Бул жума Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргыз спортчулары ийгиликтүү көрсөткүчтөрү менен кубантты. Жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу жана жөө күлүк Дарья Маслова алтын байге багынта алышты. Көптөн күткөн алтын медалдар Кыргыз өлкөсү үчүн 8 жылдан соң гана келди.ТӨРӨКАН БАГЫНБАЙ УУЛУ
Туулган жылы – 1994-жыл, 14-ноябрь
Туулган жери – Ош шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жетишкендиктери: Грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинин күмүш (2015) жана коло байге ээси (2016); Дүйнө кубогунда 2 алтын байге тагынган (2017); Азия биринчилигинде 2 алтын медаль уткан (2018).
ЖЕҢИШ ЖОЛУ
Кыргыз мамлекетинин капчыгына алгачкы алтын байгени жиу-житсу чебери Төрөкан Багынбай уулу алып келди. 24-августта жиу-житсу боюнча мелдештер орун алып, анда 69 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн намысын Төрөкан Багынбай уулу коргоду. Төрөкан жеңиш жолун 1/16 финалдан баштады. Бул тепкичте спортчубуз ирандык Хадемиан Амирхосеинди утуп алса, жарым чейрек финалда казакстандык Хабибула Мансурду жеңди. Чейрек финалдык беттеште Багынбай уулу түркмөнстандык Желилмухаммед Хожамурадовду 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалда таиланддык спортчуну 4:2 эсебинде артта калтырды. Төрөкан Багынбай уулу финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашты. Бул беттеште дагы кыргыз спортчусу күчтүүлүгүн далилдеп, 2:0 эсеби менен жеңишти илип кетти. Беш беттеш – беш жеңиш. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында алгачкы алтын байге!
“ОЛИМПИАДАГА МАКСАТ КЫЛАМ"
Чемпион менен байланышканыбызда сүйүнүчүн биз менен тең бөлүштү.
– Жеңиш кут болсун! Финалдык беттешти түз эфирден бүтүндөй кыргыз эли көрүп, күйөрмандык кылып жатты.
– Куттуктоолорго чоң рахмат! Дагы деле толкунданып жатам.
– Алгач айтсаң, бул мелдешке канча убакыт даярдандың?
– Бул мелдешке көп убакыт даярдандым. 4 жыл мурда жиу-житсу спорт түрү 2018-жылы боло турган Азия оюндарына киргенин кабарлашкан. Ошол учурдан бери атайын бул чоң мелдешке даярдык көрүп баштагам.
– Мелдеш башында эле жеңем деген ишенич бар беле?
– Жеңем деген ишенич бар эле. Алла Тааладан сурап ниет кылып, ошол эле кезде талыкпаган мээнеттин аркасы менен ийгиликке жетиштим десем болот.
– Финалдык беттешке чейинки жана жеңиштен кийинки эмоцияларың менен бөлүшүп кетсең?
– Финалга чейин бир гана утушум керек деген ойдо болгом. Ал эми жеңиштен кийинки эмоциям – сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш чыкты.
– Алдыда дагы кандай пландарың бар?
– Буюрса, келечекте талыкпаган эмгек кылуу менен Олимпиаданы утууну максат кылдым. Азырынча бул спорттун түрү олимпиадалык болуп саналбайт. Бирок 2024-жылы өтүүчү Олимпиадада бул спорттун түрү кириши күтүлүп жатат.
– Ийгилик.ДАРЬЯ МАСЛОВА
Туулган жылы – 1995-жыл, 6-май
Туулган жери – Каракол шаары, Ысык-Көл облусу
Негизги жетишкендиктери: Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 3 миң жана 5 миң метр аралыкта жеңүүчү (2014); "Рио-2016" Олимпиадасында 19-орун; IV Ислам тилектештик оюндарында коло байге (2017); Азия чемпиондугунда 5 миң метр жана 10 миң метр аралыктагы жарыштарда алтын медаль (2017); Дүйнөлүк универсиадада 10 миң метр аралыктагы жарышта чемпион (2017).
САРЫ КЫЗ БААРЫБЫЗГА АЛТЫН КЫЗ
Экинчи алтын байге көпкө күттүргөн жок. Төрөкандын жеңишинин эртеси эле Азия чемпиону Дарья Маслова кыргыз элине экинчи алтынды алып келди. 25-август күнү жеңил атлетика боюнча 10 миң метр аралыктагы жарыш орун алды. Жарышка чыккан 11 спортчунун ичинде кыргыз жөө күлүгү Дарья Маслова дагы бар эле. Дарья Маслова бул аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундда чуркап өтүп 1-орунду ээледи. Биздин сары кыз беделдүү өлкөлөрдүн спортчуларын артта калтырды. Жеңиштен соң элдин сүймөнчүлүгүнө айланган жөө күлүгүбүз жеңиш сезимдери менен бөлүшө кетти: “Биринчиден мен машыктыруучуларым Виктор Борисов менен Татьяна Борисовага рахматымды айтам. Ошондой эле мага күйөрмандык кылган жалпы кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Алдыда мени
5 миң метр аралыктагы жарыш күтүп турат”,- деп айтты.
Үч күндөн кийин, тактап айтсак, 28-август күнү Дарья 5 чакырым аралыктагы жарышта өз күчүн сынады. Фиништик чийинге 15 мүнөт 30,57 секундда жетти. Бул көрсөткүч менен ал 2-орунга жазылып, күмүш медалды тагынды. 1-орунду бахрейндик Калдикан Бефкаду ээледи.
КОЛПАКОВАНЫН ОРДУН БАСА ТУРГАН ЖӨӨ КҮЛҮК
Дарьяны жаштайынан эле «Москва-1980» Олимпиадасында алтын медаль тагынган, Кыргыз жеринен чыккан айтылуу жөө күлүк Татьяна Колпакованын ордун басуучу катары айтып келишкен. Чындыгында Дарья жаштайынан эле мыкты көрсөткүч көрсөтүп келген. Ысык-Көлдүн кулуну Маслова Олимпиадага катышуу алгачкы максаттарынын бири экенин белгилеп келген. 20 жашында “Рио-2016” оюндарына жолдомо утуп, анда 19-орунду ээлеген. Буга чейин 2014-жылы Инчондо өткөн Азия оюндарында Маслова 5 миң метр аралыкта 9-орунду камсыз кылган. Тажрыйба топтогон Дарья Индонезиядагы Азия оюндарына мыкты калыбында келип, Азияны багындырды.ДЗЮДОДОН АЛГАЧКЫ ЖОЛУ МЕДАЛЬ
29-августта Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Артур Те коло медаль тагынды. Артур 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Чейрек финалда япониялык Жошия Маруямага утулуп, коло байге үчүн күрөш жүргүзүүнү уланткан. Анда өзбекстандык Шахрам Ахадов менен күч сынашып, негизги убакытта жеңүүчү аныкталган жок. Кошумча убакытта Артур Те жеңиштүү упай топтоп, кыргыз спорт тарыхындагы дзюдо боюнча Азия оюндарында алгачкы медалды алып келди.АЗАТ ҮСӨНАЛИЕВ ЖАРЫМ ФИНАЛДА
Азия оюндарында бокс боюнча мелдештер уланууда. 52 килограмм салмак ченинде мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн намысын Азат Үсөналиев коргоп жатат. Ал 3 атаандашын катары менен жеңип, жарым финалга аттанды. Анда ал учурдагы Азия чемпиону өзбек мушкери Жасурбек Латипов менен 31-августта кез келет. Жарым финалга өтүү менен Азат Азиаданын коло байгесин камсыздап койду. Бирок алтын медаль үчүн үмүт жок эмес.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg