III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: КЫЗЫГУУ ДА, СЫН ДА АРБЫН

2014-жылдан бери ар 2 жыл сайын сентябрь айында Кыргыз өлкөсүндө дүйнө жүзүндө азырынча аналогу жок оюндар өтүп келе жатат. Ал – Көчмөндөр оюндары. Көл жээгинде 3-ирет өткөрүлүп жаткан оюндардын өзгөчөлүктөрү жана кызыктары тууралуу маалымат бермекчибиз.

КАТЫШУУЧУЛАРДЫН САНЫ ӨСТҮ

Оюндардын ачылуу аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп, ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан күбө болушту. Жээнбеков оюндардын бедели өсүп жаткандыгын баса белгилеп, мелдештерди ачык деп жарыя кылды. Ачылуу аземи театрлаштырылган көрсөтүү менен уланып, философияга басым жасалды. Ат майдан көрүүчүлөргө батпай, кол чабуулар үзүлгөн жок.

Көчмөндөр оюндарынын аброю барган сайын өсүп жаткандыгын мелдештерге катышуучу өлкөлөрдүн, спортчулардын саны көргөзүп турат. Мындан тышкары кызыгууну арттыруу үчүн спорт түрлөрүнүн саны да өскөн. Алгачкы оюндарда 19 мамлекеттин 583 спортчусу 10 спорт түрүнөн күч сынашса, 2016-жылы 62 мамлекеттен 1200 спортчу 26 спорт түрү боюнча медалдарга ат салышкан. Быйылкы жылы спорттун 37 түрү боюнча мелдештер орун алып, 82 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.

СПОРТ ТҮРЛӨРҮНҮН КӨПТҮГҮ, УБАКЫТТЫН ТАРТЫШТЫГЫ

Бул оюндарда спорт түрлөрү көп, бирок убакыт абдан аз. Бир мелдеш бүткөн соң экинчиси көп тыныгуусуз эле уланууда. Алсак, алгачкы мелдеш – тажик күрөшү оюндардын расмий ачылуу аземине чейин эле старт алган. Андыктан Кыргыз өлкөсүнүн куржунуна алгачкы медалдар бат эле түшө баштады. Тажик күрөшүндө 68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Марлен Абдрасулов 1-орунга ээ болуп, өлкөгө алгачкы алтын медалды алып келди.

Алыш – Кыргыз спортчуларын медаль жыйнаткан спорт түрүнүн катарында эле. Бирок бул жолу 9 медалдан экөө гана алтын болду. Чемпиондук наамга Эсенбек Кудайбердиев менен Нурзат Бактияр кызы ээ болушту.

Армрестлинг же кол күрөш боюнча мелдештерде казак спортчулары алтын медалдарга көбүрөөк ээлик кылышты. Кыргыз өлкөсүнөн Мырза Билалов 2 алтын медаль алып келди. Ал оң колу менен да, сол колу менен өткөн мелдеште жеңип алды.

Оюндар бат-баттан өтүп, арасында убакыт аз болгондуктан көпчүлүк көрүүчүлөр кайсы оюнга барарын билбей калып жатышты. Бир эле маалда спорт залында күрөштүн түрлөрү өтсө, анын эшик алдында эле кол күрөш, ат майданда көк бөрү...

ЧЫР САЛГАН КАЗАК УЛАКЧЫЛАРЫ

Көчмөндөр оюндарынын эң кызыктуу оюну көк бөрүгө жалпы 14 команда катышып жатат. Кыргыз өлкөсү тайпалык оюндарда Монголия жана Алтай менен беттешмей болду. Алгачкы оюнда биздин улакчылар монголдорго туш келип, алгачкы 5 мүнөт ичинде эле чабуулчулар Манас Ниязов, Анарбек Сейитбек уулу жана Рустам Ниязалиев бир жолудан тай казанга улак таштап, оюндун нугу кандай өңүттө болорун көрсөтүп коюшту. Оюндун жыйынтыгы 29:5 болуп, улакчылар мыкты даярдыкта экендигин далилдешти.

Бул арада казактар белгиленген убакытта өз оюнун өткөрбөй коюшту. Алардын айтымында, оюндар кокпардын (казактардын көк бөрүсү) эрежелерине ылайык өткөрүлүшү керек. Маселе эки өлкөнүн көк бөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин гана чечилип, казактар ойномой болушту. “Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, жыйынтыгында казактар 5-сентябрдан тарта мелдешке чыгышат. Техникалык жеңилүү жазылган жок, андыктан казактар тайпада бардык оюндарын өткөрөт”,- деп билдирди өлкөбүздүн көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов. Казак улакчылары "С" тайпасында АКШ жана Красноярск менен беттешет.

КҮРӨШТҮН ТҮРҮНӨН БАШ АЙЛАНАТ...

Баса белгилей кетчү жагдай, бул оюндарда күрөш түрлөрүнөн баш айланат. Тажик күрөшү, түркмөн күрөшү, казак күрөшү, иран улутунун күрөшү – пахлавани жана кыргыз күрөшү. Мелдештин экинчи күнү күрөштүн 3 түрү боюнча мелдештер орун алды. Алсак, түркмөн, казак жана иран күрөшү боюнча 3 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. Ар бир өлкөнүн улуттук күрөшүндө ошол өлкөнүн спортчулары мыктылыгын көрсөтүп жатышты. Түркмөн күрөшүндө Руслан Табалдиев (82 килограмм) жана Байышбек Тажыгул уулу (абсолюттук салмак) финалга чыкканы менен, түркмөн атаандаштарына жеңилип калышты.

Мындан тышкары, казак күрөшүндө Мирлан Эралиев (70 килограмм) финалда Абилбакир Мауленинге алтын медалды тарттырып жиберди. Пахлавани күрөшүнүн 70 килограммдык салмактын финалында Курбат Азизбаев ирандык Мухаммед Надериден жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында дагы монгол бох, ссирым, сумо сыяктуу беттештер өтөт. Күрөштөрдүн жыйынтыгы – көчмөндөрдүн улуу күрөшү менен жыйынтыкталат. Мында бардык күрөштүн абсолюттук салмактагы чемпион аталган спортчулары бири-бири менен килемге чыгат. Бул мурунку оюндардан өзгөчөлүк болду.

III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: КЫРЧЫНДАН КӨЗ ИРМЕМДЕР

Кырчынга жетүү оңой эмес. Оюндар башталар замат жайлоого жетчү жолдордо ушундай тыгын жаралды.

Кырчындагы маданий иш-чаралардын ачылыш аземине Сооронбай Жээнбеков, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жубайы менен, ошондой эле экс-президент Роза Отунбаева катышты.

Ачылыш аземи театрлаштырылган номер менен коштолуп, анда кыргыз каганы тууралуу көрсөтүү коюлду.

Сокулук району 140 жылдан бери пайдаланып келе жаткан боз үйдү таап келип тигишкен. Ичинде жасалганына 200 жыл болгон буюмдар да бар.

Ар бир облус жана Бишкек менен Ош шаарлары өз-өзүнчө ордо курушкан. Аларда майрамдык маанай, ар бир ордо өзгөчө болууга аракет кылган. Орточо эсеп менен ар бир ордо 30-40тай боз үй тигишкен. Эң көбү Ысык-Көл облусунда, анда 150дөн ашык боз үй тигилген.

Азем ат үстүндөгү чеберлерсиз өткөн жок. Жигитовка, эр сайыш, кыз куумай өңдүү оюндар көрсөтүлдү.

Этнофестивалдын алкагында жайлоодо этно базар уюштурулган. Анда улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин түрүн тапса болот. Шырдак десе шырдак, комуз десе комуздун түрлөрү, атүгүл карышкырдын терисине чейин сатылууда.

Миллиондорго салынган дааратканага кезекке тургандар да “миллион”. Жайлоого орнотула турган дааратканалар үчүн 2 миллион 300 миң сом каражат бөлүнгөн. 5 орундуу контейнер тибиндеги 8 даараткана жана бир орундуу жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулган. Элдин көптүгү жана дааратканалардын аздыгы кезек күтүүнү 1 саатка чейин создуктуруп жатты.

(Уландысы келерки санда)

Адилет Керимбек уулу
Адилет Керимбек уулу, Султан Досалиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
adi_ko.kg
2018-09-11 12:35:02
Эмненси болсо да жакшы откоруп алдык.
+3
monster_high_98
2018-09-11 12:43:58
Кыйналбай карызга да батып алдыык,эми тытынып иштеп,кутулушабыз карыздарды,болбосо жерлерибиз отту дей бергиле
-5
Mavlyuda
2018-09-11 14:45:27
monster_high_98,карызга баткан жокпуз, чет элден келгендер канча киреше алып келишти
+1
monster_high_98
2018-09-12 00:16:06
Mavlyuda, Келген саналуу туристтерден бир канча млн эле тушту бюджетке,а калганычы? Озу канча карызга батып турганыбыз жонундо кабарыныз барбы?
0
rahali
2018-09-11 14:21:21
Жамандыктарга деле кетип жатпайбы чыгым.чыгым кетсе да жакшылыкка кетти жакшы жагыбызды маданиятыбызды корсото алдык.дагы да оркундой бересин.
+7
Mavlyuda
2018-09-11 14:46:26
Мен болдум Кырчында, 9 күн боз үйдө таң атырып накта кыргыз жыттанган салт менен жашап, улуттук каада-салттарыбызды көрүп сонун эс алдым жана терме согуу боюнча конкурска катыштым. Укмуш жасалган этношаарды көрүп кыргыз экениме дагы бир жолу сыймыктанып кеттим, сүрөткө түшүү планы толду. Чет жерлик коноктордун эмоциясы жүзүнөн көрүнүп турду, баары аябай жакканын,башка дүйнөгө түшүп калгандай болушканын айтып жатышты. Бул чоң иш-чараны өткөрүү менен элибиздин, мамлекетибиздин кадыр-баркы өстү
+20
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан