Максат Садырбеков, ырчы: «NON STOP» ДУЭТИНИН ТАРКАШЫНА СҮЙҮКТҮҮМ АЙСУЛУУНУН ТИЕШЕСИ ЖОК»

– Саламатсызбы, Максат мырза? Чыгармачылыгыңызга караганда жеке жашооңузда жаңылык көбүрөөктөй? Айсулуу аттуу сулууну ээрчитип алып тойлоп эле жүрөсүз, өзүңүз качан бойдокчулук менен коштошосуз?

– Саламатчылык. Чындыгында досторубуздун көптөгөн жакшылыктарына бардык. Тажрыйба топтоп жатам (күлүп). Албетте, буюрса, экөөбүздүн жакшы той өткөрсөк деген пландарыбыз бар. Азырынча так датасы белгисиз, бирок жакынкы аралыкта деп айта алам.

– Эмнеден улам Айсулууну тандадыңыз?

– Айсулуу жоопкерчиликтүү, жөнөкөй, тың, адамдар менен тез тил табышкан боорукер кыз. Мени дайыма колдоп турат. «Non Stop» дуэтинин тарап кеткенине 9 ай болсо да дале бул ишке Айсулууну күнөөлөп келишет. Бирок бул жерде анын эч кандай тиешеси жок.

– Келечектеги кичи мамлекетиңизди кандай элестетесиз?

– Эртең менен Айсулуу таңкы тамакты даярдаса, чогуу тамактансак. Жумушка узатса, кайра тосуп алса. Өзүм жаш балдарга абдан жакынмын. Балдарым кучак жая «атакелеп» чуркап чыгышса. Келечектеги үй-бүлөмдө бир гана тынчтык жана бактылуулук болсо дейм.

– Акыркы 2 жылда сырткы келбетиңизде байкаларлык өзгөрүү болду. Адистердин жардамына кайрылдыңызбы?

– Жок, эч ким менен иштешкен жокмун. Негизи адамдарга өзгөрүү керек экен. Мен мектепте окуп жүргөндө эле эксперимент кылганды жакшы көрчүмүн. Сууга кумшекер кошуп чачымды жасаган күндөрүм да болгон.

– «Non Stop» дуэтин сагындыңызбы?

– Анчалык деле сагынбайм. Бирок сахнада Чолпондун орду билинет. Себеби сахнада бири-бирибизди жаап-жашырып кетчүбүз. Муну көнүп калуу десек туура болот. Кантсе да команда менен иштешүү жеңилирээк. Ал жакта продюсериң, менеджериң болот. Машина менен алып кетет. Кийимдериң даяр, акча коротпойсуң, студияга барып ыр жаздырасың, болду. Азыр болсо ушул иштердин баарына өзүм чуркайм.

– Дуэт тарагандан кийин Чолпон Талипбек чыгармачылыкка жеңди түрө киришти. А сиз ордуңуздан жылбай жаткандайсыз?

– Негизи мен «Non Stop» дуэти жоюлгандан кийин өзүмө «кайсы жерлерде, кандай ырларды ырдагым келет?» деген суроо коюп, жооп издедим. Ошондон улам азыркы учурда трэп стилинде 6 ыр жаздырдым. Башкаларга кандай билбейм, бирок бул мен үчүн жаңы стиль. Мурун топто ырдап жүргөндө эле альбом чыгаруу ниетим бар эле. Бирок ал үчүн да ырларды тандаш керек, студияда кечке отуруп изденип тер төгүш керек дегендей. А биз болсо «Жыргал Life» менен жыргап саякаттап жүрө берип убакыт тар болуп калган. Буюрса, ушул айда «Баары алдыда» аталышындагы альбомум чыкканы турат. Андагы ырлардын бири өзүмдүн жашоомо байланыштуу болсо, бири бактылуу сүйүү жөнүндө болот. Ал эми Чолпон менен эч кандай атаандаштык жок. «Жаңы ыр чыгарыптыр, мен дагы чыгарып жиберейин» деген ой жок. Балким, бул бир жагынан жаман. Менин жашоомдо атаандаштык болсо дагы, Чолпон менен болбошу керек. Анткени ал кыз киши. Аны мен дайыма колдойм, ийгиликтерине кубанам. Жеке ырчы болгондон бери 2 ыр, 1 клип тарттырдым. Бул абдан төмөн көрсөткүч.

– Спортко да кызыгарыңызды билебиз...

– Кичине кезимден эле спортко жакынмын. Күрөш менен машыгам, футбол ойнойм. Өзүңүздөр билгендей, футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын чыгармачыл адамдары арасында өткөн беттешке катыштым. Командабызга салым кошуп 1 гол киргиздим. Өзбек туугандар бизден мындай мыкты даярдыкты күтпөгөн экен. Оюн бүткөндөн кийин жакындан таанышып, аларды сыйладык. Алар дагы бизди Ташкентке чакырышты. Ал жакта да беттеш өткөрүлөт. Биздин чыгармачыл инсандардан түзүлгөн «Өнөр» аттуу курама командабыз бар. Жалпы 19 оюнга катыштык. 17син утсак, экөөсүндө тең чыгып калдык. Жыл сайын «Арт футбол» деген чемпиондук өтүп турат. Буюрса, бул жылы да биз ал мелдешке катышабыз.

– Машыгуу залдарына барып, формага келип калган сүрөттөрдү жүктөсөңүз эле хейтерлер жанданып калчу эле...

– Биринчи эле «ушундай адамдар барбы?» деп таң калам. Мага бардык адамдар жакшы көрүнө берет, же мен жакшы жагын издегенге аракет кыламбы, билбейм. Жаман сөздөрдү жазган, сөгүнгөн адамдарды бактысыз адамдар деп эсептейм. Боорум ачыйт. Менин сүрөттөрүмдү көрүп, убактысын кетирип, анан жаман сөздөрдү жазышат. Бул ар бир адамдын ой жүгүртүүсүнө жараша го дейм. Бул өкүнүчтүү көрүнүш. Аларга убактымды кетирип жооп жазып убара болбойм. Мен жадакалса жакындарым айткан сындарды кээде көтөрө албайм. Ошондуктан сынды деле ойлонуп айтыш керек деп ойлойм. Сын бир эле учурда басынтып, бир эле учурда күч берип салышы мүмкүн.

– Азыр бардык ырчылар «причёска от», «одежда от» деп Инстаграмдагы жеке баракчаларына бутик, салондорду белгилеп калышпадыбы. Көп адамдардан «ырчы эле болсомбу?» деген сөздү угуп калсаңыз керек?

– Туура, бизде ырчы десе эле «крутой» машинасы, чоң үйү бар, кийимдери толтура деп ойлошот. Албетте, бул образды чет элдик ырчылар жараткан. Кымбат баалуу машиналарды минип, акчам толтура дегенсип ырдашат. Ошолордон бизге келди. Кооз кийинип, кооз жерлерде эс алганга биз да аракет кылабыз. Кыйналган сүрөттөрдү жүктөсөң анын кимге кереги бар? «Жыргал Life» менен көптөгөн өлкөлөргө саякаттадым. Аны көргөндөр «жыргап эле жүрөсүң» деген сөздөрдү айтышат. Сунуштар дайыма болуп турат. Жаңы бизнес ачып жаткандарга «колдоо көрсөтүп коюңузчу» деп кайрылгандарга колдон келишинче жардам беребиз.

– Ишиңизге ийгилик!

"Машыгуу залдарына барып ден соолугума, келбетиме кам көрөм".
"Чолпондун орду сахнада билинет".
"Сүйүктүүм Айсулуу экөөбүздүн жакшы той өткөрсөк деген пландарыбыз бар".

Жаңыл Ниязбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Максат Садырбеков: "Быйыл бойдокчулук менен коштошом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
fanatka19
2018-09-11 10:19:03
Максат болду эми озунду пиярлаба Чолпон сенден кучтуу баари бир.
+4
rahat84
2018-09-11 10:58:21
Максатты Чолпонго болгон мамилесинен бирнерсе табууга жакшы эле аракеттениптир журналист, бирок Максат орундуу жооптору менен ордуна коюптур. Интрига издоо журналисттин негизги милдети да. Азаматсынар.
+16
engel
2018-09-11 11:23:46
Экоонун ортосунда достук мамиле да жок окшойт.Салкын.... Ээ жакшы группа болчу бирок биздеги эн мыкты деген группалардын бири эле
+6
jon.as
2018-09-11 11:24:34
Азаматсын жакшы маек болуптур. Ойлогон ой тилегине жет. Айсулуунун сулулугуу, фигурасында соз жок, бирок мага ашыкча эле жалжактай бергени жаккан жок.... Ошол сапаты такыр озуно жарашпайт экен. Кыз киши кыздай эле болгону жакшыго.
+6
monster_high_98
2018-09-11 11:41:37
Чолпон экоосу бир бутундой болчу,мыкты тугойлордон,,чогуу болуусуна эмне тоскоол болду,,
+5
madina.87
2018-09-11 14:35:00
Чолпон жок өчүп калган лампочкадай элесиң,сыр бербейсиңда тим эле,сени адам кылган Чолпон болчу,эми сабырын
сузго
+3
mmdina2013
2018-09-11 15:14:39
madina.87,Максатты адам кылган эмнеге Чолпон? Ойлонуп жазсаныз. Мени, сизди адам кылган ата энебиз туурабы? Максатты да адам кылып остургон ата энеси. Ал эми ырчы катары калыптанышына албетте озунун таланты, аракети жана продюсеринин колдоосу таасир этти.
+2
bond02
2018-09-11 21:49:37
Жакпайт ушул, Дайыр Исмадияровдой.
-5
-Sumitra-
2018-09-11 23:22:17
Чолпондо кеги бардай сезиле берет.Же экоонун ортосунда аябай чон капачылык болгон.Эч билгизбейт бирок.Чолпон экоо пара болчу.Айсулуу эч жакпайт.
+5
Djal1987
2018-09-12 01:33:47
Чолпондун жузу кучтуурок болчу нон стопто. А айсулунду озун эле кымчып жомок айта бербечи. Айсулун бузгудай Чолпон сени кызганды дейсинби. Чолпонго денелуу чон кызматта иштенен маданияттуу жигит ылайык келет
+8
Nariste...12
2018-09-12 22:16:04
Чолпон мыкты кыз! Экоонор ырдасанар ырынар да , озунор да жарашчуусунар.Аа суйгонун Айсулууга келсек анча жакпайт. Кыз бала турмушка чыга элек бирок ачык чачык, жалжактай эле берет.Эмнегедир жактыра бербей.
+1
cholpon119966
2018-09-12 23:30:43
Роналдо жок Реалдай болуп калыптыр кыскасы )))
+4
nazgul20
2018-09-13 13:12:16
Нон стоп деп эле улам озун жарнамалайт
0
Janna07
2018-09-15 09:49:57
Соз байлыгы коп, тушунугу кенири бала экен
-1
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан