Боом капчыгайына жете бербей трасса боюнда жайгашкан Чолок айылын (Кемин району) өлкөбүздүн айрым жарандары гана эмес, чет өлкөлүк туристтер да биле баштады. Анткени эс алууга Ысык-Көлгө бараткандар ал жерден каттама жеп, самоордун сүттөгөн чайын ичип анан сапарын улашат. Тамактануучу жайлар гана бардай көрүнгөн бул жерде Чолок айылы бар. Үйлөр чоң жолдун ары жак-бери жагында чачкын жайгашкан. Айылда 13 түтүн болсо, тамактануучу жайлардын саны 22. Ошондо айыл тургундарынын дээрлик бардыгы каттама, сүттөгөн чай сатып жанын багат десек туура болчудай.
«КАРДАРЛАР СООДАГЕРЛЕР БОЛЧУ»
Союз тарап, эл жумушсуз калганда, 1989-жылы Чолок айылынын тургуну Анара Ниязалиева дал ушул жерге майда-чүйдө сатып, жүргүнчүлөрдүн көңүлүн бурган.
– Бул жерде башында сагыз, ширеңке, тамеки, суусундук сыяктуу майда-чүйдө сатып баштагам. Мени туурап кошуналарым да чыкты. Ошол жылдары Ысык-Көл, Нарынга товар ташыган соодагерлер көп болчу. Негизги кардарларыбыз ошолор болду. Жаңы келгенибизде бул жерде суу жок болчу, аны чыгардык. Башында самоорго чай коюп, оромо жасадык. Оромо жегиси келбегендерге эмне берсек болот деп ойлонуп каттамага токтолдум да, нак каймак менен каттама жасап сата баштадым. Мени көрүп жанымдагылар дагы каттамага өттү. Анан Бурулкан деген апа боз үйүн алып келди. Ал кезде баарыбыз жайма столдо соода кылчу элек. Кээде соодага чыкпай да калчубуз. Бурулкан апа такай чайын кайнатып, каттамасын жасап, кардарлары менен таанышып кобурашып отурчу. Анда каттама 5 эле сом болчу.
Бул жерге атайын каттама жейм деп келген кардарларыбыз көбөйүүдө. Буга Бурулкан апанын салымы чоң. Мен ал ортодо жашоо шартка жараша башка жумушка кетип калдым. Бурулкан апанын көзү өтүп кеткени ишин уул-келини улантып кетти.
«АПАМ УШУНДАЙ ИШТИ БИЗГЕ КАЛТЫРЫП КЕТКЕНИНЕ ЫРААЗЫМЫН»
Бурулкан апанын ишин улантып жаткан келини Гүлзат Койгелдиева өзү жаңыдан иштете баштаганда каттама 20 сом болгонун баяндап отурду.
– Апам 2011-жылы 76 жашында каза болду. Ал каттама жасаганды бизге үйрөтүп, ишин бизге калтырып кеткенине ыраазымын. Мен жасаган каттама апамдыкына жетпейт, аны апамдын кардарлары айтып калат. Ошентсе да апамдыкына окшоштурганга аракет кылып, жумшак, камырын ичиндеги жүсай көрүнгүдөй жука кылып жасайм.
Мурда кардарларга чайды самоордон чыныларга куюп берчүбүз. Бир учурда 5-6 столго чынылап чай ташуу кыйын болуп калат экен. Ошондуктан азыр сүт чайды чайнек менен берип калдык. Бирок апамдын мурунку кардарлары келгенде чынылап чай сунабыз. Алар ошого көнүп алышкан. Апам каттаманы көтөрүп кетүүгө уруксат берчү эмес. Кардарын маңдайына отургузуп алып кобурашып, столго каттама менен каймагын коюп, самоордун чайын берчү. Учурда каттама менен чай ичкен кардарларыбыз көп болгондуктан башка тамак жасабайбыз.
Бир сезондо чыгымдардан сырткары 5000-6000 доллар табабыз. Былтыр улуу балама 5 миң долларга машина алып бердик.«БУЛ ЖАЙГА ЭЛ КАТТАМА ҮЧҮН ГАНА КЕЛСЕ ДЕЙМ»
Эрмек Зарылбеков, тамактануучу жайлардын биринин кожоюну. Ал бул жайга төбөсү көрүнгөндөр да көп келерин айтат.
– Каттама үчүн токтогондордун арасында көптөгөн аттуу-баштуулар бар. Менин ашканамдан Аида Салянова, Съездбек Искеналиев, Сыймык Бейшекеев, Күмөндөр Абылов тамактанып кетишет. Бул жайга эл атайын каттама жеш үчүн гана келсе дейм. Ошондуктан башка тамактарды кошпой, каттама, сүт чай менен кардарлардын эсинде калгыбыз келет. Башка тамактарды кафелерден деле жеп алышат да. Столдун үстүнө каттаманы, жумуртканы санабай эле коюп коёбуз. Каалашынча жешет да, ошончонун акчасын төлөп кетишет.
«ДААРАТКАНАЛАРДА ШАРТ ЖОК»
Бишкектен Ысык-Көлгө товар ташып бара жатып, атайын токтогон жеке ишкер Кудурет Кенжеев бул жердин 10 жылдан берки дайымкы кардары.
– Мен бул жердин он жылдан берки кардарымын. Бишкектен Ысык-Көлгө товар ташыйм. Жаңыдан тамак иче баштаганда бастырмасы да жок болчу. Жаңы жол салынса деле атайын каттама үчүн эски жол менен өтүп, токтоп чай ичип кетем. Бир жигит иштечү, биз машинадан түшөрүбүз менен чуркап чыгып тосуп алчу, акыркы жылдары көрүнбөй калды. Бул жерде каттамасынан мурун самоордун чайы жакшы. Ысык, сүттөп чай беришет. Ачыгын айтыш керек, каттамасы кээде начар болуп калат. Азыр сонун, ысыгын алып келишти. Тейлөө жагына токтолсом, жылдан жылга кардарды тейлөө жакшырып келе жатат. Бир гана дааратканасы адамдын маанайын түшүрөт. Киргениң 10 сом, ичинде кол жууган самыны, кол кургаткычы жок. Дагы бири 5 сом, ага кирип чыккан адам жарым саат даараткана жыттанып жүрөт.КАТТАМАНЫН ДАЯРДАЛЫШЫ
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
koom@super.kg