ДЕПУТАТ КОЖОБЕК РЫСПАЕВ КСДПдан ЧЫГАРЫЛДЫ

Парламент депутаты Кожобек Рыспаев “партиянын максатына каршы иш-аракети үчүн” деп "Социал-демократтар" партиясынын тизмесинен чыгарылды. Мындай чечимди 29-августта партиянын саясий кеңеши кабыл алганын партиянын катчысы жар салды. Катчы Рыспаевди парламенттик комитет төрагалыгынан алуу, депутаттык комиссиялардын, жумушчу топтордун, туруктуу делегациялардын курамынан чыгарып салуу боюнча КСДП фракциясына сунуш берилгенин айтат. Рыспаев радиолордун бириндеги маегинде “эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм”,- деген эле. Партия депутатты ушул сөзү үчүн катардан чыгарууну чечкен. Депутат өзүнүн партиядан чыгарылышы боюнча: “Коррупциялык иштер болуп жатканын көрүп кантип айтпай коё алам? Партиянын ою боюнча мен унчукпай отурушум керекпи? Саясий кеңеште мени тизмеден чыгаруу укугу бар, чыгара берсин”,- деген жооп узатты.

Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ар-намыс” партиясынан депутат болсо, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын катарында депуттыкка шайланган. Учурда парламентте Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы.

Кожобек Рыспаевди тизмеден чыгаруу канчалык мыйзамдуу болду, Саясий кеңеште кворум чогулдубу же жокпу деген суроолор болууда, буга партия жооп бере элек. Депутаттардын КСДП кемесинен секире баштаганына караганда Жогорку Кеңеште жаңы партиянын пайдубалы түптөлө баштаган өңдөнөт.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан