Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын соода алакасы 10 миллион доллардын тегерегинде гана. 2015-жылы Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен келип, анда 15 документке кол коюлган. Алардын көбү Кыргыз-Түркмөн өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуу, келишимдер эле. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев "Түркмөнстан Ысык-Көлгө 5 жылдыздуу мейманкана кура турган болду" деп билдирген. Андан бери 3 жыл өттү, мейманкана курула элек. Ал эми түркмөн башы “биздин өлкө Кыргызстанга арзан электр энергиясын берүүгө даяр” деген. Бирок сөз бойдон калды, өлкө дале Түркмөнстандан электр кубатын импорттобойт. Учурда өлкөлөрдүн ортосунда визалык режим иштейт, Түркмөнстанга виза ачтыруу оңой иш эмес. 2013-жылы Кыргыз Республикасы 44 өлкөнүн жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим киргизип, бул тизмеге Түркмөнстан кирген эмес. Тыгыз соода-экономикалык катышы жок өлкөгө мамлекеттик делегациялардын кайра-кайра “саякаттап” жатышы бюджети чектелүү Кыргыз өлкөсү үчүн канчалык зарыл эле деген суроо ачык бойдон калууда.