ЭС АЛУУДАН КЕЛГЕН ДЕПУТАТТАР КАЙРА КӨҢҮЛ АЧКАНЫ КЕТИШТИ

4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ишин баштады. Жыйынды ачкан төрага Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, шейшемби – депутаттар комитеттерде иштей турган күн экенин айтып, кайра жыйынды жапты. Сөзүнүн аягында спикер Жумабеков кесиптештеринен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышып берүүнү суранды. Депутаттар Көчмөндөр оюндарында уюштуруучу эмес, аларга эмне миссия жүктөлгөнү түшүнүксүз. Көчмөндөр оюндарында Кырчынга барып сый көрүп, конок болуубу?

Ошентип пленардык жыйын 10 мүнөткө гана созулуп, 2 айлык эс алуудан келген депутаттар бири-бири менен учурашып, ал-жай сурашкан соң кайра тарап кетишти. Иш жүзүндө депутаттар 2 айлык жайкы каникулун, дагы бир жумага узартып алышты. Ал эми Жогорку Кеңеш карай турган маселелер толтура. Мисалы, өлкөнүн Акыйкатчы институту 2 айдан бери жетекчисиз турат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жогорку Кеңеш жайкы каникулдан кайтып келди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан