“Кыргыз темир жолунун” жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин дарегине жарым жылдан бери сын айтылып келе жатат. Жогорку Кеңештин трибунасында да “Кыргыз темир жолунда” коррупция гүлдөп кетти деген сөздөр айтылып, өкмөткө ишкана жетекчилигине чара көрүүгө чакырыктар айтылып келет. Депутат Жанар Акаев бул ишкананын жетекчиси кызына “Кыргыз темир жолуна” караштуу жер тилкесине мейманкана ачып бергенин, ал эми поездге билеттерди Ногойбаевге караштуу компаниялар гана сатып жатканын жар салган. “Кыргыз темир жолунун” жетекчисин иштен алайын десе, парламенттеги фракциялардын биринин лидери калкалап жатканын мага премьер өзү айтты”,- дейт депутат. Өкмөт башчы фракция башчыларынын маанайына карап иш кылуусу керекпи же мамлекеттик кызыкчылыкка караппы? Бул суроо өкмөт башчыга берилиши керек.
Жогорудагы кызматкердин айткандары боюнча 24-августта Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, айтылган маалыматтар иликтене турган болду.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg