Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЭРКЕКТЕРДИН ТУКУМСУЗДУГУ. СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?

№825 24-30-август, 2018-ж


«Супер-Инфодон» окурмандарга өзгөчө мүмкүнчүлүк. Пайдаланып калыңыз! Урология жаатындагы сизди түйшөлткөн суроолор барбы? Анда 0557 75 63 11 WhatsApp номерине жөнөтүңүз. Суроолорго Улуттук урологиялык борборунун врач-урологу, медицина илимдеринин кандидаты, 35 жылдык иш тажрыйбасы бар Жуман Мырзалиев жооп берет. Жооптор жума сайын гезит бетине жарыяланып турмакчы.

Редакциябызга аялдардын тукумсуздугу жаатындагы гана эмес, “эркектердин тукумсуздугу эмнеден келип чыгат?” деген маанидеги суроолор да көп түшүүдө. Алардын экөөнү төмөндө жарыялап, бул темага кенен кайрылмакчыбыз.


Биздин баш кошконубузга 6 жыл болсо да, балалуу боло албай койдук. Кайын журтум күнөөнү мага коюп, “туубас” атка кондуруп, бизди ажыраштырууга аракет кыла башташты. Мен текшерилсем төрөөгө жөндөмдүү, эч оорум жок болуп чыккам. Демек, айып күйөөмдө. Бирок күйөөм “менин оорум жок, текшерилбейм” деп жатат. Мен ажырашууну каалабайм. Эркекте тукумсуздук эмнеден болорун, биз кандай жол менен балалуу болорубузга мүмкүн экендигин айтып коёсуздарбы...

Гүкү, 29 жашта, Ош



– Биз күйөөм экөөбүз 4 жыл жашап, бала көргөн жокпуз. Жолдошум 32 жашта. Врачтарга барсак экөөбүздү тең текшерүүдөн өткөрүшкөн соң күйөөмө “тукумсуздук” диагнозун коюшту. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Балалуу болууга бизде эч мүмкүнчүлүк жокпу?

Зульфия, 25 жашта, Токмок

Кыргызстанда баласыз үй-бүлөлөрдүн 45 пайызында маселе эркектерде, башкача айтканда, алардын тукумсуздугунда жатат. Эркектердин тукумсуздугу – бул 1 жыл бою жыныстык жашоодо такай жана сактанбай (бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонбой) жашаганга карабастан бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Ошол эле кезде аялдын ден соолугу жайында жана төрөөгө жөндөмдүү болсо. Кептин баары эркектин сексуалдуулугунда эмес, уруктугунун саны менен сапатында. Эркек балакатка жеткенден тартып анын организминде ар секунд сайын миңден ашык сперматозоиддер иштелип чыгып турат. Мунун баары сперматозоиддердин эң күлүгү аялдын жумурткасына биринчилерден болуп жетип, аны уруктандыруу үчүн жасалган аракет. Антсе да оору түрлөрү, жагымсыз факторлор бул процессти бүлгүнгө учуратат. Натыйжада эркектин тукумсуздугу жаралат.



ТҮРЛӨРҮ ЖАНА СЕБЕПТЕРИ

Тукумсуздуктун тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар.

Тубаса түрү.

1-себеби – аномалиялар (крипторхизм, монорхизм оорулары). Крипторхизм – эркектин жыныстык безинин урук калтасында болбой калышы (жыныстык без урук каналында же ич көңдөйдө жайгашып калат да, дененин жылуулугунун айынан спермалар зыян тартат).

Монорхизм – урук безинин биринин тубаса жоктугу.

2-себеби – тукум куучулук. Жакын туугандар бири-бирине баш кошкондо ген мутация болот да, зыянын балдар тартат.

3-себеби – асперматизм (урук суюктугунун жоктугу).

Кийин пайда болгон түрү

1. Жыныстык жактан жугуучу инфекциялык оорулар (трихомониаз, хламидиоз, уреаплазмоз, микоплазмоз, сифилис, гонорея, везикулит). Булар урук калтасындагы урук безди сезгендирип, дарылабаса тукумсуздукка жеткириши мүмкүн.

2. Варикоцеле (урук безинин вена тамырынын кеңейиши. Вена кеңейгенде урук бези шишип, чоңоёт жана урук безиндеги температура көтөрүлүп, сперматозоиддердин иштелип чыгуусунун бузулуусу).

3. Системдик оорулар (кургак учук, боордун циррозу, дем алуу жолдорунун өнөкөт оорулары, кант диабети, бруцеллёз, тепме (паротит)).

4. Сезгенүүлөр (простатит, уретрит жана башка).

5. Жука чурайдын грыжасына, табарсыкка жасалган операциялар.

6. Нур жана химиялык дарылоо, антибиотиктерди көп колдонуу.

7. Гормоналдык бузулуулар (тестостерондун жетишсиздиги, мунун натыйжасында эрекция жана сперматозоиддердин иштелип чыгуусу бузулат).

8. Жыныстык жашоого эрте аралашуу, импотенция.

9. Алкоголдук ичимдиктерди көп ичүү, тамекини көп чегүү, баңгизаттарын колдонуу.

10. Радиация.

11. Жыныстык органдардагы жаракаттар.

12. Химиялык каражаттар менен өстүрүлгөн жашылчаларды, даам, жыт берүүчү кошулмалар кошулган тамак-аштарды, суусундуктарды көп ичүү.

13. Дайыма газ, бензин, солярка сатып иштөө.

14. Стресстерге көп кабылуу.

15. Витаминдердин жана цинктин жетишсиздиги.

ДИАГНОЗ КОЮУ

1. Врачтын текшерүүсү

2. Спермограмма (урук клеткаларынын бар же жок экендиги, ошондой эле алардын кыймылдуулугу текшерилет)

3. УЗИ

4. Гормондорго анализ

5. Жыныстык жактан жугуучу оорулардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн анализ

ДАРЫЛОО

Консервативдүү дарылоо.

  • Тукумсуздукка жеткирген себептерди таап, ошого жараша дары-дармек берилет. Мисалы, сезгенүүдөн улам болуп жатса антибиотиктер, гормоналдык бузулуулардан улам болсо аны калыпка келтирүүчү каражаттар, жыныстык жактан жугуучу оорудан болсо оору козгогучтарды жок кылуучу дарылар.
  • Хирургиялык жол. Эгер варикоцеле оорусу болсо, анда лапароскопия ыкмасы менен операция жасалат, тубаса аномалия болсо хирургиялык коррекция жүргүзүлөт жана башка.

    БАЛАЛУУ БОЛУУ ЫКМАЛАРЫ

• Жасалма уруктандыруу.

Күйөөсүнүн же донордун спермасын аялдын жыныс кынына же жатынына атайын аспап менен салуу. Бул ыкма тирүү кыймылдуу сперматозоиддердин саны аз экендигине карабай колдонулат.

• Экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) же жасалма бойго бүтүрүү.

Аялдын жана эркектин уруктугу өз-өзүнчө алынып, ичинде атайын суюктугу бар пробиркага салынат. Уруктанган клеткалардан түйүлдүктөр жаралат. Түйүлдүктөр инкубатордо кармалып, аларга 3 же 5 күн болгондон кийин түйүлдүктүн бир нечеси (адатта 2-3) аялдын жатынына катетер менен жайгаштырылат. Алар жатынга жабышып, андан ары жашап кетиши зарыл. Бул ыкма эркектин уруктугунда жок дегенде 10-20 тирүү сперматозоид болгон учурда колдонулат.

“ТӨШӨК ОЮНУНАН КИЙИН АЛИГИМДИН АЛДЫ "ЗЫРП" ДЕЙ ТҮШӨТ”

– Төшөк оюнун бүтүп, уруктугум аккандан кийин алигимдин алды жагы "зырп" дей түшөт. Мындай учурда башым да ооруп чыгат. Мурун мындайы жок болчу, кийин эле пайда болду. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

Аскар, 42 жашта, Кант

– Жыныс мүчөнүн алды жагы эмнеден улам зырпылдап кетерин аныктоо үчүн урологго көрүнүңүз. Ал эми жыныстык катнаштан кийин баштын оорушуна келсек, айрым окумуштуулар жыныстык катнаш учурунда артериалдык кан басымдын жогорулоосунан же шакыйдан болушу мүмкүн дейт. Кыскасы, так аныктала элек. Сизге терапевтке көрүнүп, текшерилүүнү сунуштайм.

“ТООДОН КУЛАГАНДАН БЕРИ ТАБАРСЫГЫМ ООРУЙТ”

– Пикникке чыкканыбызда тоодон кулап кеткем. Ошондо жамбашым менен кошо табарсыгым ооруп калган. Азыр жамбашымдын ооруганы билинбей калганы менен, табарсыгым дале ооруп жүрөт. Дарыланбаса бул кооптуубу? Тааныштарым “табарсыгыңдагы оору бөйрөгүңө да жайылып кетиши мүмкүн” дешүүдө.

Адилет, 35 жашта, Бишкек

– Сиз урологго жана травматологго көрүнүп, текшерилүүңүз керек. Уролог диагноз коюу үчүн УЗИден өтүүнү, заара анализин тапшырууну жана башкаларды сунуштайт. Травматолог рентгенография сыяктуу текшерүүдөн өткөрөт. Диагноз изилдөөлөрдүн жыйынтыгына карап коюлат жана ошого жараша дарылоо жүргүзүлөт. Уролог консервативдүү дарылоону же операцияны сунушташы мүмкүн. Эгер дарылабасаңыз, ооруну козгогучтар табарсыктан заара чыгаруучу түтүкчөлөр менен барып бөйрөктү да сезгендирип, оорутары анык.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(5)
28.08.2018. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 10:21
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул байке менен кандай туз байланышсак болот супер инфо
28.08.2018. 23:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
06-12-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 09:48
Жынысы:
Белгисиз
-4
nur...nur.,байланыша албайсын,аракет кылбай эле кой
02.09.2018. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
0
nur...nur.,центр урологии, тоголок молдо кочосу 1
30.08.2018. 23:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
02-09-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы супер инфо.Менин суранычым бар гинеколог адисине суроом бар болчу почтаман жооп кутом.Алдын ала рахмат
30.08.2018. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
02-09-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
-1
сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: