КАЙРАТ НУРТАС ДЖОННИнин “КҮТТҮМ, АЙ” ЫРЫНА АШЫК

Жакында эле Казакстандын мегажылдызы Кайрат Нуртас студияда кыргыз ырчысы Джоннинин ”Күттүм, ай” аттуу ырын казакча которуп ырдап жаткан видеону интернеттеги өздүк каналына жарыялады. Көптөгөн интернет колдонуучулары “кимдин аткаруусу мыкты?” деген сурамжылоо өткөрүүгө да жетишишти. Ал жакта “Кайрат да сонун аткарыптыр” деген пикирлерди жазгандар көп.

Гезитибиздин өткөн сандарында Джонни “ырымды Кайрат Нуртастын менеджери чалып сураганда ойлонуп көрүүнү туура көрдүм” деп маек берген эле. Бирок Джоннинин ырына ашык болгон Кайрат автору уруксат бергиче күтпөй ырга аранжировка жаздырып, үн түшүрүүгө жетишкен. “Кымызды суусаганга бер” демекчи, эми ырды казак жылдызына Джонни белек катары береби же сатабы, азырынча белгисиз. Джоннинин продюсери Эрнест Уметалиев азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Ал эми Джонни болсо аталган ырга клип тарттырып, элге тартуулады.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
eldar96
2018-09-11 09:19:27
Кайраттын 50-60% ыры эле корунгондун ырын баса калмай болуп калдыго бу. Демек, бекер карматпа)
+5
Aikan1966
2018-09-11 09:50:58
Азамат Джонни.
+5
fanatka19
2018-09-11 10:35:04
Кайрат ар кимдин ырын ырдап эле популярдуу болуп атат
-3
monster_high_98
2018-09-11 11:54:41
Джонни ырдаганы мыкты чыккан,ырды жеткире ырдаган,,,А Кайрат текстке ,ырдын маанисине кирише албаптыр
+2
tina.kg
2018-09-11 19:31:40
Убагында Иляз Абдразаков хит болуп турганда ырларын ырдап Илязды тим эле досум деп журду эле, артынан Нурлан Насип хит болгондо тим эле Илязды унутуп Нурланды дос кылып алды. Кайрат Нуртас да депутаттарга окшоп уялбайт экен да ким хит ыр жаратса эле сурай бербей озу изденбейт экен. Тим эле Кыргыз ырларынын артынан популярдуулука жеткенин ойлонбосо да керек.
+7
tatyna.amanbekovna
2018-09-12 10:31:46
Казак- кырыгыз бир тууган. Ырдай берсин, ийгилик, экоосунун аткаруусун бирдей уга беребиз. Экоосутен таланттуу жигиттер.Азаматтар.
+2
vikidiki
2018-09-12 10:33:41
"Казахстандын мега жылдызы" деген наамга татыбай баратат окшойт акыркы кундору. Жалкоо болуп калды бул Кайрат Нуртас. Даяр ашка колун салып. Уялбайбы.
+1
mela
2018-09-13 06:37:59
Акыры баарибир берипсин да)))
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан