Дарыгерлер саясатчы Өмүрбек Текебаевге операция жасап, калкан сымал безиндеги шишикти алып салуу зарылдыгын айтышууда. Жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, Текебаев азырынча операцияга макулдук бере элек. Буга чейин саясатчынын калкан сымал безинен шишик табылган. Бирок шишиктин залалдуу же залалсыз экени аныктала элек. “Өмүрбек Текебаев 1 жарым жылдан бери дарыланган жок, операция жасатуу үчүн адамдын организми аны көтөргүдөй болушу керек”,- деди жактоочу. 8 жылга соттолгон “Ата Мекендин” лидери 1-августта №47 түзөтүү абагынан Улуттук кардиология борборуна дарылануу үчүн чыгарылган. Учурда ал аталган оорукананын Неврология бөлүмүндө дарылануусун улантууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.