ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 3-СЕНТЯБРДАН 9-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада акча табуу жана жеке иштер менен алектенип, ден соолукка да көңүл бурасыз. Жумушка байланыштуу жаңы идеяларга ээ болосуз. Үйдөгүлөрдү таарынтып албоого тырышыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алыстагы жакындарыңыз менен баарлашасыз. Документ иштерине чуркайсыз. Балдарыңызга керектүүлөрүн алып бересиз. Кесиптештер менен иштешүүдө кылдат, так болуңуз. Ашыкча тамактануудан, ичимдик ичүүдөн оолак болуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каржыны көбөйтүү, чарба иштерин бүткөрүү түйшүгү чыгат. Врачтарга текшерилүүгө, балдарга көңүл бурууга да убакыт бөлөсүз. Аптанын акырында үйүңүзгө конок келет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сапарга чыгасыз. Кошуналар, бир туугандар менен көп сүйлөшүүгө туура келет. Керектүү документтерди жана үй иштерин бүткөрүүгө көп аракет керек. Жаңы долбоорлордун үстүнөн иштейсиз. Чыдамкайлык көрсөтүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кайсы бир купуя иштер менен алектенесиз. Алдыдагы күндөрдө акчаны көбүрөөк табуу үчүн чуркайсыз. Анын аз же көп өлчөмдө болушу аракетиңизден, эл менен алака жасооңуздан көз каранды болот. Жакындар менен айтышпаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакынкы күндөрдө көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Сүйлөшүүлөр да, аракетиңиз да күчөйт. Акчага, унаага сак болуңуз. Бир туугандар ортосунда таарынычтар жаралышы мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жетекчиликке, өкмөт өкүлдөрүнө жакындан мамиле жасоого туура келет. Акча көйгөйү жаралат. Жакын арада жашыруун душмандар активдешет. Муну эске алыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Билим берүү жана текшерүү органдары жаатындагы көйгөйлөрдү бүтүрүүгө туура келет. Каршылыктар чыгышы мүмкүн. Алдыда дос, өнөктөштөр менен көп алагды болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Акча маселесине басым жасайсыз. Чечкиндүү болуңуз. Жогорку кызматтагы адамдар менен мамиле түзүп, иштешесиз. Дос, өнөктөштөргө аяр мамиле жасаңыз. Жашыруун нерселер ачыкка чыгат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чөйрөдөгү адамдарга карата мамилеңиз өзгөрүлүп турмакчы. Жаңы долбоорду ишке ашырууга киришесиз. Жакынкы убакта көзөмөл органдарына, билим берүү тармагына ишиңиз түшөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумуштагылардын сизге мамилеси өзгөрүлүп турат. Диетаны сактаңыз. Акча, аманат буюм, мурас жаатындагы маселелер менен аптада чуркайсыз. Дин кызматкерлери менен чырлашуунун алдын алыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сүйүктүүңүзгө, эс алууга убакыт бөлүп, балдарга керектүүлөрдү сатып бересиз. Көзөмөл органдары, акча жаатында көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ишиңизде текшерүүлөрдүн жүрүшү мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sezim.svetlana
2018-09-09 12:38:21
Туура бекен ээ ушулар
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан