман койчу болупмунбу дегендей, жыргаганынан темселеп талаалап жургон жок да. Турк мн жургонун коруп койгонсуп жамандагандан уялсанар кичине .
-4
Ice-creme
2018-08-30 01:12:58
Макул аял затын сыйлай албайт экенсинер, торт баланы торогон энелик статусун сыйлап койсонор. Энеден жаралган макулуктар!Жакшы соз ыраа коруш колдон келбеген сон, жаман соз айтып журогун оорутпай эле койгулачы *монитор геройлор*
-4
Baku88
2018-08-30 05:38:07
Эже тууралуу айтсам бир жагынан карап боорум ооруйт албетте жалгыз бой эне 4 баланы багам деп бирөөнүн баласын карап чет жерде жүрөт бир жагынан азаматсыз дейт элем анча мынча лох колунан катын бала чака бакмак тургай өзүн эптеп багып жүрө албаган эркектерге караганда тузуксуз элдин сөзүнө көңүл бурбаныз айрыкча ушакчы эркектердин алар колунан пок келбей сүйлөй беришет
-3
Baku88
2018-08-30 05:47:03
Эркектер аял жөнүндө ушак болсо болду атаң гору. Өткөндө бир таксиге түшүп калдым эми шофер деле жанындагысы деле улуу эле байкелер нормальный солидный кишилер экөө сүйлөшүп баратат шофер айтат паланча аялын уруп коюптур бети башы көгөрүп кетиптир корбодунбу десе ( ага байкеси айтыптыр өзү корбоптур) койчу анан не болуптур дейт анан тигиси айтты кетип калыптыр деп десе отура бербептир дейт а тиги урган кишини эркек эле эркек деп мактап атышат мына биздин чыныгы эркектерибиздин жүзү ушакчылар
-8
admin_media
2018-08-30 09:36:19
Baku88,CEO1,Feiza1982, жеке айтышууларга тыюу салынган. Ал үчүн купуя кат бар, билдирүүлөр өчүрүлдү.
-1
WIZ_KHALIFA
2018-08-30 15:05:53
Озу кыргыздар (баары эмес) бактылуулукту акча менен эле олчоп калыпсынар! Баары эле байып кетсем деп журушот. Акчанын кулу болдунар)
+9
AKCAHAT
2018-08-31 00:18:10
Турктор кыз жандуу,катынпоздугун илгери эле Султан Сулайманжан далилдеп койгон. Алардын артыкчылыгы Уй булосун таштап кетпей аялды тентитпей баардык шартты тузуп анан башкаларга жугургону. Эгер биздин кээ бир кукук эркектер дагы уйун жайын камдап,балдарынын керектуучулорун которуп,аялына жашап кетуусуно шарт тузуп берип койуп,башкаларга мойну эмес башка жагы кайрылып калгыча караса дагы эчким кой дебейт.Бизде эркектердин орду жоголду,бак тиккен да,Уй салган да,бала тороп бала чонойткон да аялдар
+5
BarsBaatyr
2018-09-03 21:49:55
AKCAHAT,оппоооо эми...Бүт шарты жетиштүү Чубак ажыны эмне кылып жибердиңер?Бокко чейин теңеди го биздин акылдуу айымдарыбыз.Эми болсо эч ким кой дебейт дейсиң.
0
progresskg
2018-08-31 19:36:01
Кыргыздан аял албай эле койгон туура. Мен муну мурда эле тушунгом, азыр инилериме де айтам ошону. Мен озум кыргыз кызды да албайт элем азыр, чынын айтсам. Анткени алар балдарына жана кыздарына начар тарбия беришет, копчулугу. Анан анча деле сулуу эмес. Бул менин жеке оюм. Балким мен чет жерде коп жашап, ушинтип ойлоп калдымбы, билбейм.
+2
Ayzada_asanakunova
2018-09-01 02:09:21
progresskg,Туура менда ушинтип ойлойм мамама да айтам балдарыңарга келинди башка улуттан алып бергиле деп.Кыргыздар аябай майдаланып кетиптирбиз кийинки муун чын эле тарбиясыз,акылсыз сулуу дагы эмес башка улуттан алса кичине метис болуп жакшы болмокда бул менин жеке оюм!
+2
gulmira96
2018-09-01 05:33:25
Ayzada_asanakunova,Кыргыздын кыздарынан айланып тегеренип кеткиле озубуздун кыздарыбызды баалап барктай албаган башка улуттан жакшылык коруп жыргамак белен. Ушу дооруп суйлогондор тажатты.
+3
Snejana
2018-09-03 02:00:32
progresskg,сен Кыргыз аялдарын, башкача айтканда Апанды кемсинтипсин. Уят! Эненерди сыйлагыла! Апан сени торобосо, бул жашоого келмек тургай, экрандын артында ар кайсыны былжырап жазып отурмак эмессин.
0
tram-lam
2018-09-01 16:20:01
Туркторду СССР учурунда бизге жаман корсотуп коюшкан, ошол бойдон билип билбей эле жаман коргондор толтура. Ооба, эркектери кыз жандуу келишет, бирок кыз озунун ар намысын бийик коюп журсо эч нерсе кылышпайт, тескерисинче ото сыйлашат. Бизге ошончо турк мигрант келип колубузда иштеп турганда биз басынтып, ит эле кылмакпыз. Туркияга барып жургондой эле жазыптырсынар комментерди, эжени жамандап, бир жолу барып келгенден кийин ой-пикирлеринер ушул эженикине окшоп калмак.
0
CEO1
2018-09-02 04:13:10
tram-lam,эй жомокчу, сен жомок жазсан эле эл ишене береби?!!

СССР убагында туркторго карата каршы агитация болгон эмес бир, азыркы жаштар Союздун тарбиясын алмак тургай, Союздун озун да корбой калышты, бул эки. Элдин турктор боюнча ойлору реалдуу жашоо, чындык экенин моюнуна алышын керек, бул уч!!!

Бизде канча кытай ж.б.иштеп жатат, Кытайларды басмырламак турсун, кайра оз жеринерде кытайлардан токмок жеп журосунор го, калппы?!!

-1
CEO1
2018-09-02 04:19:01
Кытайдардан Озгондо, Чуйдо, Чаткалда толтура жолу токмок жеп калып кеттинер го, милициянарды баш кылып сабашты, Бишкектин чок ортосунда...

Кыргызстанда турктор как будто Туркияда жургондой журушот. Кыргызстанды мазактап мыскылдаган туркко алынар жеттиби эмне?!!

Бир кыргыз Туркияда журуп Турккияны жамандаса, кыргыздын оозун Ошту карата коюшса керек эле турктор...

Кичине туркчо уйроно коюп, турктошо калган, турктордун адвокаты боло калган "акылдуулар" тойгузат да
+1
BarsBaatyr
2018-09-03 21:59:56
Асмандан издегениңер жерден табылыптыр да.Эркектерди шыбап эле жатып калыпсыңар.Эркекти жакшы кылган да, жаман кылган да аял деп ыраматылык Чоң Энем көп айтчу.Чет жакты бир көрүп алып же чет сериалын көрүп мен да ушулардай болугум керек дегендей мамиле кыласыңар.Жаңжалдын 99% ы жетишпегендиктен чыгат.Эркек байкуштун тапканына каниет кылып жашасаңар эле баары жакшы болот.Жок, дагы болсун десеңер кол кабыш кылгыла.Баарында сабыр болуш керек.Анан эле эркектерибиз бакканда деп чыга келесиңер.Көчөдө
0
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан