КАЙСЫ УЛУТ СЕКСУАЛДУУ?

Ар улуттун салты ар түрдүүчө. Ошондой эле секске мамилелери да ар башкача. Эгер сизди “кайсы эл сексуалдуу жана алардын жөрөлгөлөрү кандай? ” деген суроолор кызыктырса, биз сиздин кызматыңыздабыз.

НЕМИСТЕР БИРИНЧИ ОРУНДА
2009-жылы Сан-Францискодо (АКШ) дүйнөнүн сексологдорунун съезди болуп өткөн. Ага Франция, Австралия, Испания, Швеция, Канада, Германия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан. Эксперттер коомдогу социалдык маселелерден тартып, секске дейре аналитика жүргүзүшүп, дүйнөдөгү сексуалдуу улутту аныкташкан. Ага чейин алар дүйнө элдерине сурамжылоо жүргүзүшкөн эле. Сурамжылоодо адамдардын билими, финансылык акыбалы көңүлгө алынган эмес. Тескерисинче, “үй-бүлө күтүү, аптасына канча жолу төшөк оюнуна барат, ойношу барбы жана болсо аны менен канча ирет жолугат?” сыяктуу жактар эске алынган.
Жыйынтыкта, 1-орунду немистер ээлешкен. Көрсө, дүйнөдөгү коомчулукта 18-23 жаштагы немис кыздары, ал эми эркектерден 35-40 жаштагы немис мырзалары эң сексуалдуу деп эсептелет экен. “Эмне үчүн немис эркектери?” деген сурамжылоого катышкан кыз-келиндер “немис эркектер тайманбас, оор басырыктуу, кыйын кырдаалда маселени оң жакка чече алган, куу эмес, айымдарга жакшы мамиле жасашат” деп көрсөтүшкөн. Германия – негизи, порнонун мекени. Мында секс маданияты 15 жаштан тартып окутулуп, үйрөтүлөт. Ушул жашта секске аралашкандар да көп. Башкысы, немистер сексти ден соолук үчүн эң керектүү нерсе деп түшүнүп, аны милдеттүү түрдө колдонуу керек дешет. Натыйжада, немистер жылына 170 ирет төшөк оюнуна көңүл бөлүшөрү анык болгон.
2-орунду гректер менен Латын Америкасынын жашоочулары (бир жылда орто эсеп менен 138 ирет жупташат), 3-орунду италиялыктар (жылына 106 ирет жупташат) ээлеген. Италиялыктар секстин уктоочу бөлмөдөн сырткары жерлерде болушун баалашат.
Эң акыркы орунда япондор турат. Алар ишти биринчи орунга коюп, төшөк оюнуна бир жылда орточо эсеп менен 45 жолу гана аралашышат.
Төшөктө ысык деп эсептелинип келген сингапурлуктар арт жактан санаганда 2-орунду ээлешкен. Камасутранын мекенинин жашоочулары жыл ичинде 73 ирет гана жыргалга батыша турган болуп чыккан.
Төшөк оюнун 24 мүнөткө дейре созо алат делген нигериялыктар аптасына бир ирет гана кошулууга барышат. Бул жылына болгону 53-54 ирет жупташуу дегенди билдирет.


ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн саныбызда)

Жыныстык жагынан шал эркектер
Бул убакыттын ичинде аялдардын көбү дене кумарына канып, оргазм ала алышат.
Бул америка элинин сексуалдык маданиятынын деңгээли жогору экендигин айгинелейт. Ушундан улам айтып кетчү нерсе, кээ бир эркектердин тез муздашы алардын жыныстык ал-күчүнүн начардыгында эмес, кеп жубайлардын сексуалдык маданиятынын начардыгында.

Бел суунун тез түшүшүнүн себеби эмнеде?
Башкы себеби, жыныстык катнаштын өтө сейрек болуусу. Муздак аялдар менен узак убакытка чейин жыныстык мамиле жасоо. Аял жыныстык байланышты каалабай “бол, бүтчү” деп шаштыра берүүсү.
Эркектин жыныстык мүчөсүнүн башындагы үрпүнүн астындагы ооздукчасы (жука жумшак эти) кыска болсо, эркектин “алигиси” өтө сезимтал болуп калат. Ушундан улам бел суу тез түшөт.
Эркектин жыныстык клеткаларын чыктоочу бези сезгенип ооруга чалдыкканда же эркек дене кумарына канбай жыныс мүчөлөрүнө кан уюп калганда да бел суу тез түшөт.
Эркек сексуалдык сезимталдыгы тубаса күчтүү болуп төрөлсө да бел суу бат агып кетет.
Ушул жерден кээ бир жубайларга сабак боло турган бир мисал келтирели.
Бизге бир күнү 35 жаштардагы аял кайрылды. Айтуусуна караганда, күйөөсүнүн бел суусу өтө тез түшөт экен. “Жыныстык катнаш эми башталганда эле бүтүп салат. Анан тескери карап уктап калат. Мен болсо кумарга канбай калгандыктан, жыныс органдарым уюп ооруйт. Кан басымым көтөрүлө баштайт. Ушинтип 9 жыл чыдадым. Акыркы кезде кан басымым көтөрүлгөндө доктур чакырчу болдум. Өтө тез бүткөн жыныстык катнаштан кийин кудум безгек болгон немедей калтырап-титирейм. Күйөөмө ушунчалык жиним келет. Мага жакшы сөзүн айтып эркелетип, туура түшүнүүнүн ордуна “сен картайганда жинди болдуң. Дене кумарына канбасаң бөлөк бирөөнү таап алчы” деп башка бөлмөгө барып жатып алат. Мен болсо сүйүүнү, оргазм алууну каалайм. Башка эркектерге баруудан уялам” дейт.
Бул жерде эркек аялына туура эмес мамиле кылганы көрүнүп турат.

Мындай жубайларга кандай жардам берүү кажет?
Сексуалдык мамиле боюнча түшүнүгү жок болсо, бел суусу тез түшсө сексологго көрүнүп, себебин тактатышы керек эле. Анан өзүн да, аялын да кумарга батырып, жубайлык жашоонун үзүрүн көрүүсү кажет болчу. Чех элинин сексологу С.Кратохвилдин кеңештерине көңүл буралы.
Жыныстык катнаш жүрүп жатканда бел суусу бат түшпөөсү үчүн ыйкоону токтотуу керек. Аялдын дүүлүккөнү азайып, кызыганы тарап кетпеши үчүн эркек колу же тили менен аялдын эрогендик чекиттерин (клиторун, эмчегин ж.б.) дүүлүктүрө берүүсү зарыл. Кээде презерватив колдонсо да жакшы.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан