Күркүрөгөн күз мезгили кирип келди. Алдыда бизди эмнелер күтөрү астролог Жанар Кадыралиевдин божомолун сунуштайбыз.
САЯСАТ, КООМ
Октябрь, ноябрь айларында айрым саясатчылардын кезектеги нааразычылыктары байкалат. Бирок билинерлик таасир көрсөтө алышпайт. Эч ким эч кимге ишенбеген убак. Жалпысынан айтканда, коом тынч болот.
КЫРСЫКТАР
Жол кырсыктары 12-ноябрдан 12-декабрга чейин көп катталат. Жолго чыгарда унааны техникалык текшерүүдөн өткөрүп алууңуз зарыл. Болбосо жолдо бузулуп, барчу жериңизге кечигип жетесиз. Ылдамдыкты белгиленген чектен ашырбай айдоону унутпаңыздар!
12-ноябрдан 12-декабрга чейин ошондой эле:
• Товарлар жөнөтүлгөн пунктка кечигүү менен жетет.
• Темир жол, авиакаттамдарына рейстер 4-5 саатка чейин кармалат.
• Электрондук приборлор: телевизор, радио, телефондор, компьютер, канцеляриялык жабдуулар көп бузулуп, интернет үзгүлтүккө учурап, көйгөйлөр жаралат.
КАРЖЫ
Кыргызстанда доллардын, рублдун курстары акырындап өзгөрбөстөн, күтүүсүз өзгөрүүлөргө туш болуп турат. Алдын ала сактанып чоң суммадагы акчаларды алмаштырып кирүүнүн кажети жок. Доллардын курсунун дээрлик жогорулап кетүү ыктымалдуулугу төмөн. Чыгымдарга учурабоо үчүн топтогон акчаңызды жайына койгонуңуз оң.
ЖУМУШ, КАРЬЕРА
Сентябрь, октябрь айларында жана ноябрь айынын биринчи он күндүгүндө жумуш жакшы жүрөт. Ноябрдын 20сынан баштап декабрдын 15ине чейин жумушуңузду жоготпой сактап калууга аракет жасаңыз. Башка жаңы жумушка которулууну самабай туруңуз. Анын айлык акысы төмөн, иштөө шарттары оор болушу мүмкүн. Же сизге мурда айтылбаган кошумча талаптар ачыкка чыгып, кетүүгө аргасыз болосуз.
Карьерага умтулгандар да жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында күтүү абалында болгондору дурус.
ҮЙ-БҮЛӨ
Күздүн биринчи жарымы (1-сентябрдан октябрдын жарымына чейин) незинен жагымдуу өтөт. Үй-бүлөлөрдө ынтымак өкүм сүрөт. Ата-энелерди балдарынын ийгиликтери кубантат. Күз мезгилинин экинчи жарымында айрым үй-бүлөлөрдө чыңалуу абалы жаралат. Андыктан үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине түшүнүүчүлүк менен мамиле кылуулары зарыл.
ДЕН СООЛУК
Сентябрь айында көпчүлүк адамдардын ден соолугу, энергетикалык абалдары жогорку деңгээлде болот. Оору-сыркоолор коркунуч туудурбайт. 20-октябрдан 30-ноябрга чейин ден соолукка жакшылап көңүл буруңуз. Сасык тумоо күч алып, өнөкөт оорулар козголот. Жеке гигиенаны сактап, спорт менен машыгып, ашыкча тамактануудан, спирт ичимдиктеринен оолак болуңуз.
СҮЙҮҮ, СУЛУУЛУК
Венера планетасы 6-октябрь күнү Кыргызстан убактысы боюнча түшкү саат 2ден баштап 16-ноябрга чейин кезектеги кетенчиктөө кыймылын баштайт. Венера сулуулуктун, сүйүүнүн, кооздуктун, эс алуунун планетасы болгондуктан, бул убакыт аралыгында кымбат буюмдарды, кийимдерди, алтын жасалгаларды алууга болбойт. Алган нерсе адамга тез эле жакпай калышы мүмкүн. Эгер өткөзүп акчасын алам десеңиз акчаңызды оңою менен кайтарып беришпейт. Үй, кеңселерди жасалгалоого да ылайыксыз мезгил. Катачылыктар кетет. Пластикалык операцияларды жасатпоо керек. Сүйгөн адамыңызга мүмкүн болушунча аз жолугуңуз. Көп адамдарда эски сүйүүсү менен кайрадан жолугушуп калуу ыктымалдуулугу жогору.