
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары
Райым Матраимов кайрадан талкууда. Экс-чиновник III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Чолпон-Ата стадионунун VIP орунунда жалаң КСДПчы депутаттардын курчоосунда отурду. Бул көрүнүштү депутат
Ирина Карамушкина УКМК суракка ала турган
Матраимов сыйлуу төрдө отурат деп сынга алды.
“Коррупцияга каршы күрөштү мамлекеттик чөнтөкчүлөр, паракорлор жеңип жатат. Мен башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Коррупцияга каршы кызматтын директоруна кайрылат элем. Эмне үчүн Раим Матраимов боюнча кылдат иликтөөнү президенттин алдына койбойсуңар?”- дейт депутат.
Карамушкина Матраимовдун ишин иликтөө маселесин
Алмазбек Атамбаев бийликте турганда көтөргөн эмес. Ошол эле учурда коюп жаткан суроосу да жөндүү. Эл оозунда “Райым миллион” атыккан
Райым Матраимовдун ысымы Бажыдагы коррупцияга байланыштуу депутаттык талкууларда, журналисттик иликтөөлөрдө, интернеттеги талкууларда көптөн бери айтылып жүрөт. Анын Оштогу хан сарайлары, соода борборлору, Бишкектеги элиталык батирлери тууралуу ЖМКлар жазып чыгышкан. Убагында депутат
Мурадыл Мадеминов Оштон ишкерлер арызданып жатканын, алар Орусияга товар чыгарайын десе бажыда 2-3 миң доллардан пара талап кылып жатышканын айтып,
“көрсө “Райым миллион” аттуу бажы кызматынын төрага орун басары бар экен” деген парламентте.
Райым Матраимов көп жыл “Ош” бажысын жетектеп келгенинен коомчулукта “Ош бажысынын көмүскө кожоюну” атала баштаган. 2017-жылы президенттик шайлоо алдында талапкер
Өмүрбек Бабанов мамлекеттик кызматтагы
Матраимов үгүт иштерине кийлигишип чектен чыгып кеткенин айтып чыккан. Бирок УКМК менен прокуратурадан
Матраимовго карата эч кандай реакция боло элек. “Кыргыз темир жолу” ишканасында жана Экотехинспекциядагы коррупцияны айтып чыккан 2 кызматкердин билдирүүсү боюнча дароо Коопсуздук кеңешине тапшырма берген президент
Сооронбай Жээнбеков аты парламент депутаттары тарабынан улам айтылып жаткан
Райым Матраимов боюнча үнсүз.