«Чикимбаримбей, Чикимбаримбө» деген саптарды ырдасак дароо өзгөчө стилде кийинген бир туугандар көз алдыбызга тартылат. 90-жылдарда популярдуу болгон «Кербен» тобу азыр кандай болуп өзгөрүштү экен деп кызыккандарды көп угам. Андыктан кыргыз эстрадасынын тарыхында калган «Кербен» тобун таап, күйөрмандары үчүн маалымат бергенге аракет кылдык.
Топтун негизделген жылы – 1994-жыл
Популярдуу ырлары – «Улак тартыш», «Тумар кылып сүйүү берем», «Эңсөө», «Өзүң бил» жана башка
Юсуп – 51 жашта, 4 уул, 1 кыздын атасы
Учурда – жеке ишкерлик менен эмгектенет
Зулайка – 47 жашта, 2 баланын энеси
Учурда – музыка сабагынан мугалим
Фарида – 43 жашта, 2 уул, 2 кыздын энеси
Учурда – соода тармагында эмгектенет– Саламатсыздарбы, Юсуп мырза? Легендага айланган «Кербен» тобу азыр кайда? Эмне менен алексиздер?
- Саламатчылык. Азыр мен мейманкана ачып, ишкерликке өтүп кеткем. Жубайым да чыгармачыл адам. Карындаштарым Зулайка менен Фарида үй-бүлөлүү, ар ким өз турмушу менен алек.
– Эми 90-жылдарга кайрылсак, «Кербен» тобу кандайча жаралды эле?
- Мен Ошто музыкалык училищени окуп, Бишкектен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун, андан кийин аспирантураны аяктагам. «Максат-Бишкек», «Мурас», «От» деген топтордо иштеп жүрдүм. Кийинчерээк карындаштарым менен өзүбүзчө топ түзөлү деп чечип, «Кербен» жаралды. Ал эми аталышын чечмелегенде, бир туугандар кербендей болуп бирибиздин артыбыздан бирибиз чыгармачылыкта жүрөбүз деген маанини берет. Экинчи жактан ата тегибиз Кербенден болот.
– Чач жасалгаңыздар, кийинүү стилиңиздер өзгөчө болчу. Идеяны кайдан алчу элеңиздер?
- Биз музыка тармагында эле эмес, мода, хореографиялык жактан да изденчүбүз. Ал кезде азыркыдай интернет жок. Видеомагнитофондон Пола Абдула, Майкл Жексон, Жанет Жексондордун бийлерин көрүп туурап, өзгөчөлөнгөнгө аракет кылар элек. 90-жылдары «Дордой» сыяктуу чоң базарлар жок болчу. Дүкөндөрдөн же чет жактарга чыксак кийимдердин кымбатына карабай оригиналдууларын издеп жүрүп сатып алчубуз.– Эл оозунда «Чикимбаримбей» атка конгон «Улак тартыш» ыры кандайча жаралып калган?
- Азыр Көчмөндөр оюну популярдуу болуп жатпайбы. Балким, ошого биздин деле салымыбыз бардыр деп ойлойм. Анткени биздин заманда спорт тармагына арналган ыр жок болчу. Биринчилерден болуп биз спортту чагылдырган «Улак тартыш» аттуу чыгарманы жараттык. Кээде тогуз коргоол, чүкө оюндарына ыр арнасак, ал да азыр белгилүү болуп кетет беле деп коём. «Улак тартыш» деген ырыбызды аттардын баскандарын элестетип «чикимбаримбей, чикимбаримбө» деп тамашалашып отуруп эле жазып калгам. Сөзү, ачыгын айтканда, кара сөз менен жеңил эле жазылган.
Ал ыр чыккандан кийин мени «Чикимбаримбей келатат», «Улак тартыш, Кербен байке» деп атап калышкан.
– Архивдеги клиптерди көрүп кандай сезимдер болот?
- 90-жылдары азыркыдай клипмейкер деген кесип жок болчу да. Телевидениенин камераларына тааныш балдарга, жаңы үйрөнчүктөргө тарттырчубуз. Аларда тажрыйба болбогондуктан азыркылардай болуп мынча акча бер деп айтышкан эмес. Клиптерибизди өзүбүз «андай кыл, мындай кыл» деп аралашып жатып тартар элек. Кыскасын айтканда, клип тартуу баарыбызга жаңылык болгон. Азыр архивди карап отуруп «кандай болсо да тарыхта калдык» деп коёбуз.
– Чыгармачылык кандай ийгиликтер менен коштолду?
- Үчөөбүз топ катары 10 жылдай иштедик. Андан сырткары мен жаңы иш баштагам. Ал кезде кафе-ресторандарда жандуу музыка менен ырдоо жаңы чыгып жаткан. Музыканттарга суроо-талап күч болгондуктан таланттуу жаштарды чогултуп, 12 топ түздүм. Анда кафе-ресторандарда азыркыдай аппаратура жок болчу. Мен аппаратураларды сатып алып, музыкант балдарды чогултуп берчүмүн да, акчанын белгилүү бир пайызын алчу элем. Азыркы тил менен айтканда, менеджерлик кылгам. Өмүрбек Андарбеков, Курал Чокоев, Аида Кулуева, Самат Дөөлөтбаков, Жийдеш Идирисова жана башка бир топ ырчыларды чыгардым. Ал кезде ырчылар бир жылда бир жолу репертуарын жаңыртып, көп болсо 3-4 күн концерт беришсе, мен бир күндө 12 концерт берчүмүн. Кафелерде музыкага тамак-аштан тышкары акча төлөгөндү биз баштаганбыз.
– Чыгармачыл адамдар ырдабаса бук болуп кетет эмеспи. Сахнага кайра ырдап чыксам деп ойлонуп каласызбы?
- Мындай ой жүрөктө бар. Бирок мурункудай стимул, күч, эрк жетишпей жатат.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg