ЖЭБди 386 миллион долларга жаңылоо алкагында станцияга 123 даана видеокамера орнотулган. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов кадимки баасы 5-6 миң сом турган видеокамералардын ар биринин баасы ЖЭБди жаңылоодогу документтерде 14,5 миң доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал эми Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы камералардын ар бири 300 доллардан сатып алынганын, аларды орнотууга 1 миллион доллардан ашык акча кеткенин билдирген.
“Электр станциялары” ЖЭБ кошумча видеокамераларга муктаж дейт. "Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин түзүлгөн комиссия аталган борбордун бардык жагына видеокөзөмөл орнотулушу керек деген жыйынтык чыгарышкан. Буга чейин да камералар сатып алынып, алар Бишкек ЖЭБиндеги жаңы курулган блокко коюлган. Эски блоктордо башынан эле видеокөзөмөл болгон эмес. Азыр ЖЭБдин бардык тарабына видеобайкоо коюлуп, алар бир экрандан көрүнүп тургандай болуп жасалат”,- дейт ишкана. 24 миллион 640 миң долларга жалпы 210 видеокамера сатып алынары айтылды. Ошондо 1 видеокамераны сатып алып орнотуу иши 117 миң сомдон айланууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg