БИР БҮРКҮМ. КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА 4 ӨЛКӨНҮН ПРЕЗИДЕНТИ КЕЛЕТ

  • Президент СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ Апрель окуясына илимий баа берүүнү, Апрель баатырларын өлкөнүн окуу программасына киргизүүнү сунуштады.
  • III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын ПРЕЗИДЕНТТЕРИ КАТЫШАТ.
  • “Ата Мекен” фракциясы акыйкатчы кызматына КАНАТБЕК АЗИЗдин талапкерлигин сунуштады.
  • Араван районунун Гүлбар айылындагы МЕЧИТТЕН ӨРТ ЧЫГЫП, 2 адам каза болду.
  • III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда 28 МЕДИЦИНАЛЫК БРИГАДА кызматта болушат.
  • Бишкек шаардык кеңешинин төрагалык кызматына шаардык кеңештеги 5 ФРАКЦИЯ БИРДЕН талапкер чыгарат. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сагынов билдирди.
  • Милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча АЛГАЧКЫ СОТТУК ОТУРУМ Жайыл райондук сотунда 5-сентябрда болот.
  • Кара-Кулжада 12 адам КҮЙДҮРГҮ ООРУСУН жуктуруп алып ооруканага жаткырылды.
  • Таш-Көмүр шаарында 21 жаштагы жоокер Нарын ДАРЫЯСЫНА ЧӨГҮП каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
  • Чүй облустук милиция башкармалыгы өткөргөн 1 жумалык рейдде Чүй облусунда кайыр сурап жан баккан 49 БАЛА аныкталды.
  • Жалал-Абад облусунда “Кара куурай-2018” аттуу операциянын алкагында 20,8 ТОННА жапайы кара куурай өрттөлүп жок кылынды.
  • Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы коррупцияга каршы күрөштөн өкмөт ачкан бирдиктүү эсепке дагы 7 МИЛЛИОН 410 МИҢ 504 СОМ которулганын билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан