Учурда өлкөдө 633 бала ВИЧ инфекциясы менен жашайт. Бул тууралуу “Позитивдүү жаштар” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усманова билдирди. Анын айтымында, булардын 500гө жакыны Ош аймагында жашайт жана алардын көбү ВИЧ дартын дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жуктуруп алышкан. 2007-жылы Ноокат аймактык ооруканасында ымыркайларга массалык түрдө ВИЧ жуктуруу фактысы катталган. Бул окуяда 14 дарыгерге кылмыш иши ачылып, сегизи ар түрдүү жаза алышса, 6 дарыгер акталган. Өлкөдө жалпы ВИЧ жуктуруп алган 7 жарым миңдей адам жашайт. 2007-жылы булардын саны 3700 эле. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча ВИЧ илдетин алып жүргөндөрдүн көбү Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарында. 1996-жылдан 2018-жылга чейин өлкөдө ВИЧ дартынан 1695 адам каза тапкан. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда 529 адам СПИД стадиясында жүрөт. Адистер бул илдеттин алдын алууда эң башкысы жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып келишет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.