«ГЛОБУС» САЛАТЫ (1 литрлик 5-6 банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 10 даана
Помидор – 10 даана
Пияз – 10 даана
Болгар калемпири – 10 даана
Сарымсак – 1 баш
Туз – 2 аш кашык
Уксус 9% – 100 миллилитр
Кумшекер – 150 грамм
Өсүмдүк майы – 250 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз. Болгар калемпирин, помидорду, баклажанды 4x4 сантиметр өлчөмүндө төрт чарчы, пиязды жарым тегерек формасында, сарымсакты жука туурайбыз.
2. Мискейге тууралган жашылчалардын баарын салып, туз, кумшекер, өсүмдүк майын жана уксусту кошуп аралаштырабыз да, жай отко коёбуз.
3. Салат кайнап чыккандан кийин дагы 20 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга салып, капкагын бекитебиз. Банканы көмкөрүп, 1 күнгө жылуу ороп коёбуз.
ГҮЛДҮҮ КАПУСТА САЛАТЫ (1 литрлик 2 банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
Гүлдүү капуста – 2 килограмм
Сабиз – 2 даана
Болгар калемпири – 300 грамм
Ашкөк, жалбыз – 1 тутам
Татымына жараша туз
Маринад үчүн:
Уксус 6% – 200 миллилитр
Суу – 300 миллилитр
Ачуу калемпир – 1 чай кашык
Кориандр – 1 чай кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Туз – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Маринад даярдайбыз: Чакан мискейге кызыл калемпирди, кориандрды, кумшекерди жана тузду салып, үстүнө уксус менен сууну куюп аралаштырабыз. Маринадды жай отто 1 мүнөттөй кайнатып, муздаганча коё турабыз.
2. Гүлдүү капустаны бөлүктөргө ажыратып алабыз.
3. Мискейге 2 литрдей суу куюп, 2 чай кашык туз салып кайнатабыз да, ага гүлдүү капустаны 2-3 мүнөткө салып, сүзүп алабыз.
4. Гүлдүү капустага сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди, ичке тууралган болгар калемпирин жана маринадды кошуп жакшылап аралаштырабыз.
Аралашманы бууланган банкаларга салып, чыккан ширесин банкаларга бөлүштүрүп куюп, мискейге салып сыртынан 20 мүнөт кайнатабыз. Банканын капкагын бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.
ШИРЕЛҮҮ БОЛГАР КАЛЕМПИРИ (1 литрлик 2 банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
Болгар калемпири – 3 килограмм
Суу – 1 литр
Кумшекер – 100 грамм
Туз – 2 аш кашык
Уксус 9% – 120-130 миллилитр
Лавр же райкан жалбырагы – 3 даана
Тоголок кара мурч – 6-7 даана
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Сарымсак – 1 баш
Укроп – 1 тутам
Даярдоо ыкмасы:
1. Болгар калемпирин жууп, уругунан тазалап алабыз да, төрт чарчы формасында туурайбыз же узатасынан 4-5ке бөлөбүз.
2. Сарымсак менен укропту майда туурайбыз.
3. Маринадды даярдайбыз: Мискейге сууну куюп, ага өсүмдүк майын, уксус, кумшекер, туз, лавр жалбырагын, тоголок кара мурчту салып, кайнатабыз. Маринад кайнап чыккандан кийин болгар калемпирин, сарымсакты, укропту салып 5-7 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга салып, капкагын бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.
ФАРШТАЛГАН ПОМИДОР (1 литрлик 5 банка үчүн)
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3,5 килограмм
Сабиз – 2,6 килограмм
Пияз – 3 баш
Петрушка – 1 тутам
Кумшекер – 100 грамм
Татымына жараш туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Помидорду жууп, тең ортосунан жара тилип ичиндеги маңызын кашык менен оюп тазалап алабыз. Маңызын эт туурагычтан өткөрөбүз.
2. Сабиз менен пиязды аарчып, жууйбуз. Пиязды жарым тегерек формада туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрөбүз да, экөөнү чогуу майга соолуганча кууруп алабыз.
3. Куурмачка майда тууралган петрушканы, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, помидордун ичине толтуруп салабыз.
4. Помидордун ширесин жай отко коюп, татымына жараша туз, кумшекер салып жай отто 10-15 мүнөт кайнатабыз.
5. Бууланган банкаларга томат ширесин куюп, туурамжы толтурулган помидорлорду тизебиз. Үстүнө помидор ширесинен дагы куябыз.
6. Банкаларды мискейге салып сыртынан 30-40 мүнөт кайнатып, капкагын бекитип, көмкөрүп жылуу ороп коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg