ӨЛКӨДӨ “МААРИФ” МЕКТЕПТЕРИ АЧЫЛАТ. “СЕБАТТЫН”ТАГДЫРЫ ЭМНЕ БОЛОТ?
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Бишкекке иш сапарында Түркиянын “Маариф” фонду менен кызматташуу меморандуму түзүлдү. Аталган фонд Кыргыз жерине өз мектептерин ачмакчы. Мындан улам “Маариф” өзү мектеп курбайт, Түркия буга чейин жаптыра албай келген өлкөдөгү “Себат” лицейлери ушул фонддун колуна өтөт деген жоромолдор айтылууда. “Маариф” фонду Түркияда 2016-жылы түзүлгөн. Фонддун максаты билим берүүнү колдойт деп айтылганы менен, башкы максаты учурдагы Түрк бийлигинин башкы душманы Фетхуллах Гүлендин мектептерине каршы күрөшүү экени айтылып жүрөт. Мисалы, түркиялык ЖМКлардын маалыматына таянсак, Мали, Мавритания, Тунис өңдүү өлкөлөрдө Гүлендин кыймылына таандык 76 мектеп “Маарифке” өткөрүлүп берилген. Кыргыздагы “Себат” лицейлерин да ушундай тагдыр күтөт дегендер көп. 2 жылда “Маариф” 21 өлкөдө 100дөн ашык мектеп ачууга жетишкен. Быйыл Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат Түркия Кыргыз тарапка “Себат” лицейлер тармагын “Маариф” аркылуу башкарууну сунуштаганын айтып чыккан. Азыркы тапта Кыргыз өкмөтү “Маариф” өзүнчө мектеп ачат, ал эми “Себат” ишин кадимкидей уланта берет деп жатат. Бул жооп коомчулукту тегиз ынандыра алган жок. Түркиячыл “Марал” радиосу өлкөдө “Маариф” лицейлерин ачуу аракетин сындоодо. Бул медиа Түрк бийлиги “Маариф” “Себатка” сапаты жагынан атаандаш боло албайт деген ойду байма-бай чагылдырууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.