Расмий маалыматка таянсак, ЖЭБди кышка даярдоого деп жыл сайын бюджеттен 10 миллион доллардын тегерегинде акча бөлүнөт. Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев 2017-жылы станцияны кышка карата оңдоп-түзөөгө 400 миллион сом бөлүнсө, 2018-жылкы сезонго 730 миллион сом каралганын айткан. Ал эми ЖЭБ чатыры жок, терезелери талкаланган абалда экени быйыл кышындагы өндүрүштүк кырсыктан кийин ачыкка чыкты. 2017-жылы ЖЭБди жаңылоого деп бөлүнгөн акча уурдалып кеткен. ЖЭБде оңдоо иштерин жүргүзүүгө келишим түзгөн компанияларга акча которулуп, ал эми оңдоо ишин ал компания эмес, ЖЭБдин кызматкерлери өздөрү жүргүзүшкөнү аныкталды. Азыркы бөлүнүп жаткан миллиондорго көзөмөл болбосо акча кайрадан шылуундардын чөнтөгүнө кирип кетпейт деген кепилдик жок.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg