“АЗИЯНЫН ХАНБИЙКЕСИ” АЙЖАМАЛ ОСМОНОВА ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛДЫ

Бир нече эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, актриса, алып баруучу, модель Айжамал Осмонова жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу байланышканыбызда:

“Кырсык 31-августта саат 19:00 чамасында Бишкектин Карл Маркс көчөсүндө болду. Мен жол эрежесин бузбай эле айдап бара жаткам. Бир маалда ИИМдин кызматтык унаасы катуу ылдамдыкта келип унаамды сүздү. Менин унаам айланып барып жолдун кесилишине токтоп калды. Сүзгөн айдоочу жана жанындагылар дароо чуркап келишип, менин күнөөм жок экенин айтышып, кечирим сурап башташты. Мен эмне болгонун түшүнбөй калдым. Башым айланып, адамдардын жүздөрүн тааный албай, эки сөздү бириктирип сүйлөөгө чамам келбей жатты. Кийин билсем, милиция кызматкерлери МАИ кызматкерлери келгенче эвакуатор чакырып, унаамды окуя болгон жерден алып кетүүгө аракет кылышыптыр. Алардын үстүнөн арыз жаздым, бирок жыйынтык боло элек. Тергөөчү бир гана жолу чалды. Учурда ооруканадамын. Бирок башым айланганы токтобой жатат. Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жардамы менен акырындап сакайып баратам. Күнөөкөр тарап “абалың кандай?” деп бири да басып келгенге жараган жок",- дейт кырсыктан жабыркаган Айжамал.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Shokoladka94
2018-09-11 10:32:22
Сакайып кетсин!
Сулуулар конкурсуна катышкан кыздарга көз тийип кетет окшойт, негедир көп кырсыкташат
+8
engel
2018-09-11 11:40:26
Толк чыкпайт! Оздору урган турбайбы алар уже ал авария жонундо унутуп деле койду болуш керек
+4
bond02
2018-09-11 21:56:35
Эми озун сурап барып кой абалынар кандай деп.
+2
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан