Өлкөнүн аэропортторун эл аралык авиакаттамдар үчүн аялдама кылуу аракети жанданды. “Ачык асман” режимин киргизип, Кыргыз аба бекеттерин транзиттик борборго айлантууну көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилгени жатат. Бул мыйзамдан өлкө эмне табат? Элге тийчү пайдасы барбы? Бул тууралуу демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаевди кепке тарттык.
– 2014-жылы АКШнын аскер базасы чыгарылган соң өкмөт “Манас” эл аралык аэропортунун базасында авиахаб түзүүгө киришкен эле. Андан бери 4 жыл өттү, демилге эмне үчүн ишке ашпай калды?
– Муну терең түшүнбөгөндүк, кайдыгерлик же жеке кызыкчылыктарга дал келбегендик деген маселелер деп айтсак болот. Тагыраак айтканда, айрым чиновниктердин кызыкчылыгы үчүн “Манаска” авиахаб курабыз деген идея сөз жүзүндө калып кетти. Анткени өкмөт учурунда ачык асман саясатын киргизе алган жок. Ачык асман режими авиахаб курууга мүмкүнчүлүк ачмак, себеби Кыргызстан географиялык жактан транзиттик учууларга ыңгайлуу жайгашкан. Биз аркылуу көп өлкөлөргө учса болмок. Бул маселенин маанилүүлүгүн билген кошуна өлкөлөр акырындап ишке ашырып жатышат. Ал эми бизде ошол кездеги өкмөттүн алсыздыгы, эрксиздиги чоң бөгөт болду.
– Ачык асман режими боюнча мыйзам даярдап жатыпсыз. Бул мыйзамдын максаты эмне? Ал иштей баштаса өлкөнүн авиа тармагына кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?
– Негизги максат – өлкөнүн авиа тармагын либералдаштыруу жолу менен жарандарыбыздын ырааттуу учуусуна шарт түзүү жана өлкө казынасына кошумча киреше түшүрүү. Биздин жарандар арзан билет, коопсуз жана өзүбүздүн аэропорттор аркылуу учуулар менен камсыз болот. Акыркы күндөрү кыргыз авиакомпанияларынын учактарына байланыштуу чукул кырдаалдар көбөйүп кетти. Мисалы, Ошто учак аварияга учурады, Анталияга учкан учак кайра авариялык конуу жасады. Анткени учактардын баары эски, авиапарк жаңыланбай жатат. Атаандаштык бар жерде өнүгүү болот. Бизде асманды саналуу авиакомпания ээлеп алды. Азыр Стамбулга Алматыдан учуу биздегиге караганда 40 пайыз арзан болууда. Европага түз каттамдарыбыз жок, бул бизге келүүчү туристтердин агымын азайтат. Бардык эле туристтер Москвага же Стамбулга барып аэропортто 5-6 саат күтүп отурбай, түз учуп жеткиси келет. Ачык асман режимин киргизип алсак, “Манас” аэропорту транзиттик борборго айланат. Биз аркылуу көптөгөн жүктөр ташылат, логистикалык борборлор курулат. Азыркы тапта “Манас” өз потенциалынын 40 пайызга жакынын гана колдонуп жатат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамы боюнча инвестор таап, “Манас” аэропортун чоңойтуп алсак болот. Ачык асман режими кирип, каттамдар көбөйгөн соң Кыргызстанга инвестор кызыга баштайт. Келечекте Ош шаарында да ири эл аралык аэропорт куруп, Ошту Фергана өрөөнүндөгү чоң бир борборго айландыра алабыз.
– Мыйзам долбооруна өкмөт кандай пикирде?
– Бул аракет 2002-жылы эле башталган экен. Ошол мезгилде жергиликтүү авиакомпаниялар “даярданып алалы, 5-10 жыл бергиле” деп сураныптыр. Андан бери 15 жыл өттү, бул жерде чоң “лобби” болуп, эки үлкөн адамдын авиакомпанияларда кызыкчылыктары бар экен. Буга чейин акыркы төрт өкмөт башчысына “Ачык асманды” киргизүү керектигин сунуштап келгем. Азыркы иштеп жаткан өкмөт өз долбоорун сунуштап, алар даярдаган мыйзам долбоорун карасак кайра эле “жабык асман” экенин көрүүгө болот. Өкмөттүн долбоору боюнча чет элдик авиакомпаниялар биздин аэропортторго конуп, кайра учуп кетүү үчүн биздин Жарандык авиация агенттигинен уруксат алышы керек дейт. Уруксат алуу үчүн көптөгөн суммадагы акча суралат экен. Ал эми биз, депутаттар тобу, даярдаган мыйзамга ылайык, чет элдик авиакомпаниялар аэропорт менен эле сүйлөшүп алып учуп-коно беришет. Өкмөт биздин мыйзамды колдоп берүүнү чечти.
– “Манасты” транзиттик борборго айлантууга аэропорт канчалык даяр?
– “Манас” аэропорту Ташкент, Душанбе аэропорттору менен бир категорияда. Бардык көлөмдөгү учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Биз “Манас” аэропортуна инвестор тарта албай келдик. Эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде “Манаска” аэропортторду иштетүү тажрыйбасы бар бир чоң фирманы инвестор кылып тартып, аларга иштетүүгө мүмкүнчүлүк берсек болот. Азыр аэропорттогу жабдыктардын 80 пайызга жакыны эскирген.
– КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыздын авиакомпаниялары Евросоюздун “кара тизмесинен” чыга албай жатат. Себеп – учактардын абалы, коопсуздугубу же башка да себептери барбы?
– Бизде азыр 3 эле ата мекендик авиакомпания иштейт. Булар монополисттер, пайда таап эле жатышат, бирок учактарын жаңылабай коюшту. Атаандаштык болбосо ушундай болот. “Кара тизмеден” чыга албай жатканынын себеби техникаларынын эскилиги, авиация жаатында эл аралык нормаларды аткарбай жатканы деп ойлойм.
– Быйыл кышта депутаттар баш болуп киришип, бирок эмне үчүн ички каттамдарга билетти арзандата албай коюшту?
– Кичи мекеним Ошко каттаган сайын жарандар мага көп даттанып жатышты. Министрлик билеттер 4 миң сомдон ашпасын деп баа коюп берди. Бирок мындай иштерге мамлекет кийлигишпеши керек, баалар күч менен эмес, табигый атаандаштык жолу менен арзандаганы туура. Тармакта атаандаштык болсо, баалар өзүнөн-өзү түшөт. Ачык асман режимин киргизсек ички каттамдарды салыктан бошотушубуз керек. Азыр 1 билет үчүн мугалимдин 1 айлык маянасынын жарымы эле кетип калууда.
– Ачык асман темасына Жогорку Кеңеш ишке кирген соң дагы токтолобуз. Эми фракциядагы аба ырайына келсек, азыркы президент менен экс-президенттин ортосундагы тирештен кийин КСДП фракциясынын ички ынтымагы кандай?
– Жаңы президенттин же экс-президенттин адамы деген бөлүнүү жок. Ар кимдин өзүнүн көз карашы, принциптери бар. Бирок мурда депутаттарды бир тараптуу кармаганга аракет кылып, президенттик аппараттан көрсөтмөлөр берилип турат эле, ал нерсе токтоду. Жакында сотторду шайлоодо депутаттар каалагандай добуш беришти. Мурда мындай иштерде сөзсүз телефон чалуулар болчу.
– Азыркы өкмөткө эмне үчүн күн сайын сын-пикир күчөп баратат? Иштегенине жарым жылга жакындап бараткан Абылгазиевдин өкмөтүнө башкаруучу коалиция кандай пикирде?
– Коомдо өкмөткө сын-пикир абдан күч. Депутаттар өз ара сүйлөшүп калганда деле өкмөттүн ишине нааразылар арбын экени байкалат. Өлкөнүн ар бир жараны сезе турган чоң өзгөрүүлөр болбой жатат. Эл жаңы бийликтен көптү үмүт кылат эмеспи. "Салыкты көтөрөбүз, телефонду каттоого 100 сомдон алабыз" деп өкмөт элдин арасында нааразычылыктарды жаратып алды. Азыркы өкмөттүн эң негизги долбоорлорунун бири “Коопсуз шаар” эле, эгер “Коопсуз шаарды” ишке киргизе албаса, анда бул өкмөткө өтө кыйын болуп калат. Эл да талап кылышы мүмкүн, депутаттар да сынчыл позицияга өтүшү мүмкүн. Өкмөттүн бетке кармаганы эле ушул долбоор болчу.
– Парламентке кандай максатта келдиңиз эле? Алар орундалып жатабы?
– Жогорку Кеңешке барсам жасайм деген көп пландар бар эле. Бирок парламентте туруп деле баарын бүтүрүп жиберүү мүмкүн эмес экен. Депутаттык ишмердүүлүгүмдө кесиптештерим менен бирге элге пайдалуу болгон бир нече маселелерди чече алдык.
– Үй-бүлө – мамлекеттин өзөгү. Мамлекеттик ишмер өз мамлекетинде кандай башчы? Жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу кеп салып берсеңиз.
– Өзүм чоң үй-бүлөдө чоңойгом, 9 бир тууганбыз. Атам 85, апам 83 жашта. Учурда жубайым экөөбүз 2 кыз, 4 уулду тарбиялап жатабыз. Жубайым балдарды тарбиялап үйдө. Улуу кызымды быйыл турмушка узаттык. Улуу балам Кыргызстанда ЖОЖду бүтүп, жаңы иш баштады. Экинчи балам студент, калган балдарым мектепке барат, 2 жашка чыгайын деп калган эң кичүү кызым бала бакчага барат.
– Өзүңүздү издейсизби?
– Издейм. "Эмне кыла алдым, дагы эмне кылууга алым жетет?" деп ой толгойм. Жараткан депутат болууну насип кылган экен, көбүрөөк иш бүтүрүп калууга аракет кылып жатам. “5 жылда эмне кылдың?” деп сурашат, ага жооп бергидей болушум керек.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg