Жолдошунан кордук көргөн келиндин арманы: “АЯЛ САБАЛСА МИЛИЦИЯ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ИШ ДЕП КАРАБАЙТ ЭКЕН”

Бактылуу үй-бүлөнү көрсөң суктанасың, ага карап түздөнөсүң, үлгү аласың. Алдымда сүйлөгөн сайын бүт денеси титиреп, көзүндөгү коркунучту ката албаган алсыз аялзаты отурду. Үй-бүлөлүк көшөгөнүн экинчи тарабын ачкан Мээримдин окуясы (каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү) биздин коомдо аялдардын укугун коргоо дагы эле арткы планга да эмес, такыр эле планга кирбеген иш экенин айгинелейт.

“ЭРКЕККЕ “БАР, ЖОГОЛ!” ДЕП АЙТПАШ КЕРЕК”

– Учурда 35 жаштамын. Борбордогу университеттердин биринде окуп жүргөндө бир жигит менен таанышып, бири-бирибизди жактырып кыз-жигит болдук. Экөөбүздүн тең үй-бүлөбүз Бишкекте турушат, мамилебизди билишчү. Башында бардыгы идеалдуу болду. Кийин болбогон эле себептерден улам таарыныша кеттик.

Бир күнү университеттен чыгып баратсам жигитим алдымдан чыкты, ага көңүл бөлбөй эле өтүп кетмекчи болдум. Бирок ал “сен эмне карабайсың?!” деп келип бетке бир муштады. Ыйлап байкелериме телефон чалып мени уруп кеткенин айтсам, алар келип “сен эмне дедиң? Күнөө өзүңдө турбайбы. Эркекке “бар, жогол!” деп айтпаш керек” деп коюшту. Күнөө өзүмдө экен деп кала бердим.

“ТАШКА УРУНУП КУРСАГЫМДАГЫ БАЛА ӨЛСӨ КЕРЕК ДЕГЕМ...”

– Жигитим аны менен токтоп калган жок, дагы келип уруп кетти. Эки жактын туугандары чогулду. Акыры себепти кызганычка такап, “баары жакшы болуп кетет” деп чечим чыгарышты. Оңолот деп ишенип баш коштук. Бир күн жакшы жашасак, экинчи күнү урат. Бир жолу экөөбүз көчөдө баратканбыз, мен курбум тууралуу кызыктуу окуя айтып берип жаткам. Басып баратып эле себепсиз мени жерге бир уруп жыгып, чачтан кармап үйгө чейин чыңыртып сүйрөп келди. Ташка урунуп курсагымдагы бала өлсө керек деп ойлогом, эртеси ооруканага барсам бактыга жараша баары жакшы экен.

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МАСЕЛЕ ТУРА ДЕП АРЫЗ КАРАЛБАЙТ ЭКЕН”

– Кечинде жакшынакай уктайбыз. Эртең менен уктап жаткан жеримден эле бетке бир урат “тишимди чукуп жибердиң” деп. Ушинтип сабап баштаганда кайнатамдар мени апамдыкына качырышат. Ошентип жүрүп тун уулубуз жарыкка келди. Бирок жолдошумдун сабаганы токтогон жок, барган сайын мерез боло берди. Үй-бүлөдө 5 кыз, 1 эркекпиз, мен баарынан улуумун. Атам жоош киши, эч жерде иштебейт. Үй-бүлө жүгүн апам тартат. Менин абалым бул, менден кийинкилер бытырап майда эле. Кеткен менен, айла жок көзүмдү жылтыратып алып кайра жолдошумдукуна барам.

Милицияга арыз жазган жок дейсиңерби, бир нече жолу жаздым. Бирок арыз каралбайт, “келишип алаттырсыңар, үй-бүлөлүк маселе тура” деп кайдыгер мамиле кылышат. Кайненем келип арызды ал деп ыйлайт же кайнатамдын тааныштары аркылуу иш жабылат. Кайнатам мурда жакшы кызматта иштеп, тааныш-байланыштары көп.

“БИР ЖЕРИМ ООРУГАНЫН ДЕЛЕ СЕЗБЕЙ КАЛГАМ”

– Туугандарыбыздын аялдары “жолдошуңдун эмнеси жаман? Ичпесе, чекпесе, баланы жакшы көрсө. Ургандан башка кемчилиги жок тура. Биз деле ушинтип сабалып күн көргөнбүз. Чыда, төрөй берсең балага алаксып кетет” деп кулагыма куюшат. Оңолор деп жүрүп экинчи уулубуз, анан кызыбыз төрөлдү. Бул убакта мен өз көлөкөмдөн да коркуп калган элем.

Кайнатамдар бизди өзүнчө жашайсыңар деп батирге бөлүп коюшту. Бөлүнөрүбүздү укканда балээге калганымди билдим. Жолдошумдун кабагы бүркөлсө эле бир туугандарыма жалдырайм, “меникине келип түнөп кеткиле, ачуусу келип жатат, урат” деп. Алар деле кезектешип келе берип чарчашат.

Бир жолу түнү свет өчүп калды. Чуркап барып фонарь жандыргыча жаныма келип бычак шилтеди, колум менен тосуп калдым. Акыркы күндөрү бир жерим ооруганын деле сезбей калгам. Колумдан аккан кан токтобогонунан карасам бычак алаканымдан кирип, сыртына чыгып колум тешилип, шишип кетиптир. Ооруканага “идиш жууп жатып кесип алдым дейсиң” деп үйрөтүп барды. Ал шылтоого врач ишенген жок, бирок баш чайкап тим болду.

“БАКЛАЖКАНЫ ОРТОСУНАН КЕСИП КЕЛИП “УШУГА ЗААРА КЫЛ, ӨЗҮМ ТӨГӨМ” ДЕЙТ”

– Бара-бара эч жакка чыгарбай үйгө камап баштады “арызданасың” деп. “Арыздансаң жалгыз иниңди союп салам, анан өзүңдү” деп коркутат. Баклажканы ортосунан кесип келип үйгө коёт да “ушуга заара кыл, өзүм төгөм” дейт. Эмне айтса ошонусуна көнөм, башка аргам жок эле. Жакшы жагы балдарын жакшы көрөт, аларга кол көтөрчү эмес.

Бир жолу мен башка бөлмөгө чыгып кетсем жолдошум чакырып калды. Чуркап бардым. Балдарым шире төгүп алышып, кичинесинин жеңи суу болуп калыптыр. Жолдошум “эмне мени укпайсың чакырсам?” деп ызырынып барып эшикти бекитти... Баланы көтөргөн бойдон столдун алдына кире качтым. Келип баланы колумдан жулуп алды да, отургучту ала калып ура баштады. Колум менен тосуп жаткам, бир маалда эки колум тең сынып, башкарылбай эки жакка шалак деп түшүп калды. Андан кийин башыма уруп жатканда отургуч сынып калганын билем, эсимди жоготуптурмун. Кайним келип бети-башымды кандан жууп жатса жолдошум мага “өзүңө кел, автокырсыкка кабылдым деп айт” деди. Эптеп баш ийкедим. Кайненемдер келе калып ооруканага алып барышты. Врач көрүп эле “Кайсы айбан кылды бул ишти?!” деп кыйкырды, “күйөөм” дедим араң. “Андай күйөөнү атыш керек! Кантип карап турдуңар ушундай абалга келгиче?! Милиция чакыргыла” деп эле ызылдап жатышты...

“АПАМДЫН ЖАНЫН КОЙБОЙ ЖАТЫП АРЫЗДЫ АЛДЫРЫШТЫ”

– Манжаларым сынып, эки билегим тең бырчаланып калыптыр. Башымда соо жерим жок. Апам келип милицияга арыз жазды. Милиция кызматкерлери келгени менен жолдошумду кармашкан жок, 1 жума өтпөй кайындарым апама арызыңарды алгыла деп башташты. Апам “канчасына чыдадык, мунусун албайм” деп көшөрүп жаткан. Жанын койбой жатып акыры алдырышты. Жолдошум мурда милицияда иштеген, мыйзамды жакшы билет. Ал жактан жетекчиси менен уруша кетип, анын башын дубинка менен жарып салып жумуштан кеткен. Жетекчиси деле арыз жазган, “эч нерсе кыла албады” деп жолдошум мактанып калат.

“БАЛАМ БАШКА БАЛДАРЫҢ БАР ЭКЕН ДЕП ЫЙЛАДЫ”

– Ооруканадан чыккандан кийин Орусияда, Түркияда иштеп жүрдүм. Ал жакка барган күндө да балдарымдын элеси бассам-турсам ээрчип, уктасам түшүмө кирип эле туруп алды (каарманым көз жашын токтото албай турду). Улуу балам чоңоюп калган да, ал телефондон “атам сени башка балдары бар деди” деп ыйлайт. Баланын ыйы канчалык оор экенин эне гана билсе керек. Өлсөм да балдарымдын жанында эле болоюнчу деп кайра келдим.

Үйдө эшиктердин өзүндө кулпу болот го, жолдошум “бирөө артымдан аңдып жүрөт” деп ар бир эшикке кошумча дагы 2-3төн кулпу салат. Кээде туруп “сен мени жакшы карабайсың, апам айнектен келип кулагыма суу куюп кетти” дейт. Андай учурда күн-түн дебей качам. Бир жолу кызыма суук тийип ооруп калганынан “сен ооруттуң” деп бетке муштаганда мурдум 3 жеринен сынып кетиптир, дагы эс-учумду жоготкон абалда ооруканага түштүм.

“ТУРГАН ЖЕРИМДЕН ЗААРА КЫЛЫП КОЙГОНУМДУ БИЛБЕЙ КАЛАМ”

– Балдарым торолуп калды, өзүм үй алып кутулбасам болбойт деп апамдын жанына Алматыга кеттим. Бир ай өтүп балдарымды көрөйүн деп жалгыз баргандан коркуп сиңдимди, анын жигитин, дагы бир тууганыбызды алып барып үйгө кирбей туруп балдарды чакырып учурашып жаткам. Ошол убакта жолдошум келе калып мага жулунду, ортого түшө калган сиңдимди, анын жигитин уруп жерге жыкты. Мага келе жатканда машинага кептелип эле нес абалда калыптырмын. Тери чыптама кийип жүрдүм эле, колун шилтегилеп жаткан, башкалар келип ортого түшүп ажыратышты. Сиңдим “эже, сизди бир нерсе кылды” деп эле чыркырайт, же мен сезбейм. Анан басайын деп бутум шилтөөгө келбей жыгылып калдым. Бычак менен санга сайгылап салган экен, андан мурун курсак тушума сайып жаткан, тери чыптамадан өтпөй, бутума шилтептир.

Баарыбыз арыз жазганбыз, бирок бир жумадан кийин барсак арыз түшө элек дешти, анан кайра жазсак “үй-бүлөлүк маселени өзүңөр чечишип алгыла” дейт. Баарыбыз коркуп калганбыз, ажырашып, балдарды алып кеткен күндө да ал ата-энеме,бир туугандарыма, кайнене-кайнатама залал келтирет сөзсүз. Апам да ошондон коркуп жатат. Азыр бир нерседен корксом эле бүт денем калчылдап чыгат. Кээде турган жеримден кантип заара кылып койгонумду билбей калам.

“АЖЫРАШАРЫҢ МЕНЕН АЭРОПОРТКО КЕТЕЛИ, АТАМ КАРМАП КАЛБАСЫН...”

– Интернеттен башка запкыга кабылган келиндердин баянын окусам, менин жолдошумдукуна окшош экен белгилери, андай адамдар шизофрения менен оорушат экен. Кайнатама барып “балаңыз шизофрения менен ооруйт окшойт” десем, “билем” дейт. Шизофренияны врач дарылай албайт деп ооруканага алып барбайт окшойт. "Молдолорго алпарганда же жакшы болуп кетет же, тескерисинче, оорусу күчөп кетет экен. Күчөп кетсе анан эмне кылабыз? Андан көрө сен өз күнүңдү көр, балам” деди.

Азыр улуу балам 5-класста, ортончусу 3-класста окушат, кызым 4кө чыгып калды. Мени сабап жатканын көрүп улуу баламдын көңүлү калган да, азыр телефондон сүйлөшсөм “апа, ажырашсаң мен сени менен кетем. Бирок ажырашарың менен аэропортко кетели, атам кармап албасын” деп коркуп турат. Жолдошум азыр таксист болуп иштейт. Балдар мектепке, бала бакчага барышат, болду, башка эч ким менен сүйлөштүрбөйт. Мен Бишкекке келген сайын, алыстан болсо да караандарын көрсөм жок дегенде деп көчөдөн жашырынып акмалайм.

Учурда юридикалык, психологиялык жардамга муктажмын. Ал адам мага, жакындарыма зыян келтирбей тургандай, балдарымды чет өлкөгө алып кетүүнүн жолу бар бекен издеп келем.

Мунун баарын эмнеге айтып отурам, менин тагдырымды эч ким кайталабасын дейм. Биз, аялзаты, кордук көргөн убакта да эч ким бизди коргой албайт, “карга карганын көзүн чокубайт” экен. Андыктан турмуш курганда башканын сөзүнө кирбей, өзүңөр гана ойлонуп чечим чыгаргыла дейт элем.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (58)
MarJane
2018-09-12 11:25:39
Башында эле ажырашыш керек болчу...Бир жолу колу тийген эркек омур бою сабайт...Тируу оюнчук кылып алган турбайбы...Бир куну олтуруп койот
+3
aimai
2018-09-12 14:35:50
shizofrenik taksist ujas kudai saktasin
+3
mmiram
2018-09-12 15:12:33
шизиктер сот жообуна тартылбайт даа
+3
Tiken
2018-09-12 22:00:56
Эми азыр илгерки заман эмес го бырылдап баарына чыдай бергидей...
+4
vikidiki
2018-09-12 22:01:15
Шизофрения болсо анда закон иштебейт буларга. Короче Эмир менен Нихан да.
+3
faraon312
2018-09-13 11:37:58
Акыл-эси ордунда болгон киши мындай нерсе кылбайт. Эгер мунун баары чын болсо, анда бул күйөөсү адам эмес же ортолорунда бир сыр бар...
+2
Chagylgan2
2018-09-13 11:55:30
Адамда баш болсо ойлонуу керек. Али уйлонбой жатып уруп жатса тийбей кою керек болчу, эркек тугонуп калгансып тийип албай. Уруп баштаганда эле ажырашып кетиш керек болчу милицияга арыз жаздым, прокуратурага арыз жаздым деп журо бербей...

0
Kgda
2018-09-13 16:47:08
Бир жолу бар. Уу ичирип коюуун керек кутуласынар.
0
warcaw
2018-09-13 21:07:40
Оорукчан адам экен,туура эле түшүнөлү,акыл ээси жайында адам анчалык кордук көрсөтпөсө керек эле
0
Sezimim...
2018-09-14 13:18:08
Бул келинби,башкасыбы баары бир дагы бир аялзатына ушул кордукту корсотмок "таш боор"эркек
+1
bond02
2018-09-15 15:05:22
Куйоосун срочно UFCге жонотуш керек экен.
+1
binur5
2018-09-16 10:47:21
бироонун турмушун жомок кино дейсинер да туугандар беш кол тен эмес ушул келиндин куйоосуно окшогон алсыз эркектер арабызда бар жок эмес зокур экен байкуш Келин балдарым деп жашап журуптур да.
+2
Anzhela
2018-09-16 23:11:32
Куйоосу ХХХ даана, псих больницага жаткырыш керек же болбосо камаш керек Буга окшогондорду
+1
talaa11
2018-09-29 03:23:46
Ушундай дагы эркек болобу алсыз аялга кол которгон?мен келинчегимди тил менен урушуп алып унуткуча кыйнала берем конулун оорутум койдум деп
0
TAYNAYA
2018-10-26 02:49:38
куноо озундо деген акелерин да тупой экен да
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан