Инстаграм социалдык түйүнү белгилүү адамдардын белгилүүлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, кошумча каражат тапчу булакка айланганына көп болду. Ал тургай абройду ченөө Инстаграм катталуучулардын саны менен өлчөнө турган заман келди. Миңдеген, миллиондогон катталуучулар... Бирок бул сандар реалдуу адамдарбы же жасалма жол менен көбөйтүлгөн "жансыз" адамдарбы, кеп ушунда. Өлкөбүздөгү Инстаграм колдонуучулардын ичинен көп катталуучусу бар адамдардын алдыңкыларын аккаунттарынын HypeAuditor атайын кызматынын жардамы менен анализдеп (29-августка карата статистика) көрдүк.
ӨЛКӨДӨГҮ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫ КОЛДОНГОНДОРДУН САНЫ
Светлана Марголистин СММ студиясынын жүргүзгөн изилдөөсүнө таянсак, бүгүнкү күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 1 миллион 400 миңден ашуун Инстаграм колдонуучу бар. Бирок бул ошончо сандагы адам аталган социалдык тармактын колдонуучусу дегенди түшүндүрбөйт. Бул сандардын ичинде жандуу да, жансыз да колдонуучулар болушу мүмкүн.
ВКонтакте – 1 479 000.
Инстаграм – 1 400 000
Одноклассники – 782 000.
Фейсбук – 590 000
БОТТОР ТУУРАЛУУ...
Жандуу аккаунт деген чыныгы адамдын баракчасы. Интернетте жансыз да аккаунттар болот. Алар “бот” деп аталат.
Бот – робот деген сөздүн кыскартылган версиясы. Бул адамдарга тиешелүү кандайдыр бир аракеттерди автоматтык түрдө жасай турган интернеттеги программа.САМАРА КАРИМОВА
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында эң көп окурманы бар аккаунттун ээси ырчы, актриса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова. Бүгүнкү күндө ырчынын 1 миллиондон ашуун окурманы бар. Жогорудагы программа чыгарган жыйынтыкка таянсак, алардын ичинен реалдуу катталуучулардын саны жалпы колдонуучулардын 77 пайызын түзөт. Катталгандардын калганы же 200 миңден ашыгы күмөн жараткан аккаунттар. Ырчы 28-август күнү Инстаграмдагы аккаунтуна расмий тастыктама алып, кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн ичинен верификацияга ээ болгон биринчи ырчы аталды. АНЖЕЛИКА
Инстаграм дүйнөсүндөгү дагы бир көрүнүктүү ырчы Анжеликанын окурмандарынын саны 966 миңге жетет. Алардын 806 миңи реалдуу катталуучу болсо, калганы күмөн жараткан аккаунттар.
АЙЖАН АСЕМОВА
Фотомодель, студент жана жөн эле сулуу кыз Айжан Асемованын Инстаграмда 843 миң катталуучусу бар. HypeAuditor кызматынын берген маалыматында Айжан ар бир постуна орто эсеп менен 45-50 миңден лайк топтойт. Реалдуу аккаунттар 843 миңдин 61 пайызын түзөт. Айжандын активдүү окурмандарынын саны жогорудагы эки ырчы айымдыкынан көбүрөөк экенин байкоого болот.
БАЯН МАКСАТ КЫЗЫ
Эми коңшу Казакстан Республикасынан 3 миллиондон ашык катталуучусу бар Баян Максат кызынын Инстаграм баракчасын алып көрсөк. Продюсер айымга катталгандын 54 пайызы реалдуу, калганы күмөн жараткан аккаунттар экенин жогоруда биз атаган программа көрсөттү.ОЛЬГА БУЗОВА
Салыштыруу үчүн дагы бир Инстаграм жылдыздын аккаунтуна тиешелүү статистиканы жарыялайлы. Buzova86 деген никтин ээси Орусиядан чыккан алып баруучу, ырчы Ольга Бузованын баракчасына бүгүнкү күндө 13 миллион 600 миңден ашуун адам катталган. HypeAuditor кызматы алардын 71 пайызы реалдуу, калган 29 пайызы күмөндүү аккаунт ээлери экенин көрсөтөт.
“УПАЙ ЧОГУЛТУП ЛАЙК АЛСА БОЛОТ”
Инстаграмда окурман топтоонун бир канча түрү бар. Анда акы төлөп адам чогултуудан тышкары бекер кызматтар да кездешет. Мисалы, баракчасында 9 миң катталуучусу бар Талант Инстаграм аркылуу ар кандай бекер “кызматтарды” аткарып, упай чогултат.
– Инстаграмда лайк менен окурман акысыз чогултуу үчүн атайын программа бар. Бир мисал, сиз жөн эле башка аккаунттарга жазыла бересиз да, ал “кызматыңыз” үчүн упай чогултасыз. Алсак, мага катталдыңыз дейли, бул үчүн сиз 10 упай тапкан болосуз. Ошентип упайларыңыздын саны тиешелүү бир чекке жеткенден кийин башкалар сизге жазыла турган мүмкүнчүлүккө ээ болосуз. Мындай жол менен бир күндө орто эсепте 100-200 окурман чогултса болот. Алардын саны, албетте, сиздин баракчаңыздын канчалык кызыктуу экенинен көз каранды. Бирок ал катталуучулар азайбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Мисалы, менин аккаунтума катталгандардын саны жакында эле 15 миң болчу, алар азайып отуруп 9 миңге түштү.
“ЖАНДУУ ДА, ЖАСАЛМА ДА КАТТАЛУУЧУ – АКЧА”
Эми окурман чогултуунун акы төлөнүүчү түрү жөнүндө сөз кылалы. Инстаграмда катталуучулардын санын жасалма жол менен көбөйтүп берүү кызматын сунуштагандардын бирине чалып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Саламатсызбы, Инстаграмдагы катталуучулардын санын көбөйтөйүн дегем.
– Жакшы, биз жандуу да, жасалма да катталуучуларды сунуштайбыз. 1000 сомго бир айда 1000ден 2000ге чейин жандуу катталуучу чогултуп беребиз. Алардын баары Бишкек шаарында жайгашкан адамдар болот. Бирок жандуу катталуучулар эртеңки күнү сиздин аккаунтуңузда кала берет деп эч ким кепилдик бербейт. Баары сиздин баракчаңыздын кызыктуулугуна жараша болот.
– Мага катталуучулардын саны эле маанилүү...
– Аа, эгерде баракчаңыздагы катталуучулар деген пунктун саны көп болуп көрүнсүн десеңиз жасалма аккаунттарды деле сатып алсаңыз болот. 5000 жасалма аккаунттун (боттор) баасы 1000 сом болот.
Катталуучулар менен лайктар акчага бааланып, интернет желесинде ачык сатылып калган күндө жасалма окурман сунуштаган кызматтардын да болжолдуу бааларын карап көрдүк:
100 лайк – 10-15 сом
5000 лайк – 200-250 сом
100 катталуучу – 50-60 сом
1000 катталуучу – 250-300 сом
Биз миллиондун айланасындагы катталуучусу бар чет элдик белгилүү адамдардын Инстаграм аккаунттарын барактап чыктык. Алардын көпчүлүк бөлүгүнүн жүктөгөн сүрөт, видеолоруна басылган “жакты” белгиси 50-100 миңдин айланасында экенине күбө болдук. Демек, кайсы бир колдонуучуга чындап жандуу аккаунттар катталган болсо, кеминде алардын 5 пайызы лайк басат. Эгерде инстааккаунттун ээси өзүнүн катталуучуларынын жалпы санынын 5 пайызынан аз лайк топтосо, демек, анын окурмандарынын кайсы бир бөлүгү "жел сандар" менен толтурулган деп жыйынтык чыгарса болот.
Алтынай Тынышова
star@super.kg