(Башталышы өткөн сандарда)
Соттун имараты. Коридордо ойлуу турган Элина ал аялды алыстан тааныды. Аялдардын ички туюму укмуш өнүккөн эмеспи. Эски пальто кийип, ак жүзү ойлуу, бою узун Элинаны тиги да дароо байкады. Ажайып сулуу болбосо да Элинанын элден ажыратып бөлүп турган нурлуу жүзү бар эле. Эчен жылдар “мени кимге алмаштырды экен?” деген кызганыч аралаш кызыгуу менен жашаганы чын. Бир ирмемде бул аял эмнеси менен Аманды өзүнө байлаганын түшүндү. Өзүнөн, атасынын даражасынан, миллиондордон кечтирген аял! Чукул келишти. Тиктешип турду. Элинанын таптаза, бакырайган каректери жанына батып бара жатты. Ичинен жалбырттаган кеги эки эсе алоолонуп чыкты. “Баарыңар тизе бүгүп ийилесиңер” деди ичиндеги чаңырык...
Бурулуп кетти. Элина теңселе түштү. “Жыгылба, азыр антүүгө акың жок” деди ичинен бир үн. Боюн түзөп, өзүн кармап тиги аялдын аркасынан кирди. Мындай сот көп жолу болду. Биринде тиги тарап келбей калат, же адвокаты келбей калат. Ар түрдүү себептер менен артка жылдырыла берди. Соттун акыркы шылтоосу балдардын чындап Амандыкы экенин далилдөө үчүн ДНК тест керек экенин айтты. Элина үчүн бул акыркы тамчы үмүтү эле. Соттун алдына барды да, чөнтөгүндөгү эки сүрөттү алдына таштады.
– Мындан өткөн далил болушу мүмкүн эмес! Көзү бар адам бул балдар Амандын балдары экенин эбак билмек. Тилекке каршы, сизде көз да, көкүрөк да жок экен!
Аман менен Адамдын кичинекей кезиндеги сүрөттөрү эле. Экөө тамчы суудай окшош болчу. Элина артын карабай чыгып кетти.
ххх
Эки жыл өттү. Көчөнү бойлой илкий баскан жаш келин келе жатты. Элина бүгүн жалгыздыкты каалады. Эс алгысы келди. Кайдан? Ойлор кумурскадай жыбырайт. “Жумуштан кыскартууга туш келип калдым. Дагы бир жумушум бар, бирок кантип ал акча менен балдарды бага алам? Машинамды сатууга тура келеби?” Амандан калган акыркы белек болчу. 5 жылдык никедеги жашоосунда бир гана ошол машинаны өз атына каттатып берген экен. Кайрадан алкымын бууган ыза. Кайрадан өтмүшүнө акыл калчап өз башын муштагылоо... Телефону чыр этти. Адвокаты Жаныбек экен. Алгысы келбей аргасыз алды.
– Кандайсың, Элина?
– Салам,- деди көңүлсүз.
– Маанай жокпу?
– Билбейм...
– Азыр сага жолугам десем маанайың өзгөрүлөт беле?
– Жок, эч нерсеге көңүл жок.
– Маанилүү кабарым бар эле. Телефондон айтканым туура болбой калат го.
Бул жигит жашоосуна жакындагандан жакындап келе жатат. Бирок эркектерден көңүлү үч көчкөн журттай калган экен, жакындап колун кармай калса эле окшуп жиберчүдөй абалда. Жаныбек да муну сезет окшойт, узактан тиктейт. Боору ооруп, ылым санап карайт. Балдарына үзүлүп түшөт. Ансайын Элина качып кетчүдөй абалда. Көзүнөн бир нерселерди окуп калат. Эх, андан көрө окубай койсо эмне?
– Айта берчи,- деди чарчаңкы.
– Эмне болду, мен сенин көңүлүңдү ооруттумбу? Менден качып жүргөндөйсүң. Сот иштери боюнча таарынып калдыңбы? Мен колумдан келгенди жасап жатам. Али дагы акыркы чекит эмес. Биз жеңебиз.
– Жок, досума эмнеге таарынат элем. Биз доспуз да, туурабы, Жаныбек?
Эми тигинин тили буула түштү.
– Апаң табылды,- деди Жаныбек бир аздан соң.
– Ки-им?
– Апаң!
Элина жүрөгү тез-тез сого энтигип кетти.
– Кайда экен?
– Аман-эсен. Күйөөсү менен Сокулукта жашайт экен. Бирок өзү менен жолугуп сүйлөшө албадым. Эртең барам. Кааласаң...
– Жок, каалабайм.
Апасы телефондон чыга калчудай сезилди. Энтигип туруп калды. Бар экен да, аман-эсен экен, жакшынакай жашап жатыптыр! Кол сунса жете тургандай жерде жашап, кызынан кабар албаптыр. “Хм, апам имиш. Түкүрдүм сенин энелигиңе, кет, жогол, укпайм, билгим келбейт сен тууралуу” деп жатты ичинен. Бакчага келе жаткан эле. Тунган кулагы апалап чуркап келе жаткан балдарынын үнүнөн ачылды.
– Апа-а!
– Апаке...
Куду канатын жайган куштардай экөө апасына чуркап келишти. Төбөсүнөн жыттап алды. Эми эле сыздап, ааламы аңтар-теңтер болуп турган жаны жыргай түштү. Мына бактылуулук! Мына эне болуу...
Эки колун кармап божурашып келе жаткан балдарын карап туруп баары бир энеси тууралуу ойлоно берди. “Ким? Кандай адам? Эмнеге менден баш тартты? Андан кийин эмнеге издеген жок? Эгерде балдарым болбогондо эне эмне экенин билбей калмакмын. Ал дагы мендей эле бул ыйык нерсени сезиши керек эле да. Анда андан төрөлгөн мен эмнеге балдарым үчүн өлүп кете жаздайм? Балким, тарбиядан. Балким, энемдин тарбиясынан улам ушундай кыз болуп чоңойдум? Энем байкуш”.
Колдору шуудураган, көздөрүндө мээрим толгон кемпирди эстеди. Жатса-турса небересине бакыт каалап, бир жери бир нерсе болсо айланчыктаганын эстеди. Энесин эстегенде көңүлү ачыла түшөт.
xхх
– Элинага азыр аябай керексиз.
Бою узун, ак-саргыл аял мелтейип үн дебей укту. Бир аз чачын ак басканы болбосо баягы сүрөттөгүдөй эле керилип турат. Сымбаты, түптүз турушу, баамчыл көз байкай турган ак сөөктүгү бар экен.
– Аны күйөөсү алдап жүрүптүр. Эч нерсеси жок балдары менен көчөдө калды. Кайненеси үйүн тартып алды. Бир менден башка кеңеше турган кишиси жок. Сизди таап бер дегенде анын акыркы үмүтү экениңизди билдим.
– Мен анын үмүтү боло албайм. Анын 4 жашында бактысын да, үмүтүн да үзүп кеткем. Эми жолдун ортосунда кайрылып, ага үмүт боло аларыма көзүм жетпейт. Ага ким болосуз?
– Таанышы. Болгону жакшы таанышы...
Аял жай бурулуп Жаныбектин көзүнө тике карады.
– Менин бардыгымдан көрө жоктугум жакшы, жакшы тааныш...
– Ал сиздин кызыңыз го. Андан башка балалуу да болбоптурсуз. Сиз эмне деген энесиз?
– Ошо эне боло албасымды билген үчүн балалуу болбодум.
Жаныбек башын чайкады да, кетип бара жатып кайрылып акырын шыбырады.
– Мен баарын билем. Он жыл түрмөдө жатканыңызды, ал жакка эмне үчүн түшкөнүңүздү да билем.
Аял селт этти. Тигинин күрмөсүнөн аткый кармады.
– Айттыңбы ага? Менин кайда жүргөнүмдү айттыңбы?
– Жок, ал эч нерсе билбейт.
– Билбеши керек. Чоң энеси эч качан айтпайт болчу. Элинага мен тууралуу айтпайм деп сөз берген. Ал сөзүнө турган адам. Сен дагы сакта. Кудай жалгагыр, Элина үчүн айтпа...
Аял куду уясына жылан кирген чымчыктай тыбырчылап турду. Кызы жек көргөнүнө да кайыл болчу. Болгону энеси киши өлтүргөнү үчүн түрмөдө жатканын билбегени жакшы. Бир өмүрдүн баасына ченелген бул сырды ал эч качан билбегени дурус болор...
xхх
– Апа, сенин апаң болгонбу?- деди уулу Элинага. Дал ооруп турган жерине тийди.
– Эмнеге сурадың?
– Жөн эле. Кээ бирөөлөрдү таенеси алып кетет, же чоң энеси, байкелери. Бизди сен, же Зуля эже эле алат. Атам да жок. Тээтиги балдардай ал мени моюнуна мингизип алып кетмек эле...
Улутунуп алды кичинекей. Тиги балдардай атасынын желкесине отурган ал үчүн бакыттын туу чокусу болуп турду. Элина уулунун суктанган көздөрүнө чыдабай кетти.
– Ооба, силердин да таенеңер бар. Ал жакында силерге келет.
– Чынбы?
– Урее...
Балдардын көздөрү жайнап кетти.
(Уландысы кийинки санда)