КЫРГЫЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ НАМЫСТЫ КОЛДОН ЧЫГАРГАН ЖОК

21-августта Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн таанымал чыгармачыл инсандары арасында Ош шаарында футбол боюнча беттеш болуп өттү. Бул боюнча Эрмек Нурбаевге байланышканыбызда: “Футбол Ош шаарындагы борбордук стадиондо болуп өттү. Бул демилгени Ош маданий “Азем” борборунун жетекчиси Эрнис Кулназаров байкебиз көтөрүп чыкты. Өзбекстан менен байланышкан да ушул киши болду. Башкы максат – эки элдин ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө болчу. Ал эми оюн абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгы да баарыбызды кубандырды. Кыргыз мамлекети Өзбекстанды 10:4 эсебинде жеңди. Алгачкы голду Улан Барпиев киргизсе, акыркысын мен киргиздим”,- дейт жеңишке кубанган “Тамашоунун” атасы.

Эске салсак, кыргыз эстрада ырчыларынан Омар, Данияр Эрматов, Замир Мырза, Курал Чокоев, Бегиш, Максат Садырбеков жана башкалар команданын катарын толукташты. Өзбек туугандардан Улугбек Кадыров, Алишер Узаков сыяктуу атактуу актёрлор оюн көрсөтүштү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Izdei_-_berem
2018-08-28 10:31:19
Озбекстанда женсенер анан ушинтип айтса жарашат
+4
Paprikafm
2018-08-28 11:41:03
Интернетке качан чыгат экен
+2
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан