Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда иштеген сатуучу кардарды уруп өлтүрүп койду. Окуянын жүрүшү соода борборундагы видеокамерага түшүп калган. Анда сатуучу ачуусу менен кардарды уруп жибергенин, кардар катуу соккудан улам кулап түшүп, турбай калганын көрүүгө болот. Адегенде бул кылмыш боюнча Бишкек шаардык милициясы аталган соода борборунун жер төлөсүндө бир жаран эс-учун жоготуп жыгылып, өзүнө келбей каза болду деп маалымат тараткан эле. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси – денеге атайлап оор жаракат келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү башталды. Каза болгон жаран Бишкектин 45 жаштагы тургуну болуп чыкты.Автандил Добулбеков