БАЛБАНДАР ЖАНА ИЗЗАТ. АЗИЯ ОЮНДАРЫНАН 9 МЕДАЛЬ

Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 149 спортчу жөнөп кеткен. Бул оюндарда кыргыз спортчулары 23-августка карата 9 медалга ээ болушту.

МАГОМЕД МУСАЕВДИН ЖЕҢИШИ МЕДАЛДАР ПАРАДЫН АЧТЫ

Жайкы Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулардын ичинен алгачкылардан болуп медаль багындырган спортчу Магомед Мусаев болду. Ал 19-августта эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, ирандык Алиреза Каримимачиани аттуу балбан менен бет келген. Финалда ийгилик ирандык балбан тарапка ооп, Мусаев күмүш байге менен өлкөгө алгачкы медалды алып келди.

КЫЗ-КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ. 3 БАЛБАН – 3 МЕДАЛЬ

20-август күнү кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 62 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык Оркхон Пуревдорж менен кез келди. Беттеште Айсулуунун чабуулдары өтпөй, 0:11 эсебинде жеңилүүгө аргасыз болду.

Айсулуу күмүш медаль алгандын эртеси дагы 2 балбан кызыбыз коло байгелүү болушту. 21-августта 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Айпери Медет кызы 3-орун үчүн беттеште монголиялык Орчибат Насанбурма менен кез келип, 4:2 эсеби менен жеңишке жетти. Ал эми 68 килограммга чейинки салмактагы балбан Мээрим Жуманазарова япониялык Аяна Гемпей аттуу балбан менен коло медаль үчүн күч сынашып, 7:3 эсебинде утуп алды.

ЖЕМИШТҮҮ КҮН ТОКТОП КАЛГАН ЖОК

21-август күнү грек-рим күрөшүндө Каныбек Жолчубеков финалга чейин атаандаштарын сезген жок. Алтын медаль үчүн "Рио-2016" олимпиадасынын күмүш медалчысы, учурдагы Азия чемпиону Шинобу Ота менен кезигип, жеңилип калды. Жыйынтыгында күмүш медаль.

Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына 6-медалды балбан Амантур Исмаилов алып келди. 67 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан балбан 3-орун үчүн беттеште кытайлык Жанг Гауканга туш келди. Беттеш 6:1 эсеби менен Исмаиловдун пайдасына чечилип, 21-август Кыргыз өлкөсү үчүн жемиштүү күн болду.

АКЖОЛДУН КҮМҮШҮ, ИЗЗАТТЫН ЧОҢ СПОРТКО КАЙТУУСУ

22-августта оор атлетчи Иззат Артыков 2 жылдык дисквалификациядан соң чоң спортто өнөрүн көрсөттү. Ал 69 килограмм салмакта булкуп көтөрүүдө 147, түртүп көтөрүүдө 183 килограммдык штанганы көтөрдү. Акыркы мүмкүнчүлүгүндө 190 килограммдык штанганы көтөрүүгө белсенди. Көтөрсө алтын медалга жетмек, бирок көтөрө алган жок. Иззат коло байгеге ээ болду.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов 77 килограмм салмак ченинде килемге чыкты. Алдынан чыккан атаандаштарынын баарын утуп келген Акжол финалда ирандык Мохаммедали Герай менен кез келди. Беттеш 7:3 эсебинде ирандык спортчунун пайдасына аяктап, 19 жаштагы Махмудов күмүш медалдын ээси аталды.

Ушул эле спорттун түрү боюнча 97 килограммга чейинки салмак категориясында Үзүр Жусупбеков коло байгенин ээси болду. Жусупбеков 3-орун үчүн өзбекстандык Жахонгир Турдиев менен беттешип, аны 2:0 эсебинде утуп алды. Бул өлкөбүздүн капчыгындагы 9-медаль болду.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА: “КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ КУБАНТА БЕРЕМ”

Күмүш медалга ээ болгон мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова даярдыгына жараша байгеге ээ болгонун айтты:

– Бул жолку Азия оюндарында биринчи айлампадагы биринчи беттеш мен үчүн абдан оор болду. Булчуңдарым, колу-бутум алдан кетип, акыбалым абдан начар болуп жатты. Ал эми финалда күрөшкөн монгол кызы Пуревдорж менен мурда 2 ирет беттешип, эки жолу тең уткам. Анткени ал кезде мен мыкты формада болчумун.

Даярдык боюнча айтсам, жакында Стамбулда өткөн эл аралык турнирден кийин дээрлик машыгуу өткөргөн жокмун. Колумдун ооруганына байланыштуу Жакартага келердин алдында машыктыруучум менен кеңешип, “күрөшпөй эле койсомбу” деген маселе да көтөрүлгөн. Бирок катыштым, даярдыгыма жараша медалга татыктуу болдум деп эсептейм. Жалпы кыргызстандыктар мени колдоп, ишенип келе жатат. Ушул ишеним мага чоң күч-кубат берет. Кыргыз элимди мындан ары да кубанта бергенге болгон аракетимди жасайм.

Аталган Азия оюндарына барган спортчуларыбыз спорттун 28 түрүнөн күч сынашууда. Азия оюндарынын расмий сайтында Кыргыз өлкөсү 22-августка карата 9 медаль алып, 21-орунда келе жатат. 18-августта башталган Азия оюндары 1-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтөт. Мелдештердин расмий жабылышы 2-сентябрда болот. Мындан кийинки беттештерде да мекендештерибиз ийгилик багындырып, медалдардын санын арбытат деп ишенебиз.

Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mavlyuda
2018-08-28 10:12:53
Азаматтар. Булардын ар бирине мамлекет тараптан унаа квартира стипендия каралса 2020-жылдагы олимпиадада чемпион болушат. Баарынан айрыкча Айсулуудан үмүтүбүз чоң
+3
Izdei_-_berem
2018-08-28 11:15:51
Колдоо анча болбой жатат да,спортчуларыбызды
+2
fanatka19
2018-08-29 09:28:00
Азаматтар кыргыздын сыймыктары аман болгула,олимпиададан Айсулуудан алтын кутобуз. Мамлекет колдобой атат деп эле нааразы боло бербей элдер деле колдоп койсонор кур соз менен болсо да куттуктап, Самараны миллионун менен куттуктагыча.
+2
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан