ЧЕКЕНЕ ТӨЛӨМ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

ӨЛКӨДӨ ЧЕКЕНЕ ТӨЛӨМ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР РЫНОГУНУН ӨНҮГҮШҮ

Биринчиден, төлөм уюмдары жөнөкөй жана түшүнүктүү инструменттердин жардамы менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү аркылуу калайык калк үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылды.

Экинчиден, төлөм уюмдары кеңири агенттик тармакты түзүү жана өз кызмат көрсөтүүлөрүн дээрлик бардык талап кылынган жерлерге жайылтуу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүшүүдө.

Мында төлөм системалары аркылуу ишке ашырылган акча жүгүртүүлөрдүн көрсөткүчтөрү жогорулап, байкаларлык көлөмгө жетти жана Улуттук банк тарабынан жөнгө салынууда.

2018-жылдын 1-августуна карата абал боюнча, 22 юридикалык жак Улуттук банктын лицензиясына ээ, анын ичинен 21и лицензия төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна жана 20сы лицензия төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна ээ.

2018-жылдын 2-чейрегинин жыйынтыгы боюнча, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары аркылуу 7 миллиард сомго жакын жалпы суммасына 43 миллиондон ашуун транзакция ишке ашырылган.

УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНГАН УЮМДАРДЫН ИШИН ЖӨНГӨ САЛУУ

Жогоруда белгиленип кеткендей эле, буга чейин рыноктун чыныгы катышуучуларынын так саны жана көлөмү белгисиз болгондуктан, рыноктун иши тууралуу да ачык-айкын маалымат жок болчу. Ошол эле учурда, жогоруда көрсөтүлгөндөй, бул рыноктун көлөмү банктык масштабга жетип калган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда жүзөгө ашырышкан банк эмес жеке төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл киргизилген. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн белгилүү бир түрүн сунушташкан, электрондук төлөмдөрдүн ар кандай системаларынын банк эмес жеке операторлор кирген “төлөм уюмдары” деген түшүнүк киргизилген жана алардын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук банк лицензиялоо жана жөнгө салуу жол-жоболорун ишке ашырууда.

Улуттук банк тарабынан төлөм системасынын катышуучуларынын пикирин эске алуу менен ишти лицензиялоо боюнча тиешелүү укуктук ченемдик документтер иштелип чыккан.

ТӨЛӨМ ТЕРМИНАЛДАРЫ АРКЫЛУУ ТӨЛӨМДӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУДАГЫ ТАЛАПТАР

Төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу ишмердүүлүгү үчүн лицензиялоо тийиш болгондуктан, Улуттук банктын талаптарына ылайык документтер топтому тапшырылып, тиешелүү лицензияны алуу талап кылынат.

Документтер тапшырылгандан кийин Улуттук банк кызматкерлери 30 күн аралыгында экспертиза өткөрүшөт, эгерде тийиштүү талаптардын бардыгы туура келсе лицензия берилет. Лицензия алуунун акысы 300 сом турат, ал эми бул ишмердүүлүк менен алектенүүчү жактардын уставдык капиталы 1 миллион сомдон кем болбоосу шарт.

Зарылчылык пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын төлөм кызматтар рыногунун колдонуучуларынын укугун коргоо, атаандаштыкты өнүктүрүү жана монополияга каршы жөнгө салуу иш-аракеттердин алкагында Улуттук банк “Кыргызстан төлөм системасынын операторлор ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин мүчөлөрү менен жана, кырдаалга жараша, бардык кызыкчылыгы бар тараптарды – төлөм системасынын катышуучулары менен монополияга каршы мыйзамдарды сактоону, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө жана калк үчүн тарифтерди негизсиз көтөрүүгө мүмкүн эместиги тууралуу жолугушууларды өткөрөт. Улуттук банк тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузган жактарга карата тиешелүү чаралар колдонулуусу мүмкүн.

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮ

Электрондук төлөм рыногунун өзгөчөлүгүн салттуу финансылык инструменттердин маалымат технологиялары менен тыгыз байланышта болуусун байкоого болот. Жаңы чечимдер банк менен кардарлар ортосунда альтернативдүү байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, интернет түйүнүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен пайдалануучу интернет-банкинг кызматынан, ал эми уюлдук телефондун жардамы менен электрондук акчаны колдоно алат.

Чындыгында, финансылык технологиялардын өнүгүүсү банктык операциялардын кеңейишин, калктын чыгымдарынын азаюусун түшүндүрөт, ошондуктан Улуттук банк бул багытта иштелип чыккан продуктуларды ар тараптан колдоого даяр.

ЭЛЕКТРОНДУК АКЧАНЫН ӨНҮГҮШҮ

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамына ылайык, коммерциялык банктар гана электрондук акчанын эмитенти боло алат. Электрондук акчага байланыштуу ишти жөнгө салуу үчүн “Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө” жобо кабыл алынган. Бул жобого ылайык, электрондук акчаны эмиссиялоо үчүн банк кошумча укук алууга тийиш. Ал эми өз электрондук капчыктары менен иш алып барган төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору эмитент-коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүшү керек. Азыркы учурда электрондук акчаны эмиссия кылуу лицензиясын 9 коммерциялык банк алган, ошондой эле республикабыздын аймагында электрондук акча менен эсептешүү боюнча 10 система иш жүргүзүүдө.

Баса белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасында электрондук акчанын өнүгүүсү жаатында алгылыктуу динамика байкалууда.

2018-жылдын 2-чейрегинин аягына карата 25 банктын ичинен 9 коммерциялык банк же жалпы санынын 36 пайызы электрондук акчанын эмитенти болуп саналат.

2018-жылдын 2-чейрегинин аягына (2017-жылдын окшош мөөнөтүнө салыштырмалуу) электрондук капчыктардын саны жана көлөмү эки эсеге көбөйүп,
914 миң капчыкты түзгөн жана өткөрүлгөн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 3,2 миллиард сомду түздү.

ЖАҢЫ ПРОДУКТУЛАР БОЮНЧА ТОБОКЕЛДИКТЕР ЖАНА АНЫ ЖӨНГӨ САЛУУ

Жаңы технологияларды колдонуу менен жарандар укуктарынын, коопсуздугунун кепилденишин жана коргоого алынышын мамлекеттен талап кылууга укуктуу.

Электрондук акчанын мисалында, негизги тобокелдиктер катары төмөнкүлөрдү саноого болот:

Электрондук акчанын финансылык камсыздоосуз, көзөмөлсүз чыгарылышы;

Операторлордун банкрот болушу ыктымалдуулугунан, каражаттардын уурдалышынан, электрондук акча системасында иштин үзгүлтүккө учурашынан улам жабыркашы мүмкүн болгон, электрондук акчага ээлик кылуучулардын укугун коргоо механизмдеринин жетишсиздиги.

Жогоруда белгиленген жана башка тобокелдиктерди эске алуу менен электрондук акчалардын чыгарылышын жана жайылтылышын жөнгө салуучу укуктук ченемдик документтер иштелип чыккан жана алар улам өркүндөтүлүп турат. Булардын бири катары электрондук акча милдеттүү түрдө банктардын банктык эсептеринде толугу менен реалдуу акча каражаттары менен камсыздалууга, ал эми электрондук акча чыгаруу укугу финансы-кредиттик уюмдарга гана бериле тургандыгы тууралуу талапты саноого болот.

Улуттук банк тарабынан төлөм уюмдарга өзгөчө катуу талаптар коюлуп, алардын ишине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп турат.

Ошентип, Улуттук банк тарабынан бул рыноктун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле калктын ишенимин арттыруу максатында анын ишин изилдөө жана жөнгө салуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат деп белгилөөгө болот.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан