Дүйнө элине таанымал «Despacito» ырын ырдап, интернет аркылуу таанымал болуп кеткен Толгонай Арзыкеева жашоодо ачык-айрым кыз. Ал маек учурунда жакында Иса Өмуркулов менен «Дил кайрык» аттуу ырды жаздырып жатышканын айтты. Ырчынын андан башка да жаңылыктары төмөндө.
– Толгонай, кыргыз, орус, англис тилдеринде кавер ырдаган «Энджи» тобунун кыздарынын арасында сен да бар элең, эмнеге чыгып кеттиң?
– Топто 4 кыз ырдачу, мен бешинчиси болуп кошулгам. Топтун жетекчиси «сен ошол топ менен ырдап көрбөйсүңбү» дегенинен убактылуу эле кошулуп алгам. Гастроль башталды, аңгыча бир кызыбыз АКШга кетип калды. Баарыбыз бирдей курактагы кыздарбыз, бизге башкаруучу да керек эле. Башкаруучубуз башка иштер менен алектенип, бизге убактысы болбой калды. Топто мага жаккан ырлар ырдалчу эмес. Балким, ошондон улам да өзүмдү ача албай койдум окшойт, ошентип кетип калгам. Мурун алар каверлерди аткарышса, азыр автордук ырлары бар. Бул топ мурун «Злые бурундушки» деп аталчу, азыр «Энджи» деп өзгөргөн. Топто жүрүп жамаат менен иштөөнү, ыр тандоону үйрөндүм.
– Шоу-бизнеске кантип аралаша баштадың?
– Биринчи жолу чоң сахнага мындан 2 жыл мурун Азат Дөөткуловдун «Сүйүү дайрасы» деген ырын ырдап чыккам. Ошондо сахнанын күчүн сездим, ошондон тарта шоу-бизнеске аралашып, элге таанылгым келди. Анда мен 18 жашта болчумун.
– «Despacito`ну» ырдайын деп канча даярдандың?
– Бул ырга чейин толтура кавер аткаргам. Аларды акапелла кылып, скрипканы, пианинону кошуп шөкөттөп интернетке илсем деле анча каралчу эмес. «Despacito`го» бир ай даярдандым. Таласта чарбакта иштеп жүрүп ырдай берчүмүн. Бишкекке барарым менен кавер кылып киргизем деп ойлондум. Бишкекке келгенде колдорум капкара, бетим күнгө күйгөн боюнча үйдө эч ким жокто ырдап баракчама илип койгом. Башында менин окурмандарым көбүнчө казактар болчу. Алар интернет каналдарга "казак кызы ырдады" деп киргизе башташты. Мени тааныгандар «ой, бул биздин кыз» деп чыгышты.
– Скрипкада канчадан бери ойнойсуң?
– Алты жашымдан бери скрипкада ойнойм. Борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктадым. Ал жакта көбүнчө классикага басым жасалып, «профессионалдуу музыкант болушуң керек» деген тарбия берет. Ошондон улам эстраданы «халтура» деп түшүнчүмүн. Бирок жүрөгүмдө баары бир эстрадага болгон жылуу сезим бар окшойт, ар кандай ырларды үйдөн ырдап, смартфонго тартып интернетке жүктөй баштадым. Анан эл өзү эле мени билип, таанып, алаканына салып көтөрүп алды. Багым интернет аркылуу ачылды.
– Интернеттеги хейтерлерге убакыт коротосуңбу?
– Аларга чоң энем эле жооп берип коёт. Чоң энем жетимиште, «сен кайсы социалдык тармактарда барсың, мени да киргизип кой» дей берет. Бардык ырчыларга катталган. Алардын ар бир кыймылын байкап «лайк» басып отурат. «Браво-2» тасмасына тартылбадым беле, ошого карата бир окурман «Толгонайдан башка актриса жок калыптырбы?» деген экен. Чоң энем «Актрисалардын ичинен скрипкада ойной алганы, ырдай алганы бар бекен өзү?» дептир.
– Учурда Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетинде окуйсуң, эмнеге испан тилин тандап алдың?
– Музыкалык мектепти аяктагандан кийин музыка жаатындагы жогорку окуу жайларына тапшырууга таптакыр көңүлүм чаппай койду. Башкача, жаңы нерсени көргүм келди. Ошентип испан тилин тандап калдым, азыр 3-курстамын.
– Кино тармагына кандайча келип калдың?
– Биринчи жолу 18 жашымда ыраматылык Марат Козукеевдин кызы болуп «Кокуй кошуна» комедиясына тартылгам. Кичинекей кезимде бир кинону, башкача айтканда, 100 персонажды өзүм эле ойноп койчумун. Киного чейин Нурмат Садыровдун, Данияр Эрматовдун клиптерине тартылдым. Ошол клиптерден «Кокуй кошунанын» режиссёру көрүп калып, мени кастингге чакырды. Кастингден өтүп кеттим. Башында кыйынчылыктар болду, бирок күнү-түнү сценарийди окуп даярданып жаттым. Быйыл «Браво-2» тасмасында да роль жараттым. Жакында «Ракета» деген тасмада башкы каармандардын биринин ролун аткарам.
– Айымжан Айылчиева, Аяна Касымова менен ырдоо стилиңерди окшоштурушат, үчөөңдө байланыш барбы?
– Көбүнчө Айымжан менен Аянаны окшоштурушат, анткени экөө бир учурда чыгып калышпадыбы. А мен болсо экөөнөн кийин чыктым. Үчөөбүз бир куракта болгондуктан ыр тандоо, ырдоо стилибиз окшош. Мындан 4 жыл мурун үчөөбүз тең кавер ырдачубуз. Мисалы, мен ырдаган каверди Аяна да, Айымжан да ырдаган болот. Ошондон улам тааныш болуп калганбыз. Учурда аябай жакын дос эмесмин, бирок жакшы сүйлөшөбүз.
– Кайсы бир ишти кылбай өкүнүп калган учурларың болобу?
– Кичинекей кезимде көптөгөн музыкалык сынактарга катышып, 1-орундарды алгам. Андан кийин башка сынактарга катышуудан тартынып, "2-3-орундарды алып калсамчы?" дей берчүмүн. Өзүмө берген баам төмөн болуп калды окшойт. Ошентип жүрүп алдыма келген мүмкүнчүлүктөрдү коё бергениме өкүнө берем. Азыр тажрыйбалуу болуп калбадымбы. «Жашоо бир келет, бардык жактан өзүмдү сынайм» деген ураан менен жашап жатам.
– Кыздар менен бат тил табышасыңбы же жигиттер мененби?
– Кичинекей кезимде эркек балдар менен бат тил табышчумун. Ачык сүйлөшүп, алардын окуяларын угуп, оюмду айтып дегендей. Азыр өзүмдөн өзүм алардан алыстап, кыздарга ыктай баштадым.
– Кыздар адатта атасына жакын болушат, сен да алардын катарын толуктайсыңбы?
– Атам менен иш, пландарды талкуулаганды жактырам. Эч нерседен уялбайм. Бирок апам менен сырдашам. Апамдын алтынчы туюму күчтүү, баарын сезип турат. Бир нерсени туура эмес кылайын деп жатсам «мындай кыл» деп туура багыт көрсөтүп коёт. Атам дагы апама карата «Назираны алдай албайм, баары бир билип коёт» деп калат. Бирок экөөнө караганда чоң апама жакынмын го. Анткени мен жети жашка чейин чоң апам менен чоң атамдын колунда чоңойгом.
– Балким, жашооңдо жактырган адамыңдын пайда болгонунан улам өзгөргөндүрсүң. Жигиттер менен дос болуп жүрсөң сүйүктүүңдө кызгануу болот да?
– Сиз айткандын да кайсы бир деңгээлде тиешеси бар болуш керек. Ооба, азыр жигитим бар. Ал адам менен көп жылдан бери таанышмын. Башында дос болуп жүрчүбүз, анан сезим пайда болду. Өзүмдүн чоңойгонумду деле билбей калыптырмын. Негизи менин ата-энеме, чоң апама ал адам өтө жагат. Анын үй-бүлөсүнүн баарын тааныйм, сыйлайм, жакшы адамдар. Ал өзү бул жакта эмес, чет өлкөдө, музыкалык чөйрөдөн алыс. Эми баарын убакыт көрсөтөт, Кудай маңдайыбызга эмнени жазса, ошону көрөбүз.
– Рахмат маегиңе, чыгармачылык бийиктиктерди, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg