КӨК ЖАЛДАР КӨК БӨРҮГӨ ДАЯР

2-сентябрь күнү Ысык-Көлдүн боюнда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат. Анда улуттук спорттун 36 түрү боюнча мелдештер өтөт. Оюндун кан кызыткан эң негизги мелдеши, албетте, көк бөрү. Кыргыз эли үчүн улак менен кошо намыс талаша турган улуттук курама команда менен тааныштырабыз.

КӨК БӨРҮ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДА:

“НЕГИЗГИ МАКСАТЫБЫЗ – ТАЗА ОЙНОП, ТАЗА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТҮҮ”

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тилек Урманбетов жигиттер оюнга кызуу даярданып жатышканын айтат:

– Быйылкы Көчмөндөр оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасын “Ынтымак” командасынан 5, “Достуктан” 4, “Биримдик” командасынан 3 улакчы түздү. 12 жигит тең өлкөбүздөгү алдыңкы 3 мыкты командадан тандалып алынган. Андан тышкары беттешке чыга турган аттарыбыз да күчтүү. Учурда биздин курама команда Ысык-Көлдө машыгууда.

Биздин негизги каршылашыбыз Казакстандын курама командасы. Кыргыз-казактын көк бөрүчүлөрү бирин-бири таанып, кандай ойнойт экенин жатка билет. Ар ким өзүнө тиешелүү милдетти так аткарып, каршылаштарыбызга жараша тактика түзөбүз. Негизги максатыбыз – таза ойноп, таза жеңишке жетүү. Буюрса, намысты колдон алдырбайбыз.

МАНАС НИЯЗОВ

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 27-апрель

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Дөң-Булак айылы

Курама командадагы амплуасы – Чабуулчу

Ойногон командасы – “Достук”

Минген аты – Бойка

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

“УЛУТ НАМЫСЫ ҮЧҮН БАР КҮЧҮМДҮ ЖУМШАЙМ”

– Манас, Бойка экөөңдүн оюнга даярдыгыңар жакшыбы?

– Учурда ден соолугум да жакшы, атым да беттешке даяр. Бала чагымда улуттук деңгээлде намыс коргосом деп кыялданчумун, мына эми мүмкүнчүлүк келип турат, элим үчүн бар күчүмдү аябай жумшайм деп турам. Биз казак тарап кийин утулуп калса шылтоо айтпасын деп таза оюн көрсөтөлү деп турабыз.

РУСТАМ ТЫНАЛИЕВ

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 7-июль

Туулган жери – Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айылы

Курама командадагы амплуасы – Чабуулчу

Ойногон командасы – “Биримдик”

Минген аты – Комбат

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

“КААЛООБУЗ МЕНЕН КАЙРАТЫБЫЗ КҮЧТҮҮ”

– Рустам, адатта берилип кетип улак менен тай казанга кошо түшүп кетет элең, бул ирет да өзгөчө салымдарды көрө алабызбы?

– Кырдаалга жараша ойногонго туура келет, кээде атың тай казандан өтүп кетет, ошондой учурларда кандай гана ыкма менен болбосун, каршылаштардын тай казанына улак таштаганга аракет кыласың. Бул жолу да кайратыбыз менен каалообуз күчтүү, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз. Учурда атымдын абалы бир аз туруксуз болуп турат, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин убакыт бар, ага чейин өзүнө келип калат деп үмүттөнүп жатабыз.

МАРЛИС КОЙГЕЛДИЕВ (команда капитаны)

Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 2-сентябрь

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Калба айылы

Курама командадагы амплуасы – Коргоочу

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Минген аты – Арбат

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы

СЕЙИТБЕК АНАРБЕК УУЛУ

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 17-декабрь

Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы

Курама командадагы амплуасы – Чабуулчу

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Минген аты – Каракуш

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

ЧУБАК НУРМАНБЕТ УУЛУ

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 14-июль

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Калба айылы

Курама командадагы амплуасы – Коргоочу

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Минген аты – Аккуш

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

НУРЖАН МЕЛИСБЕК УУЛУ

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 20-декабрь

Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Бакайыр айылы

Курама командадагы амплуасы – Чабуулчу

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Минген аты – Торнадо

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

ЭРЛАН ТӨЛӨБЕКОВ

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 16-июль

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Талдык-Булак айылы

Курама командадагы амплуасы – Коргоочу

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Минген аты – Барон

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы

УЛАН НАСАКЕЕВ

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 14-ноябрь

Туулган жери – Чүй облусу, Сокулук району, Төш-Булак айылы

Курама командадагы амплуасы – Коргоочу

Ойногон командасы – “Биримдик”

Минген аты – Грозный

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

КУБАНЫЧ СУЛТАН УУЛУ

Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 28-октябрь

Туулган жери – Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айылы

Курама командадагы амплуасы – Ортодогу жекеме-жеке ойноочу

Ойногон командасы – “Биримдик”

Минген аты – Атаман

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

ТАШТЕМИР МАЙЛЫБАШЕВ

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 25-октябрь

Туулган жери – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ылай-Талаа айылы

Курама командадагы амплуасы – Коргоочу

Ойногон командасы – “Достук”

Минген аты – Алай

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

АСКАТ АСКАРОВ

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 13-июль

Туулган жери – Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айылы

Курама командадагы амплуасы – Чабуулчу

Ойногон командасы – “Достук”

Минген аты – Токмок

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү

АЙБЕК ТЕМИРБАЕВ

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 5-май

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы

Курама командадагы амплуасы – Ортодогу жекеме-жеке ойноочу

Ойногон командасы – “Достук”

Минген аты – Ахиллес

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aibek8992
2018-08-28 15:26:56
Азаматтар Аллахым колдосун силерди. умутубуз силерде. Ар кандай кырсыктардан сактасын. ар дайым аман болгула.
+5
ere
2018-08-28 16:22:26
Ахилес Айбекке тийиптирда анда 100% жениш Кыргызстанда !
+4
aibars
2018-08-28 18:04:31
Аллах колдоп казахтарды таза утуп алгылачы. Ооо жараткан утуш биздики болсо экен.
+1
mikana
2018-08-31 16:49:13
Женишке жетет буйруса биздин команда
+1
abdraev
2018-09-02 16:54:04
казактарды силер да сабагыла откон ойюнда жаным кашайды эле биздин жигиттерди сабаганын коруп бул очошкондук эмес кылган кылыктарыны эстетиш балким эстерине кэлишеер жерине элине барганда кайталашпай турган болушаар
+1
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан