КЫШКЫ САЛАТТАР: Кыштын камын жайында көр

ГРУЗИНЧЕ ДАЯРДАЛГАН КАБАК

Керектелүүчү азыктар:

(1,5 литр салат үчүн)

Кабак – 1 килограмм

Чили калемпири – 1 даана

Болгар калемпири – 300 грамм

Помидор – 300 грамм

Сарымсак – 1 баш

Пияз – 1 баш

Уксус (9%) – 50 миллилитр

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Укроп – 5 тал

Туз – 3 чай кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабакты жууп, тазалап, калыңдыгын 1 сантиметрден кылып тегерек формада кесебиз. Эми үстүнө 1 чай кашык тузду себелеп аралаштырабыз. Көмөч казанга бир аз өсүмдүк майын куюп, кабактын эки тарабын кууруп алабыз.

2. Соус даярдайбыз: Сарымсак, пияз, чили, болгар калемпирин, помидорду жууп, тазалап алып, эт туурагычтан өткөрөбүз. Бул массага тузду, кумшекерди салып, жай отто 7-8 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарарда майда тууралган укропту жана уксусту кошобуз.

3. Бууга кармалган банкаларга куурулган кабакты бир катар тизип, үстүнө соустан куюп, ушул ыраатта банканы толтурабыз.

4. Эми суу куюлган мискейге банканы салып, сыртынан 15 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын оозун бекитип, 1 күнгө жылуу ороп коёбуз.

МАРИНАДДАЛГАН БАКЛАЖАН

Керектелүүчү азыктар:

(3 литрлик банка үчүн)

Баклажан – 2 килограмм

Пияз – 1 килограмм

Болгар калемпири – 300 грамм

Сарымсак – 6-7 тишче

Өсүмдүк майы – 150 миллилитр

Уксус 9% – 150 миллилитр

Кумшекер – 2 аш кашык

Туз – 7 аш кашык

Петрушка – 1 тутам

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажанды жууп, тазалап, 3х3 сантиметр өлчөмүндө туурайбыз. 3 литр сууга 6 аш кашык туз кошуп, ага баклажанды салып 5 мүнөт кайнатып, сүзүп чыгарып алабыз.

2. Калган жашылчалардын баарын жууп, тазалайбыз. Болгар калемпирин төрт чарчы, пиязды жарым тегерек, сарымсак менен петрушканы майда туурап, баклажанга кошобуз.

3. Идишке 2 аш кашык кумшекерди, 1 аш кашык тузду салып, үстүнө 3 аш кашык кайнак суу куюп аралаштырабыз. Эми буга өсүмдүк майы менен уксусту куябыз. Маринад даяр!

4. Маринадды жашылчалардын үстүнө куюп аралаштырып, бууланган банкаларга ныктап салабыз.

5. Суу куюлган мискейге банканы салып, сыртынан 15 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын оозун бекитип, 1 күнгө жылуу ороп коёбуз.

КОРЕЙЧЕ ДАЯРДАЛГАН ПОМИДОР

Керектелүүчү азыктар:

(2 литрлик банка үчүн)

Помидор – 1,5 килограмм

Сарымсак – 1 баш

Болгар калемпири – 3 даана

Чили калемпири – 1 даана

Сабиз – 2 даана

Петрушка – 1 тутам

Укроп – 1 тутам

Райкан – 3 тал

Өсүмдүк майы – 60 миллилитр

Уксус (9%) – 30 миллилитр

Кумшекер – 50 грамм

Туз – 20 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп, тазалап алабыз.

2. Аралашманы даярдоо: Болгар, чили калемпирлерин жана сарымсакты эт туурагычтан, сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз. Эми буга майда тууралган укроп, петрушка, райканды жана кумшекер, туз, өсүмдүк майын, уксусту кошуп аралаштырабыз.

3. Чоң помидорду 4кө, кичинелерин экиге бөлөбүз. Бууланган банкага помидордон бир катар тизип, үстүнө аралашмадан 1 аш кашыктан куябыз. Ошентип кезектештирип тизип банканы толтурабыз.

4. Эми суу куюлган мискейге банканы салып, сыртынан 15 мүнөт кайнатабыз. Андан соң банканын оозун бекитип, 1 күнгө жылуу ороп коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Jin1209
2018-08-28 11:35:59
Суроттору толук корунбой атат
+1
admin_media
2018-08-28 17:14:00
Jin1209, саламатсызбы! Катачылык түзөтүлдү, рахмат.
+1
gul3ina
2018-08-29 08:19:42
Ушул элеби мындан башка да жакшы салаттардан чыгарсанар сураныч
0
Benazir08
2018-08-30 14:21:34
Кумшекерди калемпири бар нерсеге неге кошушат дейм да кош даам кылып туз жаныбарды эле салсан ачат го ачат
+1
JenaOfisera
2018-09-02 10:14:09
кумшекер помидордон чыккан ашыкча кычкылды нормалдаштырат
0
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан