(Башталышы өткөн сандарда)
Сиз кайсы бир учурда коргоосуз, жападан жалгыз калдыңыз беле? Акыл берген адамыңыз жок же жөн гана ойлорун, түйшүгүн айтып алганга адамы жок калбасаңыз керек, ээ? Эгерде муну сезсеңиз Элинанын абалын түшүнө алсаңыз керек. Ал бул дүйнөдө жападан жалгыз болчу. Карманганы эки баласы. Кээде башына келген нерседен акылынан адашып кетемби деп ойлочу. Айласыздык, туңгуюк абалда да балдарына жылмайганынан жазбады. Анын жылмаюусу да өзгөчө болчу. Кайсы бир адамдар болот го, ички сулуулугу жүзүнө чыгып турган. Элина дал ошондой эле. Эки баласы апасынын тек жылмаюусун карманышар эле. Апасы жылмайып жатат, демек, баары жакшы! Көзүндө жаш турса да баары бир жылмайып жатат. Аман да бул жылмаюусунан улам “Менин Мона Лизам” дей турган.
Жатаканага көчүп келгендеги кызынын өңүн Элина эч унута албай жүрдү. Ак жүздүү бакырайган 4 жашар кыз жатаканага жатыркай карап бөлмөнүн ичине киргенде таптакыр эле оозу ачылып калды. Кең бөлмөлөрдө чуркап жүргөн кызга бул тар капастай эле болду.
– Апа, мындан кийин биз ушул жакта жашайбызбы?
– Ооба, кызым,- деди үнүн шаңдуу чыгарганга аракет кылган Элина.- Биз бул жерде жашайбыз. Сонун жашайбыз!
– Ашканабыз кана?
– Бул жерде?
– Биздин бөлмөчү?
– Баары бул жерде. Силерге сюрприз, эми үчөөбүз чогуу жатабыз! Кел, уулум, колуңду жууйлу...
Уулу менен алек болуп бүтүп, кызын караса ал дагы деле турган ордунда алайып турган экен. Жүрөгү зырп эте түштү. Өзүн эстеди. Апасын ойлоп кетти... Анын жүрөгү эзилди бекен? Чоң энесине 4 жаштагы кызын таштап кетип жатып анын кийинки тагдырын ойлоду бекен? Элина энесинин жүзүн таптакыр элестете алчу эмес. Азыр эмнегедир бүдөмүк бир элес келе түштү. Жашыл көйнөк! Ооба, апасынын жашыл көйнөгү боло турган. Анан жумшак, узун колдору эсинде калыптыр. Бирок жүзү эсинде жок. Кызын кучактай маңдайынан сүйдү.
– Баары жакшы болот, кызым, биз бул жерде көпкө турбайбыз. Мен иштеп акча табайын, анан кетебиз.
Чыныгы кызык түн ичинде башталды. Каршысындагы эшиктен түн ортосунда айгай салган аялдын, коркураган эркектердин үнү угула баштады. Чочуп кетип ыргып турган Элина эшиктин жанына барды. Эмне кылат? Алардын орой сөздөрүнөн кулагын баса калды. Байкаса, балдары да ойгонуп кетиптир.
– Чүш, баары жакшы болот. Мен жаныңардамын.
Эненин кучагындай кудуреттүү нерсе барбы? Азыр алаамат болуп кетүү коркунучу турса да апаң бир кучактап койсо баарын унутуп каларсың. Алия менен Адам да апасынын кучагында ушуну сезишти.
– Апа, сен дагы коркуп жатасыңбы?
– Жок, жаным, баары жакшы.
– Бул эмне үн, апа?
– Сен укпа аларды, байкелер ойноп жатышат.
– Жо-ок эжекелердин да үнү чыгып жатпайбы?
– Ооба, чоңдор да кээде ойнойт. Кел эми биз уктайлы.
Алия апасынын добушу да, денеси да титиреп жатканын туйду. Элина балдарын жаткырып коюп эртеңки күнү тууралуу ойлоду. Эртең менен туруп жалпы ашканада балдарына ботко бышырып жатып кечки окуянын каарманын көрдү. Эрдин кыпкызыл кылып боёнгон, кара көздүү, бою узун кара тору келин экен.
– Зуля, кечинде дагы кимди бакырттың, ия?- деп калды бири тамашага салып. Тиги жооп бербеди. Муздаткычтан минералдык суу алып стулга талтая отурду да, кекээр үн катты.
– Кана, лекцияңарды окугула мага. Силер эле периштесиңер.
Элина бардык эркин жыйып жанына барды.
– Менин кичине балдарым бар. Алар түндө коркуп...
– Эмне кылайын? Сенин балдарың менен менин ишим канча, ия? Сен мага жашоого акча берип койгонсуп милдет кылып...
Бакырып коё берген аялдын көзүнө тиктеп туруп чегине берди. Анын көздөрүнөн дал өзүнүкүндөй жанкечтиликти көрдү.
– Сиздин балдарыңыз жокпу?
– Хе, менин балдарымбы? Ме сага балдар!- ортону менен жаман ишарат көргөздү да, басып кетти.
Аркасынан тигилген Элина сөз айта албай калды.
ххх
Шаарды кыдырып отуруп тигүү цехинен араң жумуш тапты. Тажрыйбасы жоктугун айтса “алгач топчу тигип тур” дешти. Бул цехтин өзгөчөлүгү – такыр тажрыйбасы жокторго мүмкүнчүлүк берет экен. Топчу тиктирип, анан үтүккө отургузуп, кийин кийим тиккенге акырындап өткөрүп жүрүп отурат тура. Кандай болсо да иш тапканына сүйүндү. Бирок айдын аягында алган акчасы болгону 3000 сомду түздү. Уучундагы акчаны карап эрдин араң кыбыратты.
– Ушул элеби?
– Ай, сен кызык немесиң го. 5 күн "уулум ооруп калды" деп келбей жаттың. Анан түшкү тамагыңды кармадык. Иштегениң ушул, өзүң кыбырап отурасың да...- деп кабагын бүркөп сүйлөнүп кирди цехтин кожойкеси.
Эч нерсе дей албады. Акчаны тиктеди. Балдарынын бакчасынын жарымынын жарымына жетпейт. Демек, мамлекеттик бакчага которушу керек. Жаныбек адвокат балдары Амандын мураскери экени, балдар аныкы экени далилденсе алардын мурас талашканга укугу боло турганын айткан. Аргасыз анын телефонун терди. Болгон окуяны айтты.
– Мен сизге жардам берем. Бирок сотто балдар аныкы экенин далилдөө үчүн көп убакыт кетет.
– Фамилиясы аныкы да, бул жетиштүү эмеспи?
– Негизи жетиштүү. Бирок биз кимге согуш ачып жатканыбызды даана билишибиз керек. Нуриза Туманова анын мыйзамдуу аялы жана өлкө боюнча эң таасирдүү адамдын кызы. Туманов деген фамилияны укканда эле тизелери титирешет. Бирок баары бир мүмкүнчүлүк бар. 6 ай ичинде арыз жазууга тийиштүүсүз.
Дагы далай нерселерди айтты. Бири кулагына кирсе, экинчиси кирбей жатты. “Кызык, атасы Аман экенин далилдөө үчүн сотко кайрылышым керек. Бирөөгө айтса күлкүсү келет!” Ошентсе да арыз жазды. Канчалык мурасты талашкысы келбей турса да кылды. Анткени балдарынын укугу болчу.
Бул арада экинчи жумуш тапты. Түндө тигүү цехинде иштеп, күндүз официант болуп кафеге орношту. Эми анын жашоосу чындап эле чыгырыкты айланган тыйын чычкандай эле. Эртең менен балдарын алып бакчага жеткире коюп иштеген кафесине барат. Ал жерден саат 7де смен алмашат. Дакылдап балдарын бакчадан алып келе коюп аларга шам-шум эте тургандай бир нерсе жасайт да, уктата коюп топчу тиккенге жөнөйт. Таң атканда бутун сүйрөп 5те келет. Карамагында бир гана ишемби, жекшемби күндөрү бар, аны да үй-жайын жыйнап, балдарын киринтип, кир жууп, базарга бармай, бир аз уктап алмай менен өтөт. Чимирилген чимирик жашоо уланып жатты...
Баарынан оору түнкүсүн балдарын жалгыз таштап кетүүсү эле. Уктап жаткан жеринен демдерин тыңшап, электр мешти өчүрүп, карбаластап жатып араң кетет. Түнү менен жаман ойлор мээсин кысып “Бирөөлөр жалгыз таштап кетип жатканымды билип калса кирип бир нерсе кылып салабы? Өздөрү коркуп ыйлап калышабы? Коңшу Зуля коркутабы?” дей берип жаны төрт бөлүнөт. Ишти таштап да кете албайт.
– Сен эмнеге эле маңдайдагы саатты тиктей бересиң?- деди бир күнү жанындагы аял.
– Жөн эле...
– Аа, балдарыңдан санааң тынбай жатат го, ээ? Сага да оор.
Элинанын көзүнүн жашы мөлт тамды. Колундагы топчу, ийне да көрүнбөй калды.
– Кой ыйлаба, анткен менен балдарыңды ак эмгегиң менен багып жатпайсыңбы?..- деп койду тиги аны аяп шыпшына.
Ошол күнү бир нерсени сезгендей жүрөгү лакылдап эле токтобой калды. Жумуш бүтөрү менен чуркап чыкты да, алгачкы эле таксиге отуруп жөнөдү. Эки тепкичти бир аттап жетип келип туруп калды. Эшик ачык эле...
(Уландысы кийинки санда)