Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов айылдашы Талантбек Жамангуловго бычак сайган деп айыпталууда. Депутаттын кайда экендиги азырынча белгисиз, аны милиция кызматкерлери издеп жатышат. Ал эми жабырлануучу Токмок шаардык ооруканасында дарыланууда.
«АРЫЗ ЖАЗБАЙМ. АНТКЕНИ ШААРДЫК МИЛИЦИЯНЫН БАШЧЫСЫНА ИШЕНБЕЙМ»
Окуя боюнча жабырлануучу Талантбек Жамангулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
26-август күнү эртең менен байкем экөөбүз кой алалы деп мал базарга барганбыз. Базарда жүргөндө Тынай келип себепсиз эле мени бычактап салды. Милицияга арыз жазган жокмун. Анткени Токмок ШИИБинин башчысына такыр ишенбейм. Анын дагы аларга тууганчылыгы бар, бири-бирине жээн-таяке экен. Мага бычак сайып жатканын 20-30 киши көрдү. Эки күбө милицияга көргөндөрүн жазып берсе, эми аларга, туугандарына барып үстөмдүк кылып жатышат.
«ЖАМАНГУЛОВ «БЕСПРЕДЕЛЬЩИК»
Тынай Жансейитов менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Аны милиция кызматкерлери да таппай жатышат. Ал эми Токмок шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Максат Жоошбеков буларды айтты:
Ал эми Жамангулов тууралуу айта турган болсом, ал "беспредельщик". Былтыр президенттик шайлоо убагында Тынай Жансейитовдун үйүнө барып "чык эшикке" деп аны коркутканын уккам. Жамангулов президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановго, Жамансейитов Сооронбай Жээнбековго иштеген.
«ЖАБЫРЛАНУУЧУ АРЫЗ ЖАЗУУДАН БАШ ТАРТЫП ЖАТАТ»
Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын билдиришинче бычакталган жаран милицияга арыз жазып, көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Бул арада жабырлануучу Талантбек Жамангуловдун кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги тууралуу да маалымат тарады:
Анын маалымат каражаттарына берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде тергөө амалдары жүрүүдө. Бул факт боюнча Чүй РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Сот аны камакка алуу тууралуу сыртынан өкүм чыгарып, кылмышка шектүү изделүүдө. Ал эми жабырлануучу кылмыштуу топтун мүчөсү деген маалымат боюнча да иликтөө жүрүп жатат.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg