8-сентябрь күнү Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жабылып, бул оюндарды 2020-жылы өткөрүү жоопкерчилиги Түркияга берилди. Биринчи жолу оюндар Кыргыз өлкөсүнөн башка жерде өтмөкчү.
ТАЛАС БЕГАЛИЕВ КАЗАКТАРДЫН НАМЫСЫН ОЙГОТТУ
Казактар да көкпар ойношот, аларда да тай казан жок. Алар «тай казан аттарга да, улакчыларга да жаракат алуу коркунучун туудурат» деп айтып келишет. Ал арада Казакстандын Көк бөрү федерациясынын президенти «Көчмөндөр оюндары олуттуу мелдеш эмес» деп баалап, ушундан улам экинчи курамды жибергенин айтып өттү.
Кыргыз өлкөсү ар бир команданы аттар менен камсыздап, атүгүл формасына чейин берет. Кыргыз улакчылары бул оюндарга 1 айдан ашык даярдык көрүшсө, айрым курама командалар 2-3 күн даярданып калышканы маалым болду. Бул алардын Көчмөндөр оюндарын олуттуу түрдө кабыл албаганынан кабар берет.
Оюндардан соң көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу Өзбекстанда 2019-жылы өтөт деген маалымат тарады. Бирок буга чейин дагы сүйлөшүүлөр орун алары белгилүү болду.
АТААНДАШТЫГЫ ЖОК ОЮНДАР
Финалдык беттеште Өзбекстан Кыргыз тарапка эч кандай туруштук бере алган жок. Биринчи бөлүктө эле эсеп саны 12:0 болуп кетти. Оюн соңунда 32:9 эсеби катталды.
Оюндан соң курама команданын чабуулчусу Рустам Тыналиев «Оюндарда, өзүңүздөр байкагандай, күчтүү атаандаштык болбой калды. Бирок өзбек көк бөрүчүлөрү 2-3 жылдан кийин алдыңкы мыкты командалардын санын толукташы мүмкүн»,- деген пикири менен бөлүштү. Ал эми кураманын дагы бир оюнчусу Манас Ниязов оюн боюнча: «Моокум канды. Оюндар мыкты эле болду. Бирок финалда биз башка команда менен беттешүүнү күткөн элек»,- деди.УЛУУ КӨЧМӨН БАЛБАН – СУМОЧУ
Бул күрөш түрүнө эки кыргыз балбаны катышты. Кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчү Тилек Куралов менен ашыртмалы аба күрөшү боюнча жеңүүчү Нурбек Кожобеков. Тилекке каршы, экөө тең финалга жете алган жок.
Беттештерде пахлавани же иран күрөшү боюнча чебер Саде Шадехзаде өзгөчөлөнүп, финалга аттанды. Экинчи финалчы Орусиядан келген Моңгуш Айдын болду. Ал сумо боюнча жеңүүчү эле. Финалда негизги бөлүктө жеңүүчү аныкталбай, кошумча бөлүктө Моңгуш Айдын жеңиштүү ыкма жасай алды. Ошентип улуу көчмөн балбаны сумочу болду. Жеңүүчү катары ага 1 миллион сом байге жана тулпар тартуу кылынды.Жабылуу аземи:
ТОП ЖАРГАН "ЧЫҢГЫЗХАН", БИЙГЕ ТҮШКӨН КӨРҮҮЧҮЛӨР
8-сентябрь күнү Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү. Ага өлкө башчысы катышкан жок. Анын ордуна өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келди. Ал кыргызча, орусча гана эмес, англис тилинде да сөз сүйлөдү. 3 тилде сөз айтканы бир канча убакытты алды. Ортодо көрүүчүлөр ичинен «партиянын съездинде сүйлөп жаткандай эле болуп жатат», «эртелетпейби» дегендер чыкты. Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда Көчмөндөр оюндарынын символу катары көөкөрдөгү мөңгү сууну Түркиянын маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Йерликаяга тапшырды.
Иш-чаранын жабылыш аземи концерттик программа менен уланып, анда жергиликтүү эле эмес, чет элдик ырчылар да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Румыниялык «Akсеnt», германиялык «Чыңгызхан», орусиялык «Корни» топтору жана башкалар келишти. Алардын мыкты аткаруусу жана динамикалуу ырларын уккан көрүүчүлөр өз орундарында отура албай, бийлөөгө өтүштү...
ОЮНДАР КАЙРА КАЧАН БИЗДЕ ӨТӨРҮ БЕЛГИСИЗ
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө бюджетинен жалпы 307 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары демөөрчү катары жардам берген компаниялар да аз эмес.
Туризмди өнүктүрүүгө мындан көп акча коротулат, Көчмөндөр оюндары бир эле оюндар гана эмес, чет өлкөлүк туристтерди кызыктыра алчу таасирди калтырды. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өттү. Буга бир дагы орой же башка мүчүлүштүктөр болбогону далил. Медалдар жадыбалында Кыргыз өлкөсү 103 медаль, экинчиде Казакстан 72, ал эми Орусия капчыгына 56 медаль алуу менен үчүнчү орунду камсыздады.
Эми IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү Түркия мамлекетине өткөрүлүп берилди. Эми качан кайра өлкөбүздө өтөрү белгисиз. 2020-жылы өтө турган оюндарга бир эле Түркия эмес, Венгрия жана бир катар өлкөлөр өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов «Көчмөндөр оюндары башка өлкөлөрдө өткөрүлсө да, Кыргыз өлкөсүндө түптөлгөн деген концепция менен өтөт»,- деп билдирди.
3-ирет өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары кезинде бир катар сындарга карабай экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ишке ашканы талашсыз. Жылдардын өтүшү менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө тааныткан эң ири долбоор болгону анык болду.
Адилет Керимбек уулу
Айрым сүрөттөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтынан алынды
sport@super.kg