Кеңеш” тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетовдун апасы Уултай Мамбетова узакка созулган оорудан улам каза болду. Ырчынын жубайы Гүлмира айым төмөндөгүдөй маалымат берип өттү: “Апамдын рак менен ооруганын билбей эле, колу-бутун дарылатып жүрө бериптирбиз. 6 ай мурун дарыгерлер "жарым жылдык гана өмүрү калды" деп айтышкан эле. Жакшы болуп калар деген үмүт менен алып барбаган жерибиз калган жок. Тилекке каршы, 31-августан 1-сентябрга караган түнү дүйнө салды. Апабыз 80 жашта болчу. Быйыл 80 жылдыгын белгилейбиз деген жакшы ниетибиз бар эле.
Жолдошум Мүзүр үйдүн кичүүсү болгондуктан апама өзгөчө жакын эле. Күнү-түнү ыйлап, өзүн таштап салды. 3-4 күндө кадимкидей карып кетти”.
“Кеңеш” тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетовго «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты апасы каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.