БИР БҮРКҮМ. БИШКЕКТЕ ФИЛАРМОНИЯ ӨРТТӨНДҮ

  • Чолпон-Атада 3-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кызматташтык кеңешинин САММИТИ ӨТӨТ.
  • Акыйкатчы институту акыйкатчы кызматына бул мекеменин көп жылдан берки кызматкери УРМАТ АРАЛБАЕВдин талапкерлигин сунуштады.
  • Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы 2 аптага чейин УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ. Муну “Тез жет” авиакомпаниясы окуу жылына карата Бишкек-Москва каттамына учактарды көбөйтүүгө туура келип жатканы менен түшүндүрдү.
  • Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук ФИЛАРМОНИЯДАН өрт чыгып, 200 чарчы метрдей аянт күйүп кетти.
  • Бишкекте “Ата Түрк” сейил багында ӨРТ ЧЫГЫП, 3 миң чарчы метр аянт күйүп кетти.
  • Жер тилкесин мыйзамсыз берүү кылмышына шектелип кармалган Бишкектин мурдагы биринчи-вице-мэри РЕНАТ МАКЕНОВ үй камагына чыгарылды.
  • Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 4-СЕНТЯБРДА ишин баштайт.
  • III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинин жүрүшүндө коомдук тартипти камсыздоого 6 МИҢДЕН АШЫК милиция кызматкери тартылат.
  • Биринчи Май райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин, Жогорку Сот экс-премьер САПАР ИСАКОВду 5-октябрга чейин камакта калтырды.
  • Бишкекте №6-жаңы ТРОЛЛЕЙБУС КАТТАМЫ ачылды. Бул каттамдын акыркы аялдамалары 8-кичи району менен Батыш автобекети болот.
  • “Ата Мекен” партиясынын лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ дарылануусун Улуттук кардиология борборунун неврология бөлүмүндө улантууда.
  • Экс-премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөрүн УКМК билдирди. Сатыбалдиев 2013-жылы жүрөгүнө операция жасалганын, маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп турушу керектигин айтып даттанган.
  • Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен маркум журналист УЛАНБЕК ЭГИЗБАЕВге “Эрдик” медалы ыйгарылды.
  • Өлкөдө автоунаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 4-СЕНТЯБРГА чейин узартылды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан