ҮЙДҮ ТОНОО ҮЧҮН КИРГЕН КЫЛМЫШКЕРЛЕР БҮТ ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮН ӨЛТҮРҮШКӨН

Бул сапар мындан бир топ жыл мурун болгон оор кылмыш тууралуу маалымат берүүнү эп көрдүк. Анда үйгө кирген кылмышкерлер үй ээлерин кыйнап өлтүрүп, баалуу буюмдарын алып кетишкен. 1 жумадан кийин кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектелип 3 жигит кармалган. Дагы бирөөсү из жашырып кетип, дале кармала элек.

“АР БИРИНЕ 20-30ДАЙ ИРЕТ БЫЧАК САЙЫЛГАН”

Көп жылдар бою кылмыш иликтөө тармагында иштеген Нурбек Жолоев мындан 13 жыл мурда болгон оор кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мен 2005-жылы болгон оор кылмыш тууралуу айтып берейин. Анда үй-бүлөнүн 3 мүчөсү өлтүрүлгөн эле.

2005-жылдын 28-апрелинде бизге Жалал-Абад шаарындагы Достук кичи шаарчасында оор кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түштү. Мен ал убакта Жалал-Абад ОИИБинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары элем. Биз эртең мененки саат 7лер чамасында барып үй ээси Талипжон Саксонов жана анын аялы Шарипа Султанованын жансыз денелери жатканына күбө болдук. Алгачкы кароодо эле алардын өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү көрүнүп турду. Үйдүн ичи, короосу бүт кан экен. Белгисиз кылмышкерлер үй ээлеринин колу-буттарын зым, скотч менен таңып, кыйнап, ар бирине 20-30дай ирет бычак сайып өлтүрүшүптүр.

Ошол эле күнү саат 12-1лер чамасында үй ээсинин Дэу Нексия унаасы Жалал-Абад шаарынын автобекети тарапта терек сүзгөн абалда табылды. Бирок унаада эч ким жок болгон.

Үй ээлеринин уулу жок болуп чыккандан кийин андан да шек санай баштадык. Бирок кылмыш болгондон 2 күндөн кийин шаардын четиндеги токойчодон үй ээсинин уулу Умид Султановдун муунтуп өлтүрүлгөн денеси табылды.

“СӨЗДӨРҮНӨН ЖАҢЫЛЫП КАРМАЛЫШТЫ”

– Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдар тобу тарабынан, каракчылык менен коштолгондо, адамды барымтага алуу менен коштолгондо, пайда табуу максатында, уюмдашкан топ тарабынан 2 же андан көп адамды, өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) жана 169-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышты ачууга жалпы 20дан ашуун опер кызматкер тартылып, иш алып бардык. Бирок эч бир илинчек чыкпай жатты.

5-6 күндөн кийин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Гусеин Алиев экөөбүз сүйлөшүп турганбыз, өзүбүздүн кызматкерлерден кылмыш болгон түнү Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде массалык мушташ болуп, мушташ учурунда бир жигиттин бутуна бычак сайылганын угуп калдык. 19-20 жаштардагы 7-8 жигит мушташыптыр, бирок бычак жеген жигит арыз жазбай коюп, баарын коё берип жиберишкен экен.

Гусеин Алиев кафе уурдалган унаа авария болгон жерге жакын жайгашканын, мушташта да бычак сайылганынан окшоштук таап, бизге "кафеде бычак сайган жигиттер менен жакшылап иштеп көргүлө" деди. Ал жигиттерди биз кылмыш болгондон кийин кармап келип суракка алганбыз, анда билбейбиз деп коюшкан эле.

Бычак сайган жигиттердин экөөсүн үйүнөн кармап алып келип, дагы сурак ала баштадык. Алгач экөө тең моюнуна албай жатышты. Бир убакта жооптору эки ача чыгып, мурда айтканын башкача айтып сөздөрүнөн жаңыла башташты. Ошентип отуруп акыры 3 кишинин өлүмү боюнча кылмышка катыштыгы бар экендигин моюндарына алышты. Алар айткан дарекке барып, кылмышка шектүүлөрдүн дагы бирөөсүн кармадык. Ошондой эле анын үйүнөн далил буюм катары маркумдарга тийиштүү алтын буюмдар табылды.

“ҮЙҮНДӨ АКЧА БАР ЭКЕНДИГИН БИЛИП КИРИШКЕН”

– Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кылмыш төмөнкүчө болгон экен. Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Шерзод Батыров Хуршид Кадыров, Фарух Абдужапаров жана Хамид Халилжанов аттуу кылмыштуу шериктери менен биригип, кылмышка баруу боюнча алдын ала сүйлөшүшөт. 2005-жылдын 27-апрелинде төртөө дүкөнгө кирип, спирт ичимдиктерин ичишет. Андан соң бычак, оюнчук тапанча жана таяктар менен куралданышып, Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасындагы Талипжон Саксоновдун үйүнө барышат. Кылмышкерлер бул үй-бүлөгө коңшу жашашчу, ошондуктан алар Саксоновдордун үйүндө акча бар экендигин билишкен. Шарипа Султанова базарда алтын буюмдарды сатып иштечү.

Кечки саат 9дар чамасында дарбазасын такылдатышканда үй ээси Талипжон Саксонов эшикти ачат. Төртөө кирип барышат да, Хамид Халилжанов ошол замат Саксоновго бир нече ирет бычак сайып жиберет. Саксонов жыгылып калганда төртөө үйдүн ичине кирип, бөлмөсүндө отурган Шарипа Султанованын уулу Умид Султановду сабап киришет. Ошол убакта үйдүн сыртындагы бастырмага чыгып келген Шарипа Султанованы Хуршид Кадыров оюнчук тапанча менен коркутуп, акча берүүсүн талап кылат. Султанова каршылык көрсөткөндө Кадыров колундагы таяк менен сабап кирет. Султанованын жардам сурап кыйкырган үнүн уккан коңшусу келип дарбазаны каккылайт. Кылмышкерлер Султанованы коркутуп, ага коңшусуна “баары жайында” деп айттырууга мажбур кылышат. Ошентип коңшусу үйүнө кетип калат.

“УУЛУН 1 КҮН БАРЫМТАГА АЛЫП ЖҮРҮП, АНАН МУУНТУП ӨЛТҮРҮШКӨН”

– Кылмышкерлер Султанованы төркү бөлмөгө, Саксоновду кире бериш бөлмөгө көтөрүп киргизишет. Кылмышкерлердин экөөсү Саксонов менен Султанованын колу-бутун телефондун зымы менен байлап, ооздорун скотч менен таңышат. Экөөнү моюнуна дагы бир нече ирет бычак сайып өлтүрүшөт. Андан соң үйдүн ичин тинтип, акча жана көптөгөн зер буюмдарды таап чыгышат. Андан сырткары үй ээлеринин кийим-кечелерине чейин чогултушкан. Карактаган буюмдарынын баарын үй ээсинин Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаасына салышып, Умид Султановду коркутуп айдатып кетип калышат. Бир топ жүргөндөн кийин Хуршид Кадыров рулга отуруп, айдап баратып башкара албай калып жолдун четиндеги бакты сүзүп алат. Унааны таштап, алар жакын жердеги кафелердин бирине кирип тамак ичишет. Анан ошол жерде отурган башка жигиттер менен уруша кетишип, алардын биринин бутуна бычак сайып салышкан. Чакырылган милиция кызматкерлери мушташка катышкандарды кармайт. Бирок жабырлануучу арыз жазбай коюп, баарын коё беришкен.

Тонолгон алтын буюмдарды сатуу максатында эртеси кылмышкерлер Умид Султановду кошо өздөрү менен чогуу алышып, Ош шаарына чыгышат. Ош шаарынан алтын буюмдарды сата албаган кылмышкерлер кечке жуук кайра Жалал-Абад шаарына кайтып келишет. Шаардын Спутник кичи шаарчасына барганда дүкөндөн спирт ичимдигин алып ичишет. Андан соң Султановду төртөөлөп сабап, өзүнүн бут кийиминин боосун чечип алып муунтуп өлтүрүшөт.

Хуршид Кадыров, Фарух Абдужапаров жана Хамид Халилжанов кармалып, кылмыштарын моюндарына алып, сот жообуна тартылышкан. Ар бири 20-25 жылдан эркинен ажыратылган. Ал эми Шерзод Батыров из жашырып кетип, ушул күнгө чейин кармала элек.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
gulmira96
2018-09-11 12:38:07
Ал кылмышкер эркиндикте дагы канча деген адамдарды тоноп олтуруп жургонун ким билет?
+2
Seyitira8186
2018-09-11 13:23:56
Тооба .адамдар ушунчалык мыкаачы болушабы.окуп алып коркуп кеттим
+6
Jelezo
2018-09-11 14:34:16
Өлүм жазасын киргизиш керек,демократияны тутунган Америкада деле өлүм жазасы бар ушуга окшогон мыкаачыларды 20 жылдап элдин акчасына багып кайтарып жатабыз.
+9
Siren.ms
2018-09-11 20:03:15
баары Озбектерго бул 2005 жылкы кылмышты эмнеге ыгарышты кайра жабылган эмеспи дагы деле
+4
Pandora
2018-09-11 20:40:25
Жаш эле балдар неге мынча мыкаачы болуп кеткен? Чындап эле ошолор жасаган ишпи же уруп мойнуна алдыртканбы? баласы да лохпу же коркуп калганбы? Базар аралаптыр,кафеге барыптыр ал жерге милиция кызматкери келиптир ошондо да жардам сурап кайрылса болмокда.
+6
Dilbaranurdinova
2018-09-12 01:08:29
12 жылдан кийин чыгып дагы олтургондон танбайт бул айбандар
+1
xnurgul_gul
2018-09-12 01:18:10
Окуп атып кадимкидей коркуп кеттим. Апалар бекер айтпаганда олуктон коркпой,тириктен корк деп.
+3
Kgda
2018-09-12 03:02:07
Коншусу келгенде кыйкырса болмок олтуруп атат жардам бергиле деп.
+5
binur5
2018-09-14 10:30:52
Адамдар мынча мыкаачы болуп баратышат бир келген омурдо жакшы жашаганга укуго жокбу эмнеге бироонун байлыгына кызыгышат тооба эй канчалаган адамдар оздорунун тапкан байлыгынын артынан олуп жатышат
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан